БАНКТЫК КАРТ ЭЭЛЕРИНИН ЭСИНЕ!

Заманбап технологиянын өсүшү менен биз банктык эсепте сакталган акча каражатыбызды пайдалануунун ыңгайлуу, ыкчам жана ишенимдүү түрүн колдонууга өттүк. Тагыраак айтканда, банктык төлөм карттар тууралуу маалымат калктын калың катмарына белгилүү. Төлөм карттын жардамы менен ири суммадагы акчаны кооптонуу менен ташып же сактабай, каалаган учурда соода-сатыкта же кызмат көрсөтүүдө аны колдоно аласыз. Нак эмес төлөм жүргүзүүнүн дагы кандай артыкчылыктары бар, банктык карт же банкомат деген эмне деген суроолорго Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кулманбетов Улан Эмилевич жооп берди.

– Төлөм карт деген эмне жана алар кантип пайда болгон? Нак эмес төлөм жүргүзүүнүн таржымалына токтоло кетсеңиз...
– Банктык карттардын өнүгүүсү жөнүндө сөз кыла турган болсок, биринчи карттар дүкөндөрдө өзүнүн кардарлары үчүн ойлонуп чыгарылган. Андагы карттарды колдонгон кардарлар үчүн товарды арзан же насыяга алууга мүмкүндүк берилген. Алгач төлөм карттар картондон жасалган. Көптөгөн жылдарды ээлеген өнүгүү доорунун натыйжасында металл кесиндисинен жасалган төлөм карттары пайда болуп, бүгүнкү күндө ири төлөм системасына айланды. Тагыраак айтсак, төлөм системасына кирүү менен эсеп жүргүзүүнү уюштуруу бир кыйла жөнөкөй жана ыңгайлуу болуп калды. Карт ээсинин паспорттук жана жеке маалыматын, төлөө маалыматын жашыруун түрдө сактоого мүмкүндүк берүүчү чип же виртуалдык (электрондук карттар) карттар татаал технология жана техникалык жабдуулар менен жасалып келет. Төлөм карттар өзүндө акча сактабайт, болгону алар сейфтин ачкычы катары банктагы эсепке кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

– ПИН-код тууралуу түшүнүк бере кетсеңиз, ал эмне үчүн керек?
– Жекелик аныктоо номурун билдирген ПИН-код термини англис тилинен келип чыккан (PINpersonal identification number). ПИН-код 4-12 катар сандан турушу мүмкүн, бирок адатта төрт орундуу сан колдонулат. ПИН-код кол тамганын аналогу болуп саналат да, электрондук түрдө болот. Банктар кардарды көрбөй туруп, карт жана ПИН-код боюнча маалыматтардын жардамы менен алардын тейленишин аныктай алат. Ошондуктан ПИН-кодду эч кимге көрсөтүү же маалымдоого болбойт! Банкта картты алганда «пластик» жана ПИН-код (жашыруун санын) камтыган атайын конвертти кошо берет. Негизги эреже – конверттин ичиндеги маалыматты карт ээси гана билиши керек.
Бул эмне үчүн экенин түшүндүрөлү. Операция ПИН-кодду колдонуу менен өтсө, анда аны жокко чыгаруу кыйынга турат жана бүт жоопкерчилик карт ээсине жүктөлөт. Ошондуктан эреже катары банкоматтарда жана ПОС-терминалдарда
ПИН-кодду туура киргизүү үчүн үч ирет аракеттенүүдөн ашпаган чектөө турат. Бирөө-жарым сиздин ПИН-кодду билбесе, анда карттан акчаны чыгара албайт. Ошондой эле коопсуздук максатында банктар банкоматтарынан накталай акча алууда көлөмү боюнча чек коёт. Бул карт ээлерине бир аз ыңгайсыздыкты жаратканы менен, карт жана ПИН-код жоготулган учурда зыянды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

  • Жеке маалыматтардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу талап кылынат:
  • Картты үчүнчү жактарга ишенип берүү же таштап кетүүгө болбойт;
  • ПИН-кодду жеткиликтүү жерге жазып сактап алууга да болбойт;
  • ПИН-кодду бирөөгө маалымдоо туура эмес;
  • ПИН-кодду талап кылуу укугуна картты берген банктын кызматкерлери, жадакалса укук коргоо органдарынын кызматкерлери ээ эмес.

– Карт ээлери банкоматтарды колдонууда кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?
– Карт ээлери банкоматта картты же акчасын унутуп калган учурлар болот. Бул акчага чоочун адам ээлик кылып албашынын алдын алып, акча берилгенден кийин көбүнчө 20-30 секунда аралыгында банкомат акчаны кайра «жутуп алат». Ошондуктан көйгөйлөр жаралбашы үчүн карт кармоочулар шашылбай картты жана акчаны алуусу талап кылынат.
Банкомат биринчиден, техникалык жабдык болуп саналат. Ал электр тогунун үзгүлтүккө учуроосунан улам убактылуу байланышсыз калышы мүмкүн. Мындай учурда дагы шашылбай, банкоматтын узак убакытка чейин «жооп бербей», операция четке кагылганга чейин күтө туруу сунушталат.

