SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

13-октябрь:
МАКСИМ БАКИЕВ БИЙЛИКТИН КАЙСЫ АЛСЫЗ ЖЕРИН ТАПТЫ?

Улуу Британиянын Лондон сотунда качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон «Хикман энд Роуз» юридикалык компаниясы "кыргыз тарап Максим Бакиевге каршы жазган доо арызын кайтарып алды" деген билдирүү таратты. Британиялык тараптын маалыматынан 1 суткадан кийин кыргыз өкмөтү "Ишти токтотуу жөнүндө билдирме Кыргыз Республикасынын Максим Бакиев боюнча доо арызына залалы тийбегидей болуп берилген. Айрым процессуалдык жагдайлар такталса, иш улантылат. Максим Бакиевге карата доо арызды артка кайтарып алуу – анын соттогу жеңиши эмес" деп жооп кайтарып, коркунучтуу эч нерсе жок экенин түшүндүргөн болду. Эл аралык ММКларга жарыяланган маалыматтарга таянсак, Максим Бакиев жөнөкөйлөтүлгөн тартипте соттук териштирүү тууралуу өтүнүч келтирүүгө даяр экенин билдиргенден кийин кыргыз тарап доо арызын кайтарып алган. «Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте сот өндүрүшү» деген термин «айыпталган тарапта өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө талашсыз далили бар» дегенди түшүндүрөт. Максим Бакиевдин соттогу өкүлүнүн «Фергана» басылмасына берген маалыматына таянсак, качкын президенттин уулу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга документ даярдап жатат. Бакиевдин соттогу билдирүүсү кыргыз бийлигинин кайсы алсыз жерине тийди?
Кыргыз өкмөтү Лондондо Бакиевди 20 миллион фунт стерлинг (1 миллиард
697 миллион 420 миң сом)
суммасындагы каражат уурдаган деп айыптап келет. Аны соттон далилдөөгө чамасы жетер-жетпесин убакыт көрсөтөт. Азыркы кырдаал Лондон сотунда Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо аксап, Максим Бакиевди жактаган британиялык юридикалык компания артыкчылык кылып жатканынан кабар берет. Ошентип кыргыз өкмөтү соттон утуп чыгып, «Максим Бакиев уурдады» делген 1,6 миллиард сомду казынага кайтара алары күмөн жаратты. Бакиев өзү: «Мен Улуу Британияга 2010-жылы атамдын бийлигине каршы аскердик төңкөрүштөн кийин келгем. Ошондон бери Кыргыз Республикасындагы жаңы бийликтин саясий өч алуусунун курмандыгымын»,- дейт. Аталган доо арыздын кайтарылып алынганын быйыл жазында депутат Эльвира Сурабалдиева айтып чыгып, бирок өкмөт маалыматты четке каккан эле. Айтор, кыргыз өкмөтү жүдөп жатат...

14-октябрь:
ОРУСИЯ МЕНЕН МАМИЛЕ МУЗДАСА, БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ МИГРАНТТАР ЖАБЫРКАЙТ

Президент Алмазбек Атамбаев көп жолу Түркия жана Орусия Кыргыз мамлекетинин негизги стратегиялык өнөктөшү экенин айтып келген. 12-октябрдан тарта ажо ошол стратегиялык өнөктөштөрү менен салкын мамиледе болгон өлкөлөргө, тагыраагы, Орусия менен тирешип келген Грузияга жана Түркия менен ымаласы келишпеген Арменияга сапарлап кетти. Мамлекет башчынын бул визиттерин Өмүрбек Текебаев: «Түрктөр «душман» деп элдешпей жүргөн Арменияга Атамбаев барганы жатат. Эми Кудайдан бир тилегеним, армяндар геноцидинин эстелигине гүл койбосо эле болду. Андай болсо, түрктөр менен биротоло кол үзүшөбүз»,- деп сынга алган. 13-октябрда президент Атамбаев Тбилисидеги Грузиянын биримдиги үчүн курман болгондордун, 2008-жылы Түштүк Осетияда орун алган Орусия менен болгон куралдуу кагылышууда курман болгон Грузиянын жарандарынын ысымдары чегерилген эстеликке гүл койду. Грузиянын курамынан чыгып кеткен Абхазия жана Түштүк Осетия көз карандысыздыгын жарыялашкан жана Орусиянын колдоосундагы аймактар болуп эсептелет. Президенттин бул кадамын айрымдар Кремлден тайманбастык катары баалашса, айрымдар «Орусия менен мамиле муздайт» деп божомолдошууда. Аталган өлкөгө болгон сапар блоггер жана журналисттик чөйрөгө да жем таштады. Тбилисиде президент Атамбаев Кыргыз Республикасы укук коргоо тармагын реформалоодо Грузиядан үлгү алышы керектигин айтты. Буга жооп катары журналист Эрнис Кыязов өлкө башчы Атамбаевге 5 жылда реформа жасоого эмне тоскоолдук кылганын сурап интернет аркылуу кайрылды. «Каалаган мыйзамыңызды өткөрүп алууга парламент, каалаган реформаңызды аткартууга өкмөт, юридикалык мандемдер болсо кыңк этпей жасаттырууга сот, элге өз позицияңызды каалаганча жеткирүүгө маалымат каражаттары колуңузда болду. Эл билбеген, сиз билбеген сырларды астыңызга алып келип жая салган УКМК, тентектерди жазалоого милиция, күч органдары, армия колуңузда турду. Ажолук кызматка киришкен жылдары "кескин реформаларды жасоого акаевчилер, бакиевчилер дагы эле бут тосуп жатышат" деген мааниде кыңырылчу элеңиз, азыр айланаңызга өңчөй акаевчилер, бакиевчилер топтолуп алып, бир кездеги идеялашыңыз, досуңуз Текебаевге каршы согуш ачкан "реформаңыздын" маанисин өзүңүз деле түшүнбөй калдыңыз болуш керек...»- дейт Кыязов.
Арменияга Алмазбек Атамбаев бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышуу үчүн учуп барды. Грузиядагы эстеликке гүл коюлган соң армяндардын геноцидинин эстелигине гүл коюлбайт деп айтуу да кыйын. Тышкы саясат айрыкча Кыргыз мамлекети тарабынан аяр, ийкем жүргүзүлүшү керектиги түшүнүктүү. Туура эмес жүргүзүлгөн тышкы саясаттын кесепети саясатчылардан мурун жумушсуздук күч алган Кыргыз жеринен Орусияга, Түркияга иштеп кеткен карапайым жарандарга тиет...

17-октябрь:
БИЛИМДЕН ДАҢКТЫ ЖОГОРУ КОЮУ «ЭКОНОМИКАЛЫК КЕРЕМЕТТИ» ЖАРАТПАЙТ

Өкмөт өткөн жума күнү жааган кардан кабарсыз калган көрүнөт. "Жылдын аягына чейин 64 мектептин курулушун аягына чыгарууну пландап жатабыз",- деди бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев. Депутат Садык Шер-Нияз: "2 айдын ичинде 64 мектепти куруп бүтөсүңөрбү? Күлкү келерлик",- деди. «Жер-Үй» кенин иштетүүгө лицензия сатуудан түшкөн каражатка 100 мектеп курулат деген план болгон. Бирок 8 мектеп гана курулду. Эске салсак, «Жер-Үйдөн» түшкөн
100 миллион доллар мектептерди курууга эмес, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолун оңдоого жумшалып кеткен. Өкмөт бул каражат убактылуу алынганын, кийин орду толукталарын айткан. Бирок каражаттын жоктугу жогорудагы 64 мектептин курулушу октябрдын орто ченинде дале бүтө электигинен, кыштын кыраан суугунда курулуп бүтөт деген куру убададан билинип турат. Жетишсиздик бир гана мектептерде эмес. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, өлкө ичиндеги мектептерге 12 миллион китеп керек. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргыз мамлекетинде 1 миллионго чукул окуучу бар. Демек, ар бир окуучуга орточо 12 китеп жетишпейт. Экономикада "экономикалык керемет" деген түшүнүк бар. Кыска убакыттын ичинде жакыр өлкөлөрдүн өнүккөн дөө-шаа державалардын катарынан орун табуусун ушинтип аташат. "Экономикалык кереметти" жаратуунун бирден-бир фактору – бул калкынын билимдүү болуусуна мамлекеттин акча аябагандыгы. Даңк үчүн оюн-зоок өткөрүүнү келечекке таасирин тийгизе турган муундун билиминен жогору койгон кыргыз бийлигинин ой-жүгүртүүсү эч бир акылга сыйбайт...

18-октябрь:
УКМК ПРЕЗИДЕНТТИН ЖЕКЕ МЕНЧИК КОНТОРАСЫБЫ?

Бизде жеке адамга сыйынуу, мамлекетти, мамлекеттик мекемелерди өлкө башчысынын жеке менчигиндей көрүү илдети абдан жайылып кеткенин депутат Ирина Карамушкина дагы бир ирет далилдеди. Жогорку Кеңеште улуттук коопсуздук мекемелери жана массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдар каралып жатканда депутат УКМКнын өкүлүнө суроо салды. "Акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарында, интернетте президентке карата сын күчөп кетти, алардын айрымдары мазактоого да өтүп кетишет. Буга кандай карайсыңар? Мындай мүнөздөгү маалыматтар өлкөнүн коопсуздугуна таасир береби?"- дейт депутат. КСДПнын өкүлү мамлекеттин коопсуздугу – Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу, мамлекеттин тынчтыгы – президенттин тынчтыгы деп түшүнөт көрүнөт. Эл өкүлүнө УКМК жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыковдун берген жообу мындан да "кызыктуу" болду. "Президент, желек жана гимн – мамлекеттин символу, андыктан аларды шылдыңдагандар жазаланышы керек",- дейт ал. Ал эле эмес, УКМКнын ар бир өкүлү бул боюнча комплекстүү түрдө иш алып барып жатканын да билдирди. Демек, азыр УКМКнын ар бир кызматкери президентти ким жамандап жатканын аныктоо аракетинде. Бул логикадан алып карасак, Акаев президент кезинде Акаевди, Бакиев президент кезинде Бакиевди сындап, сөз менен чымчыбашыбыз керек эле. Учурда бийликте отургандар аларды көз ачырбай сындап жүргөндөрдүн катарында эмес беле? Президентти мазактаганга болбойт, бирок президент, желек, гимндей эле маанилүү Баш мыйзамды каалагандай калчай берүүгө болобу? Дегеле УКМК интернетте ажону ким жамандап жазып жатат деп иликтей турган мекемеби? Ал мамлекеттин, улуттун коопсуздугун камсыз кылуусу керек эмеспи? Мындай сөздөрү менен УКМК жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдун кебинин жөнү бар экенин да далилдеди. Эдил Байсалов президентти сындап жаткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн ар кандай шылтоолор менен камакка алуу аракети жүрүп жатканын айтып маалымат жыйын өткөргөн эле. Ошондо ал президентке кайрылуу жолдоп, "биз сиздин коопсуздугуңузду камсыз кылуу менен алек болгон УКМКңызга, прокуратураңызга ишенбейбиз" деген...

19-октябрь:
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ, КОНСТИТУЦИЯ ЖОГОЛДУ!

Кыргыз Республикасынын 2010-жылкы Конституциясынын түп нускасы кайда экени табышмак. Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Баш мыйзамдын түп нускасы кайда деген сөз болду. Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Конституциянын түп нускасы мыйзам боюнча президенттик администрацияда сакталарын, өзү жетектеген министрликте жок экенин айтса, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттик аппаратта да документтин түп нускасы жок экенин маалымдады. Мамлекеттин таянар жалгыз документинин түп нускасын сыйпалап таппай калышты. Ага карабай Баш мыйзамдын тагдыры парламентте тездик менен чечилүүдө.
Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. 88 депутат макул болсо, 16 депутат каршы добуш берди. Өзгөртүлгөнү жаткан Конституция элге убадаланган жыргал жашоону алып келе албаса, негизги демилгечилер катасын жигитче моюнга алып, саясаттан кетүүгө даярбы? Демилгечилер Иса Өмүркулов менен Өмүрбек Бабановго ушундай суроо берилип, конкреттүү жооп айта алышпады. Конституциянын жакшы жыйынтык бериши аны иштеткен адамдардан көз каранды болорун, Баш мыйзам алтын тамгалар менен жазылган күндө да аны иштете албаса бекер деген пикирди айтышты. Кеп документте эмес, адамдарда болсо, анда азыркы Конституция менен деле жакшы жашоо курууга мүмкүн экен да? Кеп элди жыргатууда эмес, бийлик маселесинде экенин ошентип улам тастыктап жатышат...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан