АДЕНОМА БӨЙРӨКТҮН ИШТЕБЕЙ КАЛЫШЫНА ЖЕТКИРЕТ

ПРОСТАТИТ – БУЛ УРУК ЧЫКТАГЫЧ БЕЗДИН СЕЗГЕНҮҮСҮ

Урук чыктагыч без – эркектердин экинчи жүрөгү болуп эсептелет. Аталган без табарсыктын алдында заара чыгаруучу каналды (түтүкчө) курчай жайгашкан.

Бездин милдети:

  • Күнүгө уруктукту чыктай (нымдай) турган 2 миллилитр суюктукту иштеп чыгарат.
  • Биологиялык активдүү заттарды иштеп чыгарат (биогендик аминдер, лимон кычкылы, холестерол, фосфолид).

Түрлөрү

Курч кармаган простатит жана өнөкөт простатит болуп бөлүнөт. Курч кармаган түрүн дарылабаганда өнөкөткө өтүп кетет.

Ооруну жаратуучу себептер:

  • Инфекциялар (бактерия, вирус), анын ичинде жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар. Цистит, уретрит оорусун дарылабаса да простатит жаралат.
  • Жыныстык катнаштын үзүл-кесилдиги.
  • Суукка урунуу, муздак сууга даарат алуу.
  • Отуруп иштөө образы.
  • Организмде витамин, микроэлементтердин жетишпестиги.
  • Стресс, депрессия жана физикалык жактан дамамат чарчоо.
  • Жаш курак (кан жана зат алмашуунун начарлашы).

Инфекциялар безге заара чыгаруучу түтүкчө жана кан аркылуу өтөт.

Оору белгилери

Төмөнкү оору белгилери простатиттин эки түрүнө тең тиешелүү:

  • Чатта, жыныстык мүчөлөрдө, бел тушта оорутуу сезилет.
  • Заара ушатуу кыйындап, түнкүсүн дааратканага чуркоо көбөйөт.
  • Заара ушатканда жана заңдаганда оорутуу күчөйт, кээде кан аралаш чыгат.
  • Эрекция төмөндөйт, төшөккө кызыгуу азаят, бел суу эрте түшөт.

Диагноз үчүн керектелет:

  • Инфекцияларга анализ тапшыруу
  • УЗИге тартылуу



Алдын алуу

  • 1 жылда 2 ирет урологдун текшерүүсүнөн өтүү
  • Кыймылда болуу (без жыйрылып иштеп туруусу керек)
  • Жыныстык жашоонун үзгүлтүксүз болушу
  • Сергек жашоо образын кармануу
  • E витаминине жана цинкке бай тамак-ашты көп колдонуу

Дарылоо

  • Комплекстүү дарылануу (антибиотик, физиотерапия, көтөн чучукка дары майларды салуу, заара чыгаруучу канал аркылуу дарыларды безге куюу жана башка)
  • Ооруканада дарыланган соң санаторийде дарыланууну улантуу (дары баткак менен дарылануу, дары ваннада жатуу жана башка)

АДЕНОМА

Урук чыктагыч бездин шишиги залалдуу жана залалсыз болуп 2ге бөлүнөт. Залалсызы аденома, залалдуусу рак деп аталат. Урук чыктагыч без сезгенгенде дарыланбаса, анда аденома, ал тургай рак жаралат.
Эми аденома боюнча сөз кылабыз. Шишик канчалык чоңойгон сайын заара чыгаруучу канал ошончолук кысылып, зааранын чыгышы кыйындайт.

Себептери:

  • Жаш курак (40-45 жаштан өйдө)
  • Тукум куучулук
  • Жыныстык гормондордун шайкештигинин бузулушу (тестостерон азайып, андропауза башталат)
  • Кандын курамында инсулиндин, лептиндин ашыкча болуусу
  • Д витамининин, цинктин жетишпестиги

Оорунун белгилери

Белгилери урук чыктагыч бездин сезгенүүсүнө окшош. Бирок төмөнкүлөр да кошулат:

  • Заара сызылып, өтө аздан бөлүнүп чыгат. Кээде токтоп-токтоп агат.
  • Толгон табарсык толук бошобой калып, аны 2-3 ирет аралыгы 5-10 мүнөттөн кылып бошотууга туура келет.
  • Заара ушатуу үчүн ыйынуу.
  • Бара-бара зааранын кармабай калышы.

Аденоманын өнүгүүсүнүн 3 этабы бар. Зааранын кармабай калышы 3-этапка кирет.

Оорунун күчөп кетиши

Зааранын сыртка толук чыкпай кала башташынан улам заара жолдору сезгенип, оорулар жаралат. Алып айтсак, уретрит, цистит, пиелонефрит, табарсыктын таш оорусу, гидронефроз. Акырында бөйрөктүн иштебей калышына алып келет.
Дарт күчөгөндө заара ушатууга мүмкүн болбой калат да, чат, бел чыдатпай оорутат. Зааранын чыкпай калышына кошумча себепкер болот:

  • Ичкиликти көп ичүү
  • Ич катуу
  • Суукка урунуу
  • Убагында заара ушатпоо

Мындай учурда ооруканага кайрылып, операция жасалышы керек болот. Башкача айтканда, урук чыктагыч без алынып салынат. Операциянын ачык жана эндоскопиялык жол менен жасалчу ыкмалары бар. Эгер табарсыкта таш болуп, бөйрөк начар иштесе, анда ачылып жасалат. Кокус бөйрөгү начар иштөө менен кошо табарсыктын булчуңдары алсызданып, бошоп калган болсо, анда операциянын 1-этабында табарсык туш тешилип, түтүкчө коюлуп, дарылоо жүргүзүлөт. Операциянын 2-этабы 3 айдан кийин жасалат.
Андыктан оорунун алгачкы стадиясында кайрылып, дарылануу кажет.

Дарттын алдын алуу үчүн

  • Диета кармап (этти, майды, ун азыктарын азайтуу), жашылча-жемишти көп жешиңиз керек.
  • Жылына 1-2 жолу урологго текшерилип, анализ тапшыруу зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Уролог: “Ичкилик простатитке алып келет”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан