КЛЕОПАТРАНЫН МЕКЕНИНЕ САЯКАТ

“Супер-Инфо” сюрприз кылганды абдан жакшы көрөт. Бул ирет гезиттин баалуу белегине “Супердин сулуусу-2009” сынагынын жеңүүчүлөрү ээ болушту. Мурда гезитте жарыялангандай, редакциянын чечими менен сынакта биринен-бири кем калбаган Жамиля жана Бегайым аттуу эки сулуу жеңүүчү болуп, алардын бири Мисирге барып эс алып келүүгө жолдомо алары айтылган. Бирок... Гезит өз чечимин өзгөртүп, 8-Мартка карата белек кылып, эки сулууну тең эс алууга жиберүүнү чечти.

УЗАККА СОЗУЛГАН КҮН
Жумуш, окуу менен убара тартып жүрүп, организмге эс алуу да керек экенин көпчүлүк убакта унутуп жиберебиз. Эмгек өргүүсүнө чыгып, сынактын жеңүүчүлөрү менен Мисирге аттанган мен да абдан чарчаганымды Алматыны көздөй баратканда сездим. Таң ата Алматынын аэропортуна жеттик. Ошентип, эртең мененки саат 10.50дө Боинг 757 учагы абага көтөрүлүп, Азияны Африка континенти менен бириктирип турган Египетти көздөй жол алды. Учактын командири коңур үн менен сыртта абанын температурасы –58 градус экенин, учак Кавказ тоолору, Армения, Түркия, Сирия өлкөлөрүн жана Жер ортолук, Каспий деңиздерин басып өтөрүн билдирди. Ошентип, 5 жарым саат өткөндө Кызыл деңиздин жээгине келип кондук. Шарм эль Шейхтин аэропортунан бизди “Интурист” компаниясынын кызматкерлери тосуп алышты.
Абага көтөрүлгөндө саат 10.50 болчу. Ал эми биз конгондо саат араң эле 12.20 болуптур. Анткени Египет бизден 4 саат артта. Андыктан бизди тосуп алган гид биринчи эле кайрылуусунда сааттарды Мисирдин убактысына ылайыктап жылдырып алууну эскертти. Бизди туристтик фирманын автобусу менен мейманкананы көздөй алып жөнөштү. “Royal Paradise Resort” мейманканасына жеткиче далай конок үйлөрүн, эс алуучу жайларды басып өттүк. Алардын катарында дүйнөгө атагы чыккан “Hyatt” жана “Hilton” дагы бар. Биздин мейманкана Кызыл деңиздин жээгинен орун алып, чоң аймакты ээлейт экен.

ОРУС ТИЛИ
Мисирди көздөй жөнөгөнүбүздө “тил маселесинде кантер экенбиз?” деген санааркоо болбой койгон жок. Бири-бирибизге тамашалай, “болбой баратса, арабдарды кыргызча сүйлөтөбүз” деп күлгөн элек. Көрсө, бизге чейин эле орус туугандар египеттиктерди орусча сүйлөтүп коюшуптур. Отелдеги номерге кирерибиз менен жарыша балконго чыккан үчөөбүз көз алдыга тартылган кооздуктан демди ичке ката саамга туруп калдык. Горизонт менен бирдей чалкып Кызыл деңиз жатат!

АШКАНАСЫ
Египеттин ашканасы кой, уй, тоок эттери менен катар балыкка бай. Ошондой эле алар буурчактардын ар кандай түрлөрүн, күрүчтү, картошканы ашканада кенен колдонушат экен. “Жашылча-жемиштердин көпчүлүгү башка өлкөлөрдөн алынып келинет. Ошентсе да, биз аларды ашканада кеңири колдонобуз”,- деп билдирди биздин гид – Амр. 25 жаштагы бул жигит Мисир президентинин көчөлөрдө илинип турган сүрөттөрүнө карап, “жакында булардын ордун менин сүрөттөрүм басат, анткени мен президент болом” деп тамашалаганды жакшы көрөт.