– Кээ бир кардарлар төлөм карттарын жуттуруп жибергендигин айтып арызданышат. Бул кандай учурда болушу мүмкүн?
– Көбүнчө ПИН-кодду туура эмес киргизүүдөн, кожоюн өзүнүн төлөм картын банкоматта унутуп койгондо же карт уурдалган, жоголгон тизмеде болгон учурда банкомат картты жутуп алат. Аны кайрадан кайтарып алуу үчүн картты берген банкка кайрылуу зарыл. Бирок банк дароо эле картты кайтарып бере койбосун түшүнүү керек. Банкомат – акча борборунун аналогу жана анда иштеген кызматкерлер аны тейлейт (банкоматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген). Картты банкоматты инкассациялоодон кийин гана кайтарып берүүсү мүмкүн. Кайтаруу мөөнөттөрү жана шарттары банктын карттар менен иштөө эрежелеринде жана кардарлар менен түзүлгөн келишимдерде каралган.

– Жоготуп алган учурда картты кайра алуу үчүн эмне кылуу керектелет?
– Банктык картты жоготкондо же уурдатып алганда ыкчам түрдө картты берген банкка билдирүү керек. Ошондо гана карт кулпуланат (блокко түшөт). Картты берген банкка телефон чалып, "код сөзүн" айтып убактылуу кулпулоого салууга болот. Табууга мүмкүн болбой калса, карт ээсинин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча кулпулап коюуга болот. Мындай учурда ал карт колдонууга жараксыз болуп эсептелет да, ээсине жаңы карт берилет.

– Банктык картын уурдатып, андагы акчасынан ажырап калгандар дагы бар. Уурулар кантип бирөөнүн карты менен акча ала алышы мүмкүн?
– Бул адамдарды алдап, анын акчасына ээлик кылуудагы митаам адамдардын жеңил жолдорунун бири. Аларга ПИН-код белгилүү болгон учурда гана уурдалган же жоготулган карттарды колдонуп каражат чыгарууга мүмкүндүк түзүлөт. Көптөгөн учурда банк карттардын ээлери ПИН-кодду карттын бетине жазып алышат, бул алдамчылардын акчаны оңой алуусуна шарт түзөт. Ошондой эле кээ бир уурулар техникалык аспаптарды колдонушу мүмкүн.
Мындан сырткары алдамчылардын дагы бир ыкмасын айтсак, бул – скимминг. Скимминг – банкоматтарга атайын жабдыкты бекитүү (карт маалыматтарын көчүрүү жана ПИН-кодун билүү) менен карттан маалымат алуу боюнча көз боёмочулуктун түрү, карт ээлери ал жөнүндө билишпейт, анткени тиркемелерди таануу абдан кыйын болот. Ошондуктан банкомат менен колдонуу убагында ага кандайдыр бир бөтөн аспаптар тиркелген эместигин байкоо зарыл (микрокамера, карт-кабыл алуучунун үстүндө же тергичте кошумча жаздыкчалар). Шектүү буюмдар табылган учурда банкоматта же картта белгиленген байланышуу номуру менен чалуу борборуна (кардарларды күнү-түнү колдоо борбору) кайрылуу керек.

Карт кардарлары банктык эсебиндеги акча кыймылын текшерип туруу керек. Карт ээси жүргүзбөгөн операциялар боюнча даттанууга болот, бул шарттар банк менен түзүлгөн келишимде каралган, так белгиленген мөөнөттөрү бар.

Банк эрежелерин кылдат изилдөө жана аткаруу картты коопсуз жана тез пайдаланууга, мындан тышкары ал камтыган акчанын коопсуздугу үчүн кабатыр болбогонго мүмкүндүк берет.

– Карт ээлери өзүн кантип коопсуздашы керектиги тууралуу кеңеш бере кетсеңиз...
– Кандай болбосун дүрбөлөңгө түшүүгө шашылбаңыз. Эгерде сиз алдамчылыктын кандай түрлөрү бар экенин билсеңиз, анда сиз картыңызды оңой эле коргой аласыз. Ошол эле маалда картты колдонууда алгачкы талаптарды карманууну унутпаңыз.

1. ПИН-кодду жалгыз гана карттын ээси билиши зарыл. Аны эч кимге айтпаңыз, жадакалса туугандарыңызга жана банктын кызматкерине да маалымдабаңыз.
2. Жазылган ПИН-кодду карт менен чогуу сактабаңыз. Аны эстеп калуу же болбосо ишенимдүү жерде сактоо керек.
3. Картты бөлөк адамга бербеңиз. Эгерде сизге бейтааныш бирөө жардам бергени аракет кылып жатса, ага ПИН-кодду айтпаңыз жана тербеңиз. Эгерде картты банкомат жутуп алса, телефон аркылуу айтып, картты кулпулоо кылмайынча банкоматтын жанынан кетпеңиз. Андан көрө аны кайра кулпулоодон чыгарып коюу же жаңы карт чыгарып алуу оңой.
4. Картты колдонордун алдында дайыма банкоматты кылдаттык менен текшериңиз: анда ар кандай орнотулган мини-камера же болбосо жасалма клавиатура жок экенин байкаңыз.
5. Картты жоготор замат сиздин эсеп менен чоочун адамдар колдоно албашы үчүн дароо банкка билдирип, картты кулпулоого коюңуз.
6. Банкоматтан акча чыгарып жатканда терип жаткан ПИН-кодуңузду бирөөнүн көрүп алуусунан сак болуңуз. ПИН-кодду терип жатканда клавиатураны колуңуз менен жаап алыңыз. Эгерде кандайдыр бир маселе пайда болсо, жооп алыш үчүн банкка кайрылыңыз.

Ар бир карттын ээси сактык чараларын карманышы зарыл жана коргоо талаптарын сакташы керек, ошондо гана митаамчылык коркунучу минималдуу болот.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tansuluu09
2016-10-31 17:11:44
Жакшы маалыматтар бар экен.. рахмат
+1
Tansuluu09
2016-10-31 17:12:25
Жакшы керектуу маалыматтар бар экен...
+2
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан