4-даражадагы боордун циррозу менен ооруканада жаткан Азиз Мурадиллаевге операция жасатуу үчүн жакындары Москва шаарына алып кетишкен. Этап менен жасалуучу операциялардын биринчиси ийгиликтүү өтүптүр. Актёрдун ден соолугун сурап өзүнө байланышканыбызда 18-октябрда операция жасалганын, ошол күнү палатага которулганын айтты. "Жубайым бала менен Бишкекте калган. Бул жакта апам, эжем жана мени коштоп келген хирург бар. Алар ооруканага күндө келип акыбалымды сурашууда. Врачтар "операция ийгиликтүү болду" деп жатышат. Кудайга шүгүр, жакшымын. Ооруканадан качан чыгарымды айтыша элек, келе жаткан аптада чыгып калсам керек". Актёрдун ооруп калганы тууралуу уккан күйөрмандары, жалпы эле кыргыз журту колдон келген жардамын аяшкан жок десек болот. Окурмандардын арасында "актёрго донор болот элем, каякка, кимге кайрылышым керек?" деп биз менен байланышкандар да болууда. Бирок көпчүлүк өлкөлөрдө мыйзамга ылайык, эгер тирүү адам донор боло турган болсо, бейтаптын тууганы гана боло алат. Мурадиллаевдин кесиптештеринин айтымында, туугандарынын арасында актёрго донор болом дегендер чыккан. Актёрдун тезинен сакайып мекенине кайтып келишин, дагы мыкты ролдорду жаратышын калдайган калың журту чыдамсыздык менен күтүп жатат.