Ак төөнүн карды жарылып, кыргыздын дасторкону жакшылыкка жайылып жаткан мезгил. 15-октябрь күнү Бактыгүл Бадыева жакшы санаалаштарынын башын бириктирип Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде экинчи кызы Эркеленин тушоосун кесип той берди. Тойду Мирбек Атабеков "Балама" деген ыры менен ачып, ырчы коноктордун алдына үй-бүлөсү менен чыга келди. Тушоо тойдун көркүн ачкан майда балдар үчүн өзүнчө зал жасалып, алар чоңдордон бөлөк отуруп майрамдашты. Тойдо биринчи чуркап келген мырзага 100 литрлик бензиндин талону берилсе, биринчи келген айымга алтын зер буюм ыйгарылды.
"Чыгармачыл чөйрөдөн Гүлшайыр Садыбакасова, Гүлнур Сатылганова, Гүлзат Байзакова, Абидин Темиров жана башка сахналаш эже-байкелерим, сиңди-инилерим келишти. Тойду Айгүл Курманова менен Эркин Рыскулбеков алып барышты. Чуркаганда жигиттерден биринчи болуп
«Non-Stop» дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков, экинчи алып баруучу Нурсултан Майназаров келди",- дейт ырчы айым. Келген коноктор Эркелеге кең келечек каалап, ак тилек менен бата кылып тойду жыйынтыкташты.