Бакыт Мукул, куудул, актёр: "ТАСМАНЫ ЭЧ КИМГЕ КӨРСӨТПӨЙ ФЕСТИВАЛГА ЖИБЕРИП САЛГАНБЫЗ"

Куудул, актёр Бакыт Мукул жакында эле "Атанын керээзи" тасмасын тартып режиссёрлук тушоосун кескен. Аталган тасма учурда эл аралык фестивалдарды калтырбай кыдырып, байге артынан байгелерди имерип жаткан убагы. Бакыт Мукул: "Көбү биздин режиссёрлук дареметибизден күмөн санашкан эле, эми жыйынтыкты көрүп сүйүнүп жатышат",- дейт.

– Бакыт мырза, сиз куудул болуп жүрүп эле тасма талаасына келип калдыңыз, же тескерисинчеби?
– Мен негизи актёрмун. Бардык эле актёрлор сатираны жатып алып ойносо болот, анткени куудулдук менен актёрдук бири-бирине жакын эле кесиптер. Союз мезгилинде көп театрларда актёр болуп иштеп жүрдүм. Союз таркагандан кийин бизге жумуш жок, элдин жашоосу кыйындап, баары колдон келген ишин жасап калбады беле. Театрда акча жок, айлыкка ун берген күндөр болду. Анан актёрлордун баары өз алдынча сахнага чыгып нан тапканга өтүштү. Мен да нан табуу максатында театрдан сырткары гастролдорго чыгып жүрдүм. Элге сатира керек экен деп куудулдук кыла койгон жайым да ошондон. Мындайча айтканда, калкыбыз кыйын акыбалда, кара нан жеп калганда биз күлдүрүп алаксытып турдук.

– Кайсы театрларда иштедиңиз?
– Алгач Нарын театрында бир жылдай иштедим. Анда актёрдук билимим жок болчу. Спектаклде ойноп же сахнадан чыгып калганда элдер "Күмөндөр Абыловдун иниси го" дей берип кулак-мээни жейт да. Анан үйгө барып атама "баары эле Күмөндөр Абыловдун иниси деп жатышат, тажадым, фамилиямды өзгөртөм" дедим. Атам ошондо Бакыт Мукул кылалы деп сунуштаган. Ошентип фамилиямды өзгөрттүм. Калп айтпасам ошондо -ов, -ев мүчөсү жок таза кыргызча фамилияны алгачкы жолу 1988-жылы мен алгам. Паспортумду көтөрүп алып Бишкекке келдим, диплому жок жумушка да албайт да. Келип эле Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык окууга тапшыргам. Кыргыз драма театрында, Жаштар театрында, андан соң "үй беребиз" дегенинен Чүй облустук театрында иштеп жүрдүм. Акыры "болбойт, үй салышым керек" деп театрдан кетип, өз алдымча иштеп үй курдум. Кийинчерээк кайра Жаштар театрына жумушка келгем. Ошондон кийин сатирага баш-отум менен кирип кеттим. Жубайым да актриса, экөөбүз жана бир туугандар биригип чакан театр ачып, гастролдоп калдык.

– Актёрдук кесиптен сырткары дагы эмне менен алектенчүсүз?
– Жаш кезде 40-50дөй ыр чыгаргам, азыр ал ырларым алтын фонддо сакталуу. 30-40тай сатира жаздым, аны көптөгөн куудулдар, "Аралаш" театры да ойноп жүрдү. Киного да тартылып актёр катары баш-аягы 40тай роль аткардым. Эмнегедир ичимден комедиялык эмес, драмалык роль аткарсам болот эле деп жүргөм. Анан кино тартсам деген изги кыялым бар болчу. Ал кыялымды ишке ашырууга Дастан Жапар уулу деген жигит жардамга келди. Ал экөөбүздүн киного болгон көз карашыбыз бир болчу. Буга чейин да бир нече кинодо чогуу иштешип тааныш болуп калган элек. Экөөбүз чогулуп "сценарий жазалы" дедик. Ошентип "Атанын керээзи" тасмасынын сценарийин сейил бактарда ээрчишип жүрүп эле 3 айдын ичинде жазып бүттүк. Бир күнү сценарист Талип Ибраимовду кезиктирип калып, сценарийди окуп берүүсүн сурандык. Ал киши "ии, эмне 800 барак жаздыңарбы?" деп шылдыңдагансып сурады. Окуп көрүп аябай жактырды. "Муну силер жакшы режиссёрго беришиңер керек" дегенде эле "жок, биз өзүбүз тартабыз" деп макул болбой койдук. Андан соң көркөм кеңештен каяшасыз өтүп кетти, эч ким сын таккан жок. Кинону тартууга 4 миллион сомдон ашык акча кетмек, "Кыргызфильм" бизге 2 миллион сом бөлүп берди, калганын биз тууган-урук, дос-тааныштардан өзүбүз таптык.

– Аталган тасманы тарта аларыңыздан шек санагандар болгон экен...
– Сценарий, албетте, жакшы болчу. Бирок Дастан экөөбүздүн режиссёрлук дареметибизге ишенбегендей мамиле кылышкан. "Бири оператор, бири актёр, булар кантип тартышат?" дегендер болду. "Бул тартсын, тиги тартсын" деп да көрүштү.
Биз тасманы тартып бүтүп эле эч кимге көрсөтпөй дароо Монреалдагы фестивалга жөнөтүп салдык. Ал фестиваль 1977-жылдан бери Канаданын Монреал шаарында жыл сайын өтүп келет. Андан "Алтын зенит" сыйлыгын алгандан кийин "Оскар" киносыйлыгына номинацияга илүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Учурда "Мыкты чет өлкөлүк тасма" деген наамда ат салыша турган 85 өлкөнүн мыкты тасмаларынын катарына кирди.