ФАРАОНДОРДУН КҮМБӨЗДӨРҮ
Мисир деген кепти укканда ар бир адамдын көз алдына пирамидалар тартылса керек. Анан Мисирдеги саякат кантип пирамидаларсыз өтсүн? Айтор, сапарыбыздын алтынчы күнүндө Мисирдин баш калаасы Каирди көздөй жөнөдүк. Дал ушул жол Евразия менен Африка континенттерин бириктирип турат экен. “Интуристтин” кызматкери узун жолду кыскартып, кызык аңгеме баштады. “Ислам өлкөлөрүндөгү мегаполистердин бири болуп саналган биздин баш калаада 20 миллиондон ашуун калк жашайт. Жума жана ишемби дем алыш күндөрү болуп саналат. Каирдин көчөлөрү кең болгонуна карабай, автотыгын биздин негизги баш оорубуз. Кадимки шаарлардагыдай эле көчөлөргө жол чырактар орнотулган. Бирок Каирде жол чыракка караган бир да айдоочу жок”. Гиддин айтканы төгүн эмес экенине бат эле көзүбүз жетти. Көчөлөргө батпай кылкылдаган автоунаалардын айдоочулары чын эле жол чырак менен эсептешишпейт экен.
Унаалардын агымы менен кошо жылып отуруп, алгач Мухаммед Алинин мечитине келдик. Гиддин айтымында, алгач бул жерге кресттүүлөрдүн жортуулунан коргонуу максатында чеп тургузулган. Кийинчерээк заңгыраган чоң мечит курулуптур.
Мечитке ар кандай кийимдер менен кирүүгө болбойт. Босогодон тосуп алган кызматкерлер колубузга бирден узун халаттарды карматышты. Мечиттен кийин Мисирдин мамлекеттик музейине бармакпыз. Бирок автобуска кайткан туристтерди тизмелеген гид биздин эки кызды таппай калса болобу! Отуздан ашуун турист чуу түшүп, эки сулууну издеп калдык. А кыздарыбыз жок. Бизди коштогон гиддердин бири мечитти көздөй чуркаса, экинчиси менин каршы болгонума карабай автобусту айдатып, музейди көздөй жөнөп калдык. Жол ката жанымда отурган сибирлик эки аял: “Эки жыл мурун Египетке эс алганы келген жаш кыздарды уурдап кетишип, бир ай дегенде араң кайтарып беришкен. Баланча сом акча талап кылышкан”,- деп божурашып, ансыз да алып-учуп турган жүрөктүн үшүн алышты. Музейге чейин канча жол бастык билбейм, бирок автобус токтогондо биринчи эле көзүмө илингени Бегайым менен Жамиля болду. Көрсө, экөө мечиттин ичинде алаксып, биздин топтон адашып калышыптыр.
Музейди кыдырып чыккан соң бизди ресторанда конок кылышты. Болгондо да атактуу Нил дарыясында, үч кабаттуу паром-ресторанда. Түштөнүү бүткүчө мисирликтердин улуттук бийине да күбө болдук. Жай жылып жээкке токтогон паром-ресторандан чыгып, эми Гиза пирамидаларын көздөй жол алдык. Дүйнө элин таң калтырып, канча кылымдардан бери толук изилденип бүтпөй келаткан фараондордун бул күмбөздөрү шаардын так ортосунан орун алган. Аңгыча гид кайрадан сөз баштады: “Учурда Гиза пирамидаларынын эң чоңу болуп саналган Хеопстун пирамидасында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Андыктан биз кичи пирамидага киребиз. Бирок эки пирамиданын ички түзүлүшү бирдей. Эскертип айтарым, тышка чыгарыңар менен силерди бедуиндер курчап алышат. Алар силердеги кайыр сурап, алакандан бал ачкан цыгандардай. Туристтер менен чогуу сүрөткө түшүп бүткөн соң акча сурашат. Ар кандай буюмдарды таңуулап сатышат. Төөгө “жөн эле минип көр” деп суранып атып мингизишет да, кайра “акча төлөсөң, анан чөгөрөм” дешет. Айтор, абайлагыла”,- деп инструкция берди. Анын айтканындай эле бар экен. Ошентип, жүздөгөн туристтер менен кошо пирамидаларды, аны кайтарып бир орундан козголбой жаткан Чоң Сфинксти айланып көрүп чыктык. Бул жайга келген адам өзүн жыйырма биринчи кылымда эмес, тээ байыркы Мисирде жүргөндөй сезет.

КОРАЛЛДЫН МЕКЕНИ
Базар – Египетте да базар. Бакылдаган сатуучулар, соодалашкан туристтер... Каз катар тизилген дүкөндөрдө көз жоосун ала ар кандай шурулар жайнайт. Айрыкча Кызыл деңизден алынып жасалчу коралл жасалгалары көп. Аны менен кошо бирюза, бермет, агат, янтарь, топаз, деги койчу, издеген асыл таштын баарын табасың. Ошондой эле Мисир ар кандай жыпар жыттарга бай. Анткени эфир майларын өндүрүү жакшы жолго коюлуп, миңдеген туристтердин чөнтөгүн жукартат. Эфир майларын саткан күркөлөрдүн көптүгүнөн улам Шарм эль Шейхтин кайсы көчөсүндө жүрбөгүн, өзүңдү парфюмердик дүкөндө жүргөндөй сезесиң.

КЫЗЫЛ ДЕҢИЗ
Көк кашка суусуна карабай, деңиз эмне үчүн Кызыл деп аталып калган? Мисирликтерге туристтер ушул суроону көп беришет. Көрсө, деңиздин үстүнөн караганда кыпкызыл болуп көрүнүп турган коралл рифтеринен улам ушундай аталып калыптыр. Бирок Кызыл деңизде кораллдан башка да кызыктар көп. Андыктан дайвингге кызыккандар дүйнөнүн ар кайсы четинен Шарм эль Шейхке келишет. Жыпжылуу, көк кашка сууда жыргап сүзүп жүргөн адамдар менен кошо балыктар жайнайт. Алардын миң түркүн түстөрү күнгө чагылыша суу ичинен ого бетер кооз көрүнөт. Анан да аларың адамдардан бир коркуп койсочу! Деңизге жылаңаяк түшүүгө, күн баткандан кийин түшүүгө болбойт. Анткени уулуу балыктар, деңиз кирпилери, медузалар көп.

8-МАРТ
Мисирликтер бул майрамды расмий түрдө белгилешпейт. Бирок туристтер эң көп барган мамлекет катары башка өлкөлөрдүн майрамдарын жакшы билип калышкан. Андыктан 8-Март күнү мейманканада сулуулар сынагын өткөрүп, белек-бечкек берип, бизди кубантышты.

КЫЗДАРЫ СОНУН КЫРГЫЗДЫН...
Ак Мөөр, Таттыбүбүдөй сулуулар чыккан кыргыз элинин кыздары кимди гана суктантпайт дейсиз? Шарм эль Шейхке кадам таштагандан тартып биздин эки сулууга кызыгып, кепке тартууга аракет кылгандар көп болду. Баарынан кызыгы, деңиз жээгинде көңүл ачып, сүрөткө түшүп жүргөн сулууларыбызды фотографтардын кубалап алганы болду. “Бир эле жолу сүрөткө тартып алайынчы?” деп суранып жатышты. Айтор, “Супердин сулуулары” далай жигиттин шилекейин агызышты.

ҮЙДҮ КӨЗДӨЙ...
Канчалык ысык өлкөнүн кызыгына батпайлы, өз үйүбүздү, Бишкекти сагынбай койбодук. Андыктан үйдү көздөй жол алганда аэропортко жеткиче шаштык. Аздектеп тосуп алган “Интурист” фирмасынын кызматкерлери “дагы көп жолу келиңиздер” деп кол булгалап калышты. Ал эми кылымдарды карытып, адамзатын таң калтырып келаткан сырдуу пирамидалар үн-сөзсүз бизди узатып кала беришти.

Шаиста Шатманова,
star@super.kg


СЕН ӨЗҮҢДҮ СУЛУУ, КЕЛБЕТТҮҮ,
ТАЛАНТТУУМУН ДЕП ЭСЕПТЕЙСИҢБИ?
АНДА БИЗ МЕНЕН БИРГЕ БОЛ. ЖАКЫНДА
"СУПЕРДИН СУЛУУСУ" СЫНАГЫ
КАЙРАДАН СТАРТ АЛАТ!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Тынчтыкбек
2010-03-19 20:08:26
ооба, Жамийла кыйлаа суйкумдуу экен....
0
Debi
2010-03-20 00:47:01
Мага Айтурган менен Айсалкын жаккан :)))
Бул сулуулар учун да кубанычтамын.
0
adilxx
2010-03-20 11:51:39
мага Бегайым жакты !кыргыздын кыздары сулуу
0
chingiz
2010-03-20 23:28:29
bul jakka kelgenden kiyin bizge da jolugup ketsenizder bolmok :(
Biz Turistik firmasynda Gid bolup iwteibiz, Royal Paradise'tan 350 metr alystykta jaigawkan Aida otelinde jawaibyz. Bul jakta dagy 20 ga jakyn kyrgyz atuuldary jawawat jana iwtewet...
0
chingiz
2010-03-20 23:34:03
Men jumuw ubagynda ke4ke maal al eki suluunu korgondoi bolup jatam, 1001 tun jaktan otelin kozdoi ketip bara jatywkan, korup kazawkalar go dep koigom :))
0
Шаиста Шатманова
2010-03-22 09:23:33
Чынгыз сиз бизге Хургада шаарындамын десениз керек эле. Шарм эль Шейхте экенинизди билсек, озубуз издеп, байланышмакпыз.
0
Шаиста Шатманова
2010-03-22 09:24:34
1001тун тараптан коргон болсонуз, анда биздин сулуулар болчу. Биздин отель 1001 тундун мандайында эле.
0
chingiz
2010-03-24 04:41:04
:) Mda...
0
aku
2010-03-24 10:16:05
Begayim suluu dele emes eken go andan bashka suluu kyzdar kop emes bele dobush berip jatkanda.
0
talasstyn jigiti
2010-03-24 20:18:37
KYRGYZDYN kyzdaryna ushintip surotko tushkon takyr jarashpait ansyz al Uiyat dagy , Europa Europa ele deibiz kyzdarybyzdy buzup jatpailyby kaira !!!
kichine logichno oilongula da !!!
Musulmandyn kyzdary ....!!!?
emne desem emi kyzdygynardyn namysynardy syilap jurgulo....
el Jurt kim koshulat MAGA ????? jazgyla komentterdi !!!
menin atym_________ Nurik____ Austria !!!
0
Vollmond
2010-03-25 04:59:38
men saga koshulam Nurik !!!!
0
KYRGYZ KULunu
2010-03-26 23:35:17
chyn ele oz suluugu mene jendibi? men myndan 100 ese asham
0
Камбаров Б К
2010-03-27 18:35:30
Мага Мисир жакты баарынан))
0
zama
2010-03-27 19:54:30
Койгулачы жакшынакай эле кыздарго.
0
Debi
2010-03-27 20:52:06
Таластын жигити, мен да сага кошулам. Аял кишиге денесин жаап эле жургондон откон сулуулук жок.
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан