РЕФЕРЕНДУМ 11-ДЕКАБРДА ӨТМӨКЧҮ

Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Ага ылайык, референдум 4-декабрда эмес, 11-декабрда өтмөкчү. Бул күнү депутаттардын аталган долбоор боюнча талкуусу күтүлбөгөн окуялар менен коштолду.

БАШ МЫЙЗАМДЫН ТҮП НУСКАСЫ ЖОГОЛДУ

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, ал: "Башынан эле ээрге кыйшык отурдуңар, Москвада кыздарыбыз каза болуп жатса, силер чогулуп алып мыйзамды коомдук талкууга койдуңар. Эми минтип Баш мыйзамдын түп нускасын таппай жатабыз, Конституцияны өзгөртүү аракетин жазга чейин токтото туралы",- деди. Жыйын учурунда депутат Данияр Аттокуровдун суранычы боюнча Конституциянын түп нускасын тактай келгенде ал эч жерде жок болуп чыкты. Негизи бул документ президенттин аппаратында сакталышы керек. Мындай маалыматты Конституциянын түп нускасын тактоо учурунда юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева билдирди. Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин айтымында, 2010-жылы референдумдун негизинде кабыл алынган Баш мыйзамдын түп нускасы президенттик аппараттын архивинде жок. Кийинчерээк сөзүнө тактоо киргизип, Роза Отунбаеванын колу коюлган мыйзам жана ага тиркелген Конституциянын нускасы архивде бар экендигин, бирок анын түп нускабы же жокпу билбей турганын айтты. Бул маалыматты уккан депутаттар түп нускасы жок Баш мыйзамды кантип өзгөртөбүз деп жатышты. Бул окуя боюнча "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев түп нусканы сактоонун жол-жобосун айтып жатып, "Атамбаев өзү же жоголууга жол берген анын аппаратынын жетекчилери жооп берсин" деди. Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов: "2010-жылы кабыл алынган Конституция кол коюуну талап кылган эмес. Ошондуктан түп нуска катары өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган текстин саноого болот",- деди.

РЕФЕРЕНДУМГА КАРШЫ БОЛГОНДОРДУН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ

Референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда 104 депутаттын 88инин колдоосун тапса, 16 эл өкүлү каршы чыкты. Мыйзам долбоору боюнча референдум алгач 4-декабрга коюлган эле, кийинчерээк 11-декабрга жылдыруу сунушталды. Буга чейин 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөрү жарыяланган.
Эскерте кетсек, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун 5 фракция демилгелеп, бирок акыркы редакциясына "Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери кол коюудан баш тарткан. Мунун себебин алар мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүргөн.
Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршы "Референдумга жол жок" кыймылы 8-октябрда элдик курултай өткөрүп, резолюцияда бийликке карата бир топ талаптарды койгон болчу. Кыймылдын өкүлү, журналист Бейшенбек Бекешовго кайрылганыбызда, ал учурда республика боюнча кол чогултулуп жаткандыктан, так санын айтуу кыйын экенин, өзү эле чогулткан колдун саны 3 миңге чукулдаганын билдирди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан