Тимати деген ысымды укканда эле көз алдыбызга калың чынжырчаларды тагынган, татуировкалары көп, жарашыктуу сакалы бар, рэпти катыра айткан жигиттин элеси тартылат. Ооба, дал ушул биз элестеткен Тимати орус эстрадасында soul, RnB жанрларынын популярдуулугун арттырган. Ырчылык менен катар бизнестин көзүн тапкан жылдыз жараткан ийгиликтерине өз күчү менен гана жеткен.
"КӨП ИШТЕЙМ, КӨП АКЧА ТАБАМ, ОШОН ҮЧҮН ТЫНЧ УКТАЙМ"
Бардар үй-бүлө экенине карабай ата-энеси "баарына өз күчүң менен жетесиң" деп баласына материалдык колдоо көрсөтүшкөн эмес. Бүгүнкү күндө Тимати орус шоу-бизнесиндеги көп киреше тапкан атактуулардын катарын толуктап турат. Коомчулукту рэпердин байлыгы гана эмес, гонорары да кызыктырат. Концерттеги орточо гонорары 15 000 евронун тегереги. Көпчүлүк концерттерин чет өлкөдө өткөрөт. Мисалы, Дубай шаарында өткөн концерттеринин биринде 18 000 евро өлчөмүндөгү гонорар алган. Жеке ишкерлиги, продюсерлик борбору, чыгармачылыгы, жарнамаларга тартыла коймой да жайы бар, айтор, киреше алып келчү булактары абдан көп. Бир жылдык кирешеси 5-6 миллион долларды түзөт деген да маалыматтар бар.
"BLACK STAR INS" МУЗЫКАЛЫК ЛЕЙБЛ
Тимати 2006-жылы "Black Star Ins" музыкалык лейбл, продюсерлик борборун түптөгөн. Максаты – ар кандай багыттагы soul, RnB, hip-hop ырларды аудиторияга тартуулоо. 2010-жылы "Сливки" тобунун ырчысы Карина Кокско 1,5 миллион доллар сунуштап, өзүнүн курамына алган. Продюсерлик борбордун алгачкы тарбиялануучуларынын бири Жиган келишим соңуна чыккандан кийин өз алдынча чыгармачылыгын улантып келет. Учурда бул музыкалык бренддин курамын Натан, Кристина Си, Мот, Mc Doni, Dj Kan, Dj Philchansky, Ангелина Гагаркина, Жонри Зантарая, Марина Лайф, Егор Крид аттуу таланттар толуктап турат.
КЫЗЫНЫН КИНДИГИН ӨЗҮ КЕСКЕН
Ырчы Алекса менен болгон махабат мамилесинен кийин 2012-жылы ырчынын жашоосунда модель Алёна Шишкова пайда болот. Түгөйлөр 2014-жылы Алиса деген кыздуу болушкан. Баласаак Тимати сүйүктүүсү көз жарган учурда анын жанынан карыш жылбай, наристесинин киндигин да өзү кескендигин басылмалар жазып чыгышкан. Учурда түгөйлөр эки башка жолго түшкөн болсо да, кызы үчүн достук мамилелерин сактап калышкан. Ал эми рэпер кызы менен тез-тез жолугуп, Алёнага да жардам берип турат.
Социалдык тармактарда Тимати модель Анастасия Решетова менен мамилеси бар деген кептер тараган. Бирок көп узабай ал маалымат четке кагылып, модель Маргарита Старостина менен сүйүү мамиледе экени айтылып жүрөт.
ИЙГИЛИКТЕРИНЕН
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg