Президент Алмазбек Атамбаев бийликти сындаган журналисттерге нааразы. Муну президент 20-октябрда Бишкекте жаңы спорткомплексинин ачылышында билдирип, журналисттерге Бакиевдин тушунда кандай кол салуулар болгонун эскертип өттү.
"Айрым журналисттер Бакиевдин тушунда азыркыдан жакшы эле деп кыйкырып жатышат. Павлюкту кантип 6-кабаттан тирүү таштап жибергени, Сыргак Абдылдаевге 10 жолу бычак сайып, колун сындырганы эсиңердеби? Ар дайым эстеп жүрүү керек: ким тарыхты тапанча менен атса, келечек аны замбирек менен атат", - дейт президент.
Атамбаевдин бул сөзү "Бийликке сын айтканды токтоткула, болбосо Бакиевдин тушундагыдай болот" деген белгиби? Замбиректи октоп жатышат өңдүү...
Бектур Токтоноев
politika@super.kg