– АКШга фестивалга баруу үчүн америкалыктар виза бербей жатышыптыр деп уктук.
– Ооба, 24-октябрда Садык Шер-Нияз Лос-Анжелес шаарында уюштурган "Дүйнөлүк Азия" фестивалына катышмакпыз. Андан соң "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына да көрсөтүү үчүн баралы дегенбиз. Бирок биздин чыгармачыл топко белгисиз себептерден улам виза бербей жатышат. Биз бул жакта жүрүп АКШда тасмабызды жарнамалай албайбыз да. Негизги себеби "силер АКШда калып каласыңар" деп коркуп жатышат. Себеби мурун да ушундай окуя болгон окшойт. Биздин чыгармачыл топто 5 адам бар. Бул маселе качан чечилери белгисиз.

– Кино тартууда кандай кыйынчылыктар болду?
– Чынында кыйынчылыктар кинону тартууда эмес, тартып баштайлы деп акча издеп жатканда башталган. Мен патриотмун деген белгилүүлөрдүн баарына кирип акча сурап чыктык, баары эле "макул" дешет да, акчага келгенде аягын суутуп таптырбай кетип жатышты.

– Аталган тасмадан сизге каржы жактан пайда түшүп жатабы?
– Монреалдагы фестивалда сыйлыкка кошуп 50 миң доллар беришкен. Биздин фильмдин бюджетинин теңин "Кыргызфильм" каржылаган да. Андыктан ал түшкөн каражаттын теңи кино тарткандарга, теңи "Кыргызфильм" киностудиясына бөлүнөт.

– Тасмага актёрлорду кантип тандап алдыңыздар?
– Бизге чет өлкөдөн Кыргызстанга жаңы келген жигиттин образын ачып берген адам керек болду. Кыргыз актёрлорунуку окшошпой койду. Менин экинчи балам Иман Санкт-Петербургдагы А.Я.Ваганова атындагы балет академиясында окуп келген эле. "Сиздин балаңызды тарталы" дешкенинен "койгулачы, өзүнүн баласын тартыптыр деп сөз кылышат" деп болбой койгом. Балам өзү орусчадан кыргызчага которуп сүйлөйт, ошол сүйлөө манераларын байкап, кастингге чакырып ролду аткартып көрсөк аябай окшоштуруп аткарып салды. Кинодо да эч кимди кыйнаган жок, шакылдатып эле ойноп койду.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айтып өтсөңүз?
– 3 уулум, бир аялым, бир келиним, бир неберем бар. Экинчи уулум Имандын талантын "Атанын керээзи" тасмасынан көрсөңүздөр болот. Жубайым менин ийгиликтериме кубанып "Сары абышкам" деп эркелетип калган. Акыркы жылдары мени минтип эркелете элек болчу. Азыр мурун эле кино тартып, фестивалдардан сыйлык алсам болмок экен деп жатам (күлүп).

"Атанын керээзи" тасмасында уулумдан сырткары өзүм да роль аткардым".


Актёр "Участковый" тасмасына тартылып жүргөндө.


"Тасманы тартуу иштерин Дастан Жапар уулу экөөбүз кышында баштаганбыз".


"Монреалдан "Алтын зенит" сыйлыгын алып кубанып жаткан кезибиз".


"Жубайың колдоп-коштоп турса, бардык кыйынчылыкты жеңесиң".


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
marlis06
2016-10-24 11:32:47
Эн соонун ийгилик
+5
rayana2015
2016-10-24 13:57:57
Кумондор Абыловдун инисиби
0
gulzar_gulu
2016-10-24 15:26:44
Бүгүн жыйырма төртү...
ҮМҮТ үзбөй туралычы.
+3
nurda00
2016-10-24 18:53:34
Садык шер Нияз америкада фестивал уюштуруп дейби????
-2
nazira1989
2016-10-25 00:50:14
Жубайыныз сизге,сиз жубайынызга окшош экенсиз.Аллахым жубайларды окшоштуруп кошот деген чын экен,бактылуу болунуздар!!!
+1
alina79
2016-10-26 01:32:42
Бул киши жанагы Сакиш Бопуш дегендеги киши эмеспи?
0
Shahrizaada
2016-10-28 14:18:49
alina79 жок ай. Ал деген Марат Жанталиевго!
0
aruuke9292
2016-10-27 11:04:36
кумондор абылов м.н бир тууган экенин эми билип жатам. Карап корсом, суйлогондорунон тарта ону тусуно дейре окшош экен. Тубаса таланттуу инсандар,сыйлайм! Бар болушсун,ийгилик!
0
aruuke9292
2016-10-27 11:10:47
апасына эркелеп жаткан баладай тушуптур го суротко)))
+1
Afina
2016-10-28 02:31:36
оллло жакшы көрөм)))) сонун аткарат го жасалмасыз..... маегин да образга кирип, үнүн элестетип алып, айтып берип аткансып окудум)))) Дагы дагы ийгиликтерли каалайбыз) эми сизди баш каармандын рольунан күтөбүз)))
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан