Мелис Эшимканов: «БЕН ЛАДЕН МЕНЕН ТУУГАН ЧЫГЫП КАЛГАНЫМ КЫЗЫК…»

Узун ушактарга – кыска жооп

20 жылдан бери эл оозундабы, басма сөздөбү, саясий чөйрөдөбү, башкалардан айырмаланып, эч бир тыным албай, тонналаган имиш, кептерге кабылып келаткан адам бар. Ал – белгилүү журналист, экс-депутат, УТРКнын экс-гендиректору, азыр Өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы МЕЛИС ЭШИМКАНОВ. Биз Мелис мырзага ыңгайсыз суроолорду узаттык. Ушактар тизмесинин 98 пайызын өлкөбүздүн маалымат каражаттарынан алганыбызды, суроо-жоопторубуз атайын блиц форматында болорун эскертебиз.

– Мелис байке, сизди “саякатчы бака” аталып, дүйнөнүн жүздөй мамлекетин кыдырган” дешет...
– Куюн Маамыт өңдөнүп, саякат дегенде эт-бетимден кетеримди танбайм. Бирок азырынча жүзгө жете элек, элүүдөн бир аз ашыгыраак өлкөнү багынткам.
– Айтылуу 24-март окуясынан кийин кыргыз саясатчыларынан эң алгачкы болуп Москванын Бар­вихасынан Аскар Акаев менен жолукканыңыз чын беле?
– Качып кеткен экс-президентибиз мага 8 саат бою ымандай сырын төгүп берген. Бул жөнүндө кийин «Эпицентр» көрсөтүүсүнөн анча-мынча кыйыткам.
– Алайдын тоолорунда дербиштик өмүр сүргөн 70 жаштагы Кубат Жусубалиевди жалгыз гана досум дейсиз. Эмнеге?
– Кудай-Атанын жазмышынан да. Экөөбүздү байлаган бир улуу сыр бар. Буга мен чексиз бактылуумун.
– Ал сыр еврейлерге байланыштуу эмеспи?
– Сырткы чел кабыгы гана окшош. Болгону, бир жаш тарыхчыбыз Кытайга барып, жашыруун архивдин таш жазууларынан биздин Асык уруубуздун түбү Арабстан еврейлеринен чыкканын маалымдап келгенинен «Дело №…» гезитине чакан маек кургам. Ошону Абдувахаб деген жакшы көргөн үкам баса калып, «Пресс.KG» гезитине көбүртүп, атактуу террорчу Бен Ладен экөөбүздүн жакын тууган экенибизди илимий далилдер менен тууралап салыптыр.
– 2007-жылы Женевадан агреман (өкмөттүн макулдугу) келип, ажо сизди Швейцарияга элчиликке дайындаарда баш тартып, барбай койгонуңуз да көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон калган?
– Бир гана себеп: элчиликке макул болордо шарт койгом, апрель митинги боюнча кылмыш иши козголуп, камалгандар бошотулсун деп. Ал аткарылбаган соң баш тарткам.
– Феликс Кулов уулуңуздун өкүл атасыбы?
– Ооба, Адам аттуу кенже тентегимдин «крёстныйы».
– Улуу уул-кызыңыз алыскы Америкада окушат экен, болгондо да Гарвард университети сыяктуу каражатты көп талап кылган окуу жайында. Сизди кыйнашпайбы?
– Кыйнашса жибербейт элем. Жылдызым менен Төлөгөнүм тың чыкканы үчүн ошол жакта, бир буту окууда, экинчи буту жумушта болуп, өз жандарын өздөрү бакканга жарап калышкан.
– Мурунку жу­байыңыз менен ма­ми­леңиз кандай?
– Абдан жакшы. Катышып, эч нерседен кем кылбай жардамдашып турам.
– Осмонакун Ибраимов «Бакиев УТРКдан Эшимкановду мыш кылып туруп айдап ийди» деп жазып чыкты эле. Канчалык жөнү бар?
– Моюнуна көпөлөк тагынса эле экс-мамкатчы өзүнүн мыш болгон доорун унутуп калабы? Курманбек Салиевич айдамак тургай «дагы эки жыл башкарып берсеңчи» дегенине көнбөй, былтыркы июлдан баштап эле отставка сурап алганымдан улам макул болгон.
– Максим Бакиев менен Израилге жашыруун барганыңар жөнүндө дуу кеп жүрдү, экөөңөрдүн мамилеңер ушунчалык ысыкпы?
– Ысык да эмес, суук да эмес. Ага-инидей жылуу мамиледебиз. Израилге Максим менен эмес, Азамат Курманалиев аттуу бизнесмен иним менен барганбыз. Дегиңкисин эле президенттин кенже уулу жөнүндө бүгүнкү күндө оппозиция акелер эмне деген гана жүрөк түшүргөн миф-жомокторду чыгарышпады! Узун кулак ушактын укмуш “вирустуу” таасирин ушундан көргүлө, Максим деген атты укканда ыйлап жаткан бөбөк да басылгандай образ жаратып жиберишти.
– Сиздин деле образдан мокочо жасагандан чарчай электер бар. Былтыр Шамшыбек Өтөбаев спецклиникадан көз жумганда жазышты “маданият министрлигин Эшимканов экөө талашып жүрүштү эле, бир мандем бар” го деп?
– Кийин ыраматылык Шамшыкенин жубайы «андайга ишенбейм, билбеген соң Кудай алдында күнөөгө баталбайм» деп маек курбадыбы. Же маданият министрлиги жок дегенде түшүмө кирсечи…
– Кээ бирлер катуу ичип алганда сөгүнүп, ырдап же мушташып кетет. Сиз шараптан көбүрөөк алсаңыз шак эле уктайт окшойсуз?
– Отурган жеримде уктайм. Так эле силердин «Супер-Инфого» мемиреп уктап жаткан сүрөттөрүм чыкпадыбы! Болгон окуяны берип жатсаңар, кантип танам? Эл оозунда жүргөн адамдар абайлабаса, кайырмакка заматта илинерин унутуп жатпайбызбы.
– "Таланттуу иниси Эрнистин "бутуна жем түшүп" көчөлөп калса, агасы карабай койду" дегендер да четтен чыгат.
– Жанымдай көргөн жалгыз инимди кантип карабай калайын? Эрнис менин үйүмдө жашайт. Азыр отурат, Конфуций менен компьютерди кучактап. Туура, ашкере чымыны барларды казыкка байлап коё албайсың, инимдин кээде «жылгаяк тээп кеткен» күндөрү да кездешет.
– «Учур» гезити жазды көрүнөт, «Мелис Эшимкановдун эки бөйрөгү тең иштебей, оор абалда оору­ка­нада жатат» деп. Сиз үн кат­па­ды­ңыз?
– Жума сайын беш өрдөктөрүн учуруп жатышса эле үн ката берейинби? Бирөөнүн өлүмүн тилегенче өз өмүрлөрүн ойлошпойбу. Ооба, жумасына эки ирет профессионалдар менен футбол ойнойм, анан өкүртө азарттын күүсү менен жыгылып, бутумдун эттерин байлаган балакеттерин (связки, капилляры) үзүп алган экенмин, ооруканага жатып, эки айдай таяк менен басып аксап калбадымбы. Тигилер жазган соң атайлап бөйрөгүмдү текшерттим, жарыктыгым куландан соо экен. Жазат десе эле, согот десе эле тантырамайга өткөн арбыды журналистикабызда.
– Хан сарайыңыздын сүрөтүн чыгарышты, «баасы 350 миң доллар экен», «баланчалар өрүлүктөп келишти», «ханзаада белекке бериптир» деген сыяктуу маалыматы менен кошо. Буга териккен жоксузбу?
– Тескерисинче, бекер жарнамасы үчүн «Жаңы ордо» басылмасына ыраазы болдум. Бекен досум Назаралиевге тамашалап айтайын дегем. «Ханзааданын эмес, жакын тууганым Бен Ладендин белеги! Сен деле жер кепеде жашабасыңды билем, андан көрө өрүлүктөп келип кет» деп. Мында эч сыр жок. Жаңы жыл алдында хан сарайга жетпесем да, эки кабаттуу жер тамга көчүп киргеним, төбөм көккө жетип кубанганым чындык. Чөнтөгүмдү аңтаргандардын олурайган суроосун түшүнүп турам. «Акчаны кайдан алды? Болду-болбоду КТРден жеди, эй!» деп жатышат. Отчёту мынакей. Бул жер тамды алыш үчүн шаардын чок ортосундагы кымбат квартирамды, «Кош жылдыз» долбоорунда бизнесмен досторум эл көзүнчө белекке берген өтө кымбат «Эскалайт-Кадилак» аттуу «крутой» Жипти, «Агым» гезитин саткандагы тапкан пулумду, айылдагы мал-салымды берип кутулдум. Анан калса 50 жашка чыкканча Эшимканов текей оттоп жүрдү дейсиңерби? Биз дагы базарга чыгып, Кытайга, Орусияга каттап, элчилеп майда болсо дагы бизнес жасаганды үйрөнгөнбүз, акебайлар. Чыныгы жегичтерди көрмөксөнгө салып, асылганыңар баягы эле мен. Же Роза Аманова айтмакчы, бүжүрөп байкуш болуп турсам жагат белем силерге?
– Бул маалыматка удаа эле «УТРКны башкаргандагы финансылык мыйзам бузуулары боюнча кылмыш иши генпрокурордун сейфинде сакталып турат» деп кабар таратышты го?
– Биринчиден, андай нерсени генпрокурор сейфине катпайт, иш козголсо дароо ачыкка чыгармак. Экинчиден, мен УТРКдан кеткен соң Эсептөө палатасы менен Финполиция үтүр-чекитине дейре текшерген. Алардын жыйынтык документин көргөм, кымындай да күнөө табышкан эмес. Үчүнчүдөн, кайсы күчтөр мага илинчек издеп кыйналгандарын жакшы билем. Мындайда бир гана жолуң бар – таза жүр деген, ошого каниет.
– Курултайлардан кийин Секретариат башчысы О.Малеванаянын ордун Эшимканов алмаштырат кыязында айың сөз тарады...
