Азыр бармагымды тиштеп отурам. Эмнеге чечкинсизмин?! Өзүмдү өзүм жемелегенден башка аргам жок.
Жаңыдан студент болуп келген кез. Ар кайсы дубандан чогулган балдар, бири-бирибизден чочуркап, тыңыраак сүйлөшө албай аудиторияда чогулганбыз. Анан калса кийингенибиз да окшош сыяктуу. Жарашыксыз. Арабызда сен гана өзгөчө болуп турдуң. Бишкекте чоңойгон кыз, кыргызча үйрөнүү үчүн кыргыз группага атайын кошулуптур деп күбүр-шыбыр болуп жатканын уктум. Көрсө, сен шаарда өсүп, жарашыктуу кийингенди, өзүңдү караганды үйрөнүптүрсүң. Айылдан келген мен сыяктууларга сен Үрдүн кызындай, периштедей көрүндүң. Чала-бучук кыргызча сүйлөйсүң. Эч нерседен тартынбаган, жөнөкөй, бой көтөрбөгөн кыз экенсиң. Группабыздагы бардык жигиттерге жактың. А бирок жигитиң бар экен.
Эсимде, акыркы үлгүдөгү унаа айдаган узун бойлуу жигит окуу жайга алып келип, алып кетчү. Келбеттүү жигитиңди, анын унаасын көргөндө «духум» түшүп калган. Мен үчүн кол жетпеген максатка, кыялга айлангансың. Бирок сага ашык элем. Мен жакшы окуган үчүнбү же группада орусча сүйлөй алган жалгыз айылдык жигит мен болгон үчүнбү, сен мени менен көбүрөөк сүйлөшөр элең. А бул мага бакыт болчу. Лекция жүрүп жатканда экөөбүз акыркы партада ар кайсыны сүйлөшүп отурчубуз. Атың Айжан. А мен сенин номуруңду телефонума «Лунная красавица» деп орусчалап жазып алгам. Окуп алып жагымдуу жылмайып койгонуң эсимде. Анан бир ирет жигитиң менен тил табыша албай жатканыңды айттың. Мен болсо сага жигиттердин психологиясын түшүндүрүп берип, сага кеңеш айткан кишиге айландым. «Курбуң» болуп калдым. Жигитиң болушум керек эле. Чечкинсиз болуп, «койчу, ушу кыз мени кантип карасын?! Бул ким да, мен ким?» деп өзүмдү басынтып, эч бир батынып сезимимди билдире албай койдум.
Убакыт өтө берди. Жигитиң менен кол үзүштүң. Кубанганымды айтпа. Бирок ошондо да мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жокмун. «Курбуң» бойдон эле калдым. «Кандай гана жакшы адамсың! Сага жолуккан кыз бактылуу болот» дечүсүң.
Кийин турмуш-шартка байланыштуу сырттан окуп калдым. Кээде гана мен окуу жайга келгенде жолугуп калчубуз. Жолукканда да бир күн кечке сейилдеп, киного барып, чер жазыша сүйлөшөбүз. Кеч киргенде унааң менен үйүмө жеткирип барасың.
Бир ирет жатып алып «унаа алайын, анан Айдын кызы меники болот» деп чечтим. Ушул чечим дем берди. Унаа алсам эле даражам сеники менен бир болуп калчудай сезилген. Өз унаам менен сени үйүңө жеткирип барып, сезимимди билдирип жатканымды кыялданып тытынып иштей бердим. Толук бир жыл ичпей-жебей чогулткан акчама япондордун оң рулдуу унаасын алып эле сага чалдым.
– Кандайсың? Сүйүнчү, мен унаа алдым!
– Оо, кут болсун! Азамат! Менде да кубанычтуу кабар бар. Турмушка чыгып жатам!- жан дүйнөм алай-дүлөй болуп кетти. Кыялдарымдын заматта бырын-чырыны чыгып, көкүрөгүм аңгырап бош калды. Бир жума өтпөй сенин тоюңа күбө болуп группалаштар бардык. Сага күйөө болчу жигит мен сыяктуу эле айылдык, кебетеси меникинен да серт, капкара жигит экен. Муну көргөндө ого бетер жан дүйнөм жанчылып, өкүнүп гана туруп бердим. Андан бери толук 3 жыл өттү. Дагы эле бойдокмун. Дагы эле сага ашыкмын. Дагы эле сени сагынып, дагы эле баягы сени менен менин «даражамды теңемек болгон» унаамды айдап жүрөм. Аргам жок!
Бекзат