"Күйөөсүн жиликтеп өлтүрдү" деп айыпталган АЙДАЙ СУБАНОВА Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылды.
11-декабрь күнү өлкө боюнча 405 аймакта ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ шайлоо болуп өтөт. Анын 21и шаардык, 384ү айылдык кеңештер. Үгүт 11-ноябрда башталат.
Интернетке тараган видеодогу кичинекей балдарын мушташтырган аталар 2 айга тергөө изоляторуна камалганын Ош ОИИБи билдирди. Алар ӨЗГӨН РАЙОНУНУН тургундары экендиги аныкталды.
Кыргыз жарандары мындан ары КАЗАКСТАНДА 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрө алышат. Бул документ эки өлкөнүн парламенти ратификациялагандан кийин гана күчүнө кирет.
Ошто ИИМдин кызматкерлери БАҢГИЗАТТЫ көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын Н.Б. аттуу кызматкерин 1 килограмм баңгизатты 1000 долларга сатып жаткан учурунда колго түшүрдү.
Ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарынын "Аламүдүн" базарынын жанындагы үйдө 3 АЯЛДЫ ӨЛТҮРДҮ деп айыпталган адам 19-октябрда өмүр бою эркинен ажыратылды.
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматтын төрагасы РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ бошотулду. Жетекчинин милдетин аткаруу анын орун басары Сейитбек Эрматовго тапшырылды.
Чүй облусунун ПРОКУРОРУ Руслан Нурбеков УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камалды. Ага карата пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
2016-жылдын 9 айынын ичинде 70 өспүрүм ӨЗ ЖАНЫН КЫЙДЫ, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8 пайызга кыскарган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
19-октябрь түнү Бишкек шаарында 3 үй-жайы жок адам ТОҢУП ӨЛДҮ. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматы маалымат таратты.
1-октябрга карата өлкөдө 6,5 миңден ашуун ВИЧ ИЛДЕТИН жуктуруп алган адам, анын ичинде 579 жаш бала каттоого алынган.
Кыргызстандын футбол курама командасы FIFA'нын рейтингинде 99-орунга илинип РЕКОРД койду. Буга чейин 100-орунга көтөрүлгөнбүз. Учурда Казакстан 90-орунда, ал эми Өзбекстан 48-орунда турат.
Жаш балдарга ЗОМБУЛУК көрсөткөндөр 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш кодексине киргизиле турган тиешелүү өзгөртүү Жогорку Кеңеште кабыл алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, БИШКЕК-ОШ унаа жолундагы жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынып салынды. Азыр бардык унаалар үчүн жол каттамы ачык.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.