– Бул Оксана экөөбүздүн ортобузга от жакчулардын чыгарганы го. Андай планым жок.
– Президенттик шайлоо учурунда Жаныш Салиевич менен өтө жакындашып кеткениңизден да саясат жасагандар бар. Ал киши менен мамиле кандай?
– Жакшы. Аскердик адам эмеспи, Жаке маселени маалкатпай шак-шак бүтүрүп, чечкиндүү жүргөн, президент агасы үчүн башын сайып койгон азамат.
– Өткөн ишембиде оппозициячы досуңуз Т.Сариевдин атасынын ашына барды деп уктук. «Эки жээкке ойноп жатат» деп Ак үй тарап кабагын бүркөбөйбү?
– Ак үйдөгүлөр эмне, адамгерчилик, кыргыздын салт-санаасын кулпулап салды беле? Саясат менен пенделик озуйпаны эч качан карама-каршы коюп көргөн жан эмесмин. А эгер бирөөлөр мындан интрига чыгаргысы келсе алардын жеке проблемасы.
– Ынтымак курултайына делегатсыз, сөз тийип калса эмнени айтасыз?
– Дүжүрлөнбөйм. Кошоматтанбайм. Ачуу чындык менен бөлүшөм.
– Блиц-маегибизди аялзаты менен аяктасак. Жубайыңыз Аселдин бою сиздикинен бир топ бийиктей көрүнөт. Канча узун?
– Бойдогу айырманы «точно» билбейм, менден узун экени жашыруун эмес, бирок Аселёкту чексиз сүйөрүмдү «точно» билем!
– Сизди «кыз жандуу» деп гезиттер байма-бай жазгандарын токтотушпайт. Чындыгы бар го?
– Чыныгы эркектер кыз жандуу болбосо, эмнеси эркек?
– Ошол үчүн Ассоль Молдокматова «мага тийишти, Парижге чакырды, болбой койсом кызматтан кодулап жатат» деп билдирди беле?
– Аялзаты жөнүндө тетири сүйлө­гөн анча жакшы эмес. Билдирсе билдиргендир, бирок тийишкен, чакырган эмесмин. Кызматтан профессионалдык себептин негизинде кетиргенимди кесиптештерим билишет. Бирок Ассоль кыйын, азыркы жаштардын тили менен айтканда, креативдүү, гламур аял, КТРден кетсе да Ассоль бойдон калды.
– Гүлзинат Суранчиева экөөңөр тууралуу да ар кандай кептер айтыла калып жүрөт?..
– Ок, Кудай сактасын! Ал жакын карындашымдай, азербайжан күйөө балам Ралис менен дагы ынакмын. Андай романс имиштерди ээрчисек, кыргыз тележылдыздары менен шоу-бизнестеги сулуулардын 50 пайызы «Супер Дон Жуан» Эшимкановдуку болуп чыга келишет…
– Макул, Мелис байке, башка сөздөр да айтылып кете электе маекти ушул жерден токтотолу. Агынан жарыла ачык жооп бергениңизге рахмат.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ylduska
2010-03-19 14:22:52
Мелис Эшимканов- эн алдынкы апозиционер эле бат эле сатылып озумчул болуп кетти- мындай адамдар элди эмес озун дагы сыйлай албайт.
0
Debi
2010-03-19 14:32:14
"Экөөбүздү байлаган бир улуу сыр бар. Буга мен чексиз бактылуумун".
Ошого байлануу болсо жакшы, байланганы анда санда, анча мынча гана байкалат. Анда улуу сыр бар экенинин эмне пайдасы бар ага
0
биз
2010-03-20 12:09:50
"Кудай-Атанын жазмышынан да"-деп айтыптыр да.бул мусулман эмес го.?
0
efvjlc
2010-03-20 14:14:50
ylduska туура айтасын Мелис байке сатылып кетти
0
ЛИМОН
2010-03-21 16:06:40
Мен Эвреймин деп айтканын уга элексинерби?
0
erma
2010-03-22 02:19:46
Eshimkanov chigi beti jok adam eken Bilesinerbi opozisada jurgondo bydyldap bakievdir jamandap jurgonun tuuu ata erkek degen ertenkisinda oiloit Esli men biylike barsam ushulardi chekeden syndyram buiursa Kudaim bizge da nasip kylgandyr
0
Таллас
2010-03-24 20:18:28
"Живой" эки жүздүүнү көрүп отурганыма кубанычтамын..
0
kyrs
2010-03-26 15:06:56
Azyr elderdin baary ele ushundai bolup baratat!
Eki juzduulor oto koboiuudo.
Korochi adamdyk sapatyndy sakta kyrgyz.
0
ЛИМОН
2010-03-27 23:56:09
Эрма буюрса барасын. Бирок бийлик деген ажыдаарга айландырып алат абайла.Баары эле жакшы ниетменен барат кыйратам деп....
0
ylduska
2010-04-12 13:57:56
Эшимкановду таап Конгантиевдей кылыш керек.
0
Debi
2010-04-13 21:06:23
Кайда журот болду экен? Эми жаны бийлик келсе аларга эмне деп кыпчылар экен?
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан