75 жаштагы америкалык акын, композитор жана музыкант Боб Дилан адабият жаатындагы "Нобель" сыйлыгынын ээси болду. Сыйлык ага америкалык салттуу ырларга жаңы поэтикалык табылга алып келгени үчүн ыйгарылган.
"ЧОҢ ЭНЕМДИН ФАМИЛИЯСЫ "КЫРГЫЗ"
Боб Дилан өзүнүн өмүр баяны жазылган китептин биринчи томунда "чоң энемдин фамилиясы "Кыргыз" экен" деп белгилейт.
"Чоң энемдин жашоосу аябай оор болуптур. Турмуштун катаалдыгынан улам үй-бүлөсү менен Одессадан Америкага көчүп кетишкен экен. Кайсы бир мезгилде алар Трабзондо (Түркия) жашашыптыр. Анткени чоң энемдин ата-теги Кагызманлылар уездинин Карса деген аймагынын тургундары болуптур. Чоң атам да ошол аймактын жашоочусу экен. Ал тери, булгаарыдан бут кийим тигүү менен алектениптир".
ӨМҮРҮ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Боб Дилан 1941-жылы Миннесотада еврейлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Он жашынан ыр жазып, окуучу кезинен мектептеги музыкалык топто ырдап баштаган. Өзүнүн алгачкы альбомун "Боб Дилан" деген ат менен 1962-жылы жарыкка чыгарган. Боб Диландын бардыгы болуп 35 альбому жарыкка чыккан. 1985-жылы акын Андрей Вознесенскийдин демилгеси менен Москвада жеке концерт өткөргөн. Катуу оорудан кийин "Time Out of Mind" жаңы альбомун жазат. Ушул альбому үчүн 3 "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон.
Дилан "Грэмми" сыйлыгын жети жолу жеңип алган. "Вундеркинддер" фильмине жазылган саундтреги "Things Have Changed" үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарын алган.
2010-жылдагы "Rolling Stone" журналынын сурамжылоосу боюнча, Дилан "The Beatles" тобунан кийинки эле популярдуу рок музыкант деп табылган.
Адабият жаатындагы "Нобель" сыйлыгы 1901-жылдан бери ыйгарылып келе жатат. "Нобель" сыйлыгын берүү комитетинин уставында: "Бул сыйлык көркөм адабият деп эсептелген проза жанрына гана эмес, адабий баалуулук катары саналган стили, жанры башка да чыгармаларга ыйгарылат",- деп көрсөтүлгөн.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg