КИРЕШЕНИН КӨЗҮН ТАПКАН ҮЙ КОЖОЙКЕЛЕРИ

"Аялзаты эмгек өргүүсү жок жумушта иштейт" дегендей, айымдардын көр тириликтен колу эч бошобойт эмеспи. Бирок түгөнбөгөн үй оокаты менен кошо өзүнө жаккан ишин бизнеске айланткандар да жок эмес. Төмөндөгү каармандар кадимки эле үй кожойкелери болгону менен, кошумча каражат таап, үй тиричилигинин кем-карчысын толуктап келишет.

"КЕТКЕН ЧЫГЫМДЫ АШЫГЫ МЕНЕН АКТАП ЖАТАМ"

Паризат Турсукеева, 30 жашта, 2 уулдун энеси.
– Паризат айым, качантан бери тырмак жасалгалап баштадыңыз?
– Балалуу болгондон кийин убактың аябай тартыш болуп калат экен. Мурда кийим тигүү цехинде иштечүмүн. Эне болгондон кийин күйөөм "үйдө эле отурчу" дегенинен иштебей калгам. Бирок жолдошум жалгыз иштеп, ага күч келип кетти. Бир күнү той болуп салонго бардым. Мындай карасам тырмак жасоону бат эле үйрөнчүдөймүн. Анан "эже, мага деле үйрөтпөйсүзбү" десем макул болду. "Сен тырмак жасоого зарыл болгон аспаптарды 7000 сомго аласың, ошону актасаң ишиңди баштай бер" деди. Байкасам иш өзүн актачудай. Бир айлык курсту 15 күндө эле өздөштүрүп кеттим. Эми минтип кеткен чыгымымды ашыгы менен актап жатам.

– Бир күндө канча кардарды тейлейсиз жана тапкан акчаңызды эмнеге жумшайсыз?
– Жок эле дегенде 4-5 айымдын тырмагын жасалгалайм. Бара-бара кардарларым көбөйүүдө. Себеби бири-биринен угуп алып келип жатышат. Алгач жасап баштаганымда бир адамга эле бир жарым саат убактым кетчү. Колум көнүп калды окшойт, азыр бат эле жасалгалап коём. Бир кишинин тырмагын 200 сомго жасалгалайм. "Сеники арзан экен, эмнеге?" деп көп сурашат. Негизи шеллак жасоо кадимки салондордо 400-500 сомдун тегерегинде да. Туугандарым "бир аз кымбатыраак жасабайсыңбы" дешет. Бирок мен ушуга деле топук кылам. Жасаган ишим өзүмө аябай жагат. Тигүү цехинде иштеп жүргөндө кадимкидей чарчап калчу элем. Бул ишимден эргүү алам. Балдарым да жанымда. Жылуу-жумшак үйдө отуруп иштей берем.

– Керектүү каражаттарды сатып алууга канча акча кетет?
– Бул ишке тиешелүү шаймандардын бардыгын 7000 сомго алгам.

Тырмак өгөөлөгүч – 1 даанасы 30 сом, (1 айда 8 жолу алмаштырам) 240 сом
Тырмак өчүрүүчү суюктук (ацетон) – 35 сом, 1 айда 20 даана кетсе (үнөмдөсөңүз мындан да аз болот) 700 сом
Тырмактын үстүңкү катмарын кургатуучу каражат (обезжириватель) – 280 сом
Сүрөт тартуучу калем (сапаттуусу) – 250 сом
Кол үчүн крем – 150 сом, түссүз лак (база) – 250 сом
Лакты турукташтыруучу каражат (топ) – 200 сом
Түстүү лактар – 250 сом, 20 даана алсаң 5000 сом болот. Себеби кадимки лактан сапаты жогору, эки жумага чыдайт. 
Лакты кургатуучу аппаратка кеткен электр энергиясынын суммасы айына 30 сомдой болот.
Ошондо жогорудагы каражаттар 200дөн ашуун кардарды тейлегенге кенен жетет.
Бир айдагы чыгым 7100 сом, киреше 28 000 болсо, таза киреше 20 900 сом болот.

"СТУДИЯ АЧЫП БАШКАЛАРДЫ ОКУТСАМ ДЕЙМ"

Элионора Алмазбекова, 34 жашта, 3 кыздын энеси.

– Кол өнөрчүлүк менен алектенгениңизге канча болду?
– Окуп жүргөн кезде эле дубал гезити, уюштуруу иштери менин моюнумда болчу. Кийин иштеп баштаганымда чыгармачылыктан алыстай түштүм. Декреттик эс алууга чыкканга чейин кыймылсыз мүлк агенттигинде менеджер болуп иштечүмүн. Эне болгондон кийин үйдө отурууга, кыздарыма жетиштүү көңүл бурууга туура келди. Учурда ата-энем менен чогуу турам. Жолдошум кайтыш болуп калган. Ал бир нерсе жасаганымда ар дайым "сонун жасаптырсың, сага дүкөн ачып бериш керек окшойт" деп мага эргүү тартуулап турар эле (көзү жашылданып). Учурда үч кызым мага дем берип, шыктандырып турат. Аларга ободок, бант, шуру сыяктуу аксессуарларды жасап жүрүп кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуум кайрадан ойгонду. Жасаган иштеримди курбуларым көрүп, тапшырык кыла башташты. Кийин кошуналарым, алардын тааныштары... Ошентип отуруп хоббим чакан бизнеске айланды.

– Ишиңизге кантип убакыт бөлөсүз? Үч наристенин деле түйшүгү оңойго турбаса керек.
– Адам кааласа баарына жетишсе болот. Анан эле "менин балдарым бар, бошобойм, үй оокаты түгөнбөйт" десек отура беребиз. Алгач балдарымдын курсагын тойгузуп, баарын жайгарып алгандан кийин сүйүктүү ишиме киришем. Кээде тапшырык болуп тез арада бүтүрүш керек болот. Андайда түнү менен отуруп жасайм.

– Кеткен каражат өзүн актайбы?
– Ооба. Анткени көңүлүң менен жасаган эмгек башкаларга да жагары талашсыз. Чынын айтсам, көңүл буруп киреше-чыгашаны эсептеп көрбөптүрмүн. Антсең деле ашып же жетпей калышы мүмкүн. Бир гүлгө же бир ободокко деп эсептеп албайсың да. Өзүңө керектүү шаймандарды ар кандай баада сатып алышың мүмкүн. Мисалы, пахтадан токулган кездеме бышык келет да, метри орточо эсеп менен 300-400 сом болот. 30-40 сантиметр кесиндиден 1-2 кичинекей жоолук чыгарам. Тигилишине жана жасалгаланышына карап 150-200 сомго чейин баалайм. Гүл жасаганда жука кездемелерди колдонсок, метри 100 сом болот. Ар ким фантазиясына жараша чоң же кичине гүл кылып тигип алса болот. Ал эми таштарга келсек, алардын сапаты канчалык жогору болсо, баасы да ошончолук кымбат болот. Мисалы, чачка таккыч жасайлы дейли, болжол менен анын негизин (гребешок) 80 сомго, кооздоочу атайын зымдарын (ювелирные проволоки) 350 сомго, ороо үчүн жипчелерди 100 сомго алабыз. Көрсөтүлгөн суммага 50-100 сом кошуп сатууга болот. Жасаган буюмдарым өтө кымбат эмес. Тапкан акымды кыздарыма жумшасам, калганы ишиме керектүү шаймандарга кетет. Келечекте студия ачып, башкаларды да окутсамбы деген тилектерим бар.

Жазгүл Кенжеева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
magic1721
2016-10-24 17:23:49
Супер Инфо, сураныч маникюр жасаган кыздын баракчасын кайдан тапсак болот?
+5
zamir_kgz
2016-10-24 20:19:17
Студия ачсан налогдогулар жудотот го чиркин
+6
Meerman
2016-10-24 23:39:34
Bizge okshop internetten kimden kata tapsam eken dep oturbait eken da
+15
ainura220888
2016-10-25 02:27:21
Салон ачып бироонун тырмагын чукубасамда озум учун менда лампа шеллак бут баарын алып койгом. Маникюр жасатат элем былтыр салондон тынбай шеллак бастырып 1000-1500рублейге чейин. Азыр озум каалагандай жасап алам.
-8
tuigan.
2016-10-26 15:09:31
ainura220888,мен ушундай мактанчаакмын деп кой)))
+8
kanulya01.09
2016-10-25 12:17:57
Азаматтсынар
+1
inspektor.kg84
2016-10-25 23:34:50
Алган жарын жакшы болсо конулун куунак журосун.Бактылуу болунуз уй булонуз менен
+2
secretik
2016-10-26 19:11:52
Моникюр кылчу каражаттарды базарда эле сатабы алышым керек экен. Менда аябай кызыгам озумдун тырмагымы ар кандай кылып моникюр жасап журом пилка лак менен эле. Мени дагы уйротушунуз керек экен.
0
DolonbaevaN
2016-10-27 02:36:33
Перизат эженин номерин жазып коюңуздарчы сураныч
0
DolonbaevaN
2016-10-27 02:38:17
Перизат эженин номерин ким билет маникюр жасатмакмын
+1
Kroxa
2016-10-27 10:23:13
Да мен деле алып койуп жасайм уф лампа 2 тур лак топ,база,пилка,жидкость,,пилочка,,вата..комплектисин 3000ге алгам
-1
Shahrizaada
2016-10-28 14:57:32
Эе жакшы тырнак тубунон таза алынган тырнак деп билем.
+1
nurai8894
2016-10-29 08:48:32
Shahrizaada,тырнактын кооздугу да аялдын сулуулугуна корк кошот...
0
shumkar929292
2016-10-30 01:06:25
Тырмак боегон болбойт такыр
0
Aytur
2016-10-30 18:05:08
Жакшы жумуш мен да парикмахерский курсту бутуп балдар менен уйдомун тааныштар тойго барганда чачын 250 300сомдон эле жасап бере коём.
+1
Жазгүл Кенжеева
2016-12-05 11:52:55
Паризат Турсукеева 0709196553
0
elizaemil
2017-05-05 20:48:24
урматтуу админ, ушул сыяктуу баштоодо ото коп акча талап кылбаган бизнес пландарды кобуроок жазгылачы.
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан