ТАЙТАК ЭРКЕКТЕР СЕКСУАЛДУУБУ?

– Биз менен кошо башка улуттагылар да (күрт, азербайжан) иштешет. Алар жүндүү, анан тайтак эркектер сексуалдуу болушат деп айтып калышат. Ушул туурабы? Шааркан, Ош.
– Сексологдордун далилдөөсүнө таянсак, узун бойлуулар эмес, чымыр денелүү орто бойлуулар сексуалдуу болушат. Секс-гиганттар деп орангутангды элестеткен жүндүү, анан тайтак эркектер эсептелет. Демек, сиз менен бирге иштешкендердин айткандарында чындык бар.


КЫЗДАР ТАМПОН КОЛДОНСО КЫЗДЫГЫНА КОРКУНУЧ КЕЛБЕЙБИ?

– Кыздар канча жаштан баштап тампон колдоно башташса болот? Кыздыгы бар кыздар үчүн тампонду урунуу коркунучтуу эмеспи? Аида, Токмок.
– Заманбап тампондор кыздык чел кабыкка зыян келтирет дегендик анча ишеничтүү эмес. Антсе да дал ушул гигиена каражатынын айынан кыздыгынан айрылгандар да кездешет. Тампонду колдонуунун коркунучтуу жагы – 4-8 саат сайын аны алмаштыруу. Бул кыздык чел кабыктын чоюлуп калышын шарттайт. Мындай учурда тампонду одоно салса, кыздык чел кабык айрылуусу да мүмкүн. Ушул үчүн да врачтар 17ге чыга элек кыздар үчүн тампонду колдонууну сунушташпайт. Андыктан, турмушка чыга электер башка гигиена каражатын колдонуусу туура.


«АЛИГИ» ЧОҢ БОЛСО ГАНА ЫРАХАТ АЛАМ...

– Көпчүлүк эл эркектин “алигисинин” өлчөмү мааниге ээ эмес дешет. Бирок, мен эркектердин “алигиси” 20 сантиметрден ашык болгондо гана ырахат алам. Бул эмнеси? Же менде кандайдыр бир оору барбы? Юлдуз, Жалалабат.
– Сиз терең вагиналдык оргазмга гана канааттана турган аз сандагы аялзатынын (1,5 пайызга жакын) катарына кирет экенсиз. Мындай аялзатынын жыныс тилчеси сезимтал келбейт да, сезгич рецепторлору жыныс кынынын капталдарында жайгашкан болот. Ошондуктан, “алигинин” өлчөмү мааниге ээ. Калган аялзатынын 98,5 пайызына жыныстык кошулуудагы ыйкоо менен сексуалдык эркелетүү маанилүү.


ДҮҮЛҮКТҮРҮҮЧҮ КАРАЖАТТАРДЫН ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БАРБЫ?

– Дарыканаларда сатылып жаткан дүүлүктүрүүчү каражаттардын организмге тескери таасири жокпу? Себеби, мен көбүрөөк колдонууга аргасызмын. Элдияр, Карабалта.
– Дүүлүктүрүүчү каражаттар: биологиялык активдүү тамак-аш кошулмасы жана дары каражаттары болуп экиге бөлүнөт.
Биологиялык кошулмалардын эч кандай тескери таасирлери жок. Ал эми дары каражаттарына келсек, алардын түрдүүчө тескери таасирлери бар. Мисалы, йохимбинден көбүрөөк ичип алганда, баш ооруп чыгат. Андыктан, кандай гана дүүлүктүрүүчү каражат болбосун, аны колдоноордо көрсөтмөсү менен таанышып чыгуу кажет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан