Министрдин кызынын махабаты" тасмасындагы Жоробекти ким билбейт? Кино чыкканда көпчүлүк кыздар "Жоробекти көрдүм, Жоробек менен тааныштым" деп калышканын билебиз. Ошол Жоробектин ролун ойногон Аскат Эрбаев 9-октябрда сүйүктүүсүнө баш кошту. "Аиданы Өзгөнгө барып, кыргыздын салты менен алып кеттим. 18-октябрь күнү борбордогу тойканалардын биринде заманбап тоюбузду бердик",- дейт Аскат. Эки жашка бакыт каалайбыз! Кармашкан колуңар ар дайым түбөлүктүү болсун демекчибиз.