БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮГӨ БИР ЭЛЕ СУДЬЯ КАРШЫ ЧЫКТЫ

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору 11-октябрда Конституциялык палатада каралды. Алардын милдети – Конституцияны өзгөртүү демилгесинин мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын карап чыгуу эле. 9 судья "Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси мыйзамдуу" деди. Жалгыз гана Эмил Өскөнбаев мыйзамсыз деп, корутундуга каршы добуш берди.

ӨСКӨНБАЕВДИН КАРШЫ ЧЫГУУСУНА ЭМНЕ СЕБЕП БОЛДУ?

Анын каршылыгынын негизги себеби – 114-берененин сакталбагандыгы болгон. Аталган берене боюнча Баш мыйзам 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүлбөшү керек эле. Ал эми учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору бул беренеге каршы келип, "мыйзам бузулуп жатат" деген оюн айткан. Баш мыйзамды өзгөртүү – учурда өлкөнү башкарып жаткан топтун бийликте калышын гана камсыздайт деген пикир коомчулуктун тынчын алып турган учуру. Бийликтин эркине жалгыз каршы чыккан судья Өскөнбаев кайсы бир шылтоо менен эми кызматтан бошотулушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда. Мисалы, Клара Сооронкулова өңдүү. 2015-жылдын июнь айында судья Клара Сооронкулова биометрикалык маалыматтарды жарандардын эркине каршы чогултуп, "өздүк маалыматтарын тапшыргысы келбеген жарандарды шайлоого киргизбөө адамдардын укугун бузат" деген каршы пикирин айткан болчу. Аталган маселе дагы Конституциялык палатада каралган. Судьянын каршы пикири анын кызматтан бошотулушуна негизги себеп болуп берген. Парламент бул маселени добушка коюу менен Сооронкулованы мөөнөтүнөн мурун жумуштан бошоткон. Ошол учурда да Өскөнбаев Сооронкулованын кадамын туура экенин белгилеп, колдоого алган.

ЭМИЛ ӨСКӨНБАЕВ КИМ?

Эмил Өскөнбаев 1964-жылы Нарын облусунда туулган. Ал Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган соң эмгек жолун 1986-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районунун сотунда стажёр болуудан баштаган. 1987-1993-жылдар аралыгында прокурордун жардамчысынан баштап Башкы прокурордун өзгөчө буйруктары боюнча улук жардамчысына чейин көтөрүлгөн. 1993-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бөлүм башчысы, кийинчерээк аппарат жетекчиси болуп дайындалган. 1995-жылы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы пикирин айтып, өз каалоосу менен кызматтан кеткен. 2011-жылга чейин менчик юридикалык компанияда директор болуп иштеген. Ошол жылдын 15-августунан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына судья болуп шайланган.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТОН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАГА КАРАЙ ЖОЛ

Ал эми Конституциялык палатанын тарыхына кайрылчу болсок, буга чейин бул орган Конституциялык сот деп аталган. Бул орган Баш мыйзамдын эрежелерин бузуу менен 1998-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин үчүнчү мөөнөткө шайлануусуна жана 2009-жылы Бакиевдин бийликти бир колго топтоосуна шарт түзүп берген. Натыйжада 2005-2010-жылдагы элдик көтөрүлүштөр келип чыккан. Ушул сыяктуу жүйөлөрдөн улам Убактылуу өкмөт 2010-жылдын 27-июлунда референдум өткөрүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган. Буга ылайык, Конституциялык сот жоюлуп, 2013-жылы Жогорку Соттун Конституциялык палатасы түзүлгөн. Мындай кадамдар менен азыркы бийлик кайрадан Акаев менен Бакиевдин каталарын кайталай баштады. 2020-жылга чейин эле депутаттардын демилгеси менен Баш мыйзамды өзгөртсө болот деп корутунду чыгарып берген 9 судья кийинки муундарга "туура кылганбыз" деп далилдей алышабы?

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан