Карьера деп баладан баш тарткан САНДРА БУЛЛОК

Голливуддун менменсинген кино жылдыздары ишинин жыйынтыгын бир гана нерседен күтөт. Бул ар жылы тапшырылуучу “Оскар” сыйлыгы. Төмөндөгү актриса кино дүйнөсүндө канча жылдан бери олуттуу орунду ээлеп келсе да, быйыл гана чоң даражадагы “Оскар” сыйлыгына татыды. Ал – 45 жаштагы актриса Сандра Буллок.

Толук аты-жөнү – Сандра Аннетт Буллок
Туулган жылы – 1964-жыл 26-июль
Туулган жери – Арлингтон, Виргиния, АКШ
Сыйлыктары – «Оскар», «Алтын глобус»
Жоготуусу – 2000-жылы апасынан ажыраган
Үй-бүлөлүү

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Дайыма брондолгон Лимузинде жүрөт. Жанынан эки жансакчынын коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.
  • Бош убакыт болсо 4 күндө бир жемпир токуй алат.
  • Жылкыдан аллергиясы бар, атка жакындаганда эле чүчкүрө баштайт.
  • Сол көзүнө жакын тырыгы бар. Ал кичинесинен калган.
  • Эч качан тамеки тартып, баңгизатын колдонуп көргөн эмес. Анткени рак оорусунан коркот.
  • Жеке телекомпаниянын ээси.
  • Эски мекемелерди сатып алып оңдоп-түзөп, кайра сатып бизнес кылат.
  • Колу ачык. Жардам берүүдөн баш тартпайт. Мисалы, 2001-жылы 11-сентябрда АКШда­ террорчулардан жапа чеккендерге 1 миллион доллар берген.

САНДРА – “НЕМИС КЫЗЫ”
Чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген кичинекей Сандранын бала чагы Америка менен Европанын ортосунда өткөн. Себеби апасы Хельга Мейер опера ырчысы болгондуктан, жумушуна байланыштуу дайыма гастролдоп жүрчү. Ал эми атасы Жон Буллок вокалдан сабак берген мугалим. Сандра музыкалык мектептен билим алып, балет менен вокалды мыкты өздөштүргөн. 12 жашында ата-энеси туруктуу жашоо үчүн Германиядан АКШга көчүп келишет.
Жер алмаштыруу Сандра үчүн өтө оор болгон. Немис тилинде сүйлөп көнүп калгандыктан, болочок жылдыз англис тилинде акцент менен сүйлөчү. Муну билген классташтары ага “немис” деген лакап ат коюп, дайыма мыскылдашчу.

ОФИЦИАНТТЫКТАН АКТРИСАЛЫККА...
Сандра мектепти аяктаган соң штаттагы окуу жайлардын биринен юридикалык факультетке тапшырат. Көп өтпөй окуусун таштап, Нью-Йоркту көздөй бет алат. Максаты белгилүү фотомодель же стюардесса болуу эле.
Тилекке каршы, чоң шаар Буллокко фотомоделдин креслосун же стюардессалыкты даярдап күтүп жаткан эмес болчу. Ал кыялын орундатуу үчүн көп акча керек экенин түшүнөт. Ата-энесинин каршылыгына карабай, окуусун таштап келгенден кийин кайрадан алардан жардам сурагандан уялып, өзү иштей баштайт. Тапкан жумушу кардарларды тейлөө болгон. Башкача айтканда, кафелердин бирине официант болуп орношот.
Сандра иштеп гана тим болбостон, актёрдук курста да окуйт. Үч жыл бою актрисалык карьерага умтулган Буллок официант болуп иштеп, акыры окуусун бүтүп, шаардагы театр­лардын бирине жумушка орношот. Театрдан тажрыйба топтогон болочок жылдыз тасмага тартылууга ашыгып, Лос-Анжелестен бакыт издеп жөнөйт. Бул сапары Буллок үчүн кубанычтуу болгон. Себеби дал ушул шаарда мыкты режиссёрлордун көзүнө көрүнө алган.

ИЙГИЛИКТИН ЭРТЕ-КЕЧИ ЖОК
Дүйнөлүк масштабда Сандраны тааныткан тасма фантастикалык жанрдагы “Бүлдүргүч” («Разрушитель») болду. Ага Буллок атактуу актёрлор Сильвестр Сталлоне жана Уэсли Снайпс менен биргеликте тартылган. 1993-жылы аталган тасма жарыкка чыгары менен сатыктан 60 миллион доллар каражат топтогон.
Бир жылдан кийин актриса “Ылдамдык” (“Скорость”) фильмине тартылган. Бул тасмада Сандра атактуу актёр Киану Ривз менен биргеликте роль жараткан эле. Аталган тасманын сатыктан тапкан каражаты 350 миллион долларды түзгөн. Жылдыз айымдын акыркы ийгиликтерине көз чаптырсак, “Сунуш” (“Предложение”), “Көрүнбөс тарап” (“Невидимая сторона”) жана башка тасмалардагы башкы ролдору менен эл эсинде калган. Өз кесибин сүйүп, ага берилген ролду мыкты ойногон актрисалардын катарын толуктаган Сандра ушул жылы эмгегинин үзүрүн көрдү. Ал атактуу “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты актриса” наамына татыды.

САНДРАНЫН САН ЖЕТПЕС МЫРЗАЛАРЫ
Оо, Сандра Буллоктун жашоосундагы мырзалар тууралуу атайын китеп жазса да болчудай. Анткени эл арасында “анын мырзаларынын санын санагандан адашарың анык” деген тамашалуу кептер айтылат. Сандра биринчи жолу 20 жашында Жан-Мишель Винсент аттуу актёр менен мамиле куруп, ага турмушка чыгат. Бирок экөө көпкө түтүн булатышкан эмес. Актриса эмнегедир бул никеси тууралуу кеп козгоодон дайыма баш тартып келет. Андан кийин Сандра төрт жыл актёр Тейт Донован менен жашаган. Ал Донованды “кыялымдагы мырза” дечү. Кыялындагы мырзасынан ажыроосуна “Сандра Киану Ривз менен жакын мамиле куруп жүрөт” деген ушактар себеп болгон. Сүйгөнү такыр ишенбей, акыры экөө эки башка жолго бет алышкан.
Убакыттын өтүшү менен Буллоктун Ривз менен болгон мамилеси ачыкка чыгат. Киану Сандра дегенде акылынан адашып, күнүн ага гүл тартуулап баштоодон тажабачу экен. Бирок актрисанын бул сүйүүсү да көпкө узаган эмес. Кайсы бир себептерден улам экөө ажырашып кетишкен.
Мындан башка дүйнөлүк шоу-бизнестеги атактуулардан Крис О’Доннел, Мэттью МакКонахи, Дэнис Лири, Гай Форсайт, Боб Шнайдер, Райан Гослинг жана башкалар менен сүйүү дастанын курган делет. Эң кызыгы, Сандра үчүн “мен сени сүйөм” деген эң оор сөз. Бул ыйык сөздү актриса оңой менен айтпайт. Атактуу актриса 40 жашында Голливуддагы популярдуу телеалпаруу­чу Жесси Жеймске турмушка чыккан.

ӨЗҮ ЭНЕ БОЛБОЙ ТУРУП, ӨГӨЙ ЭНЕ АТАЛЫП...
Жесси Сандрага үйлөнгөнгө чейин үй-бүлөлүү эле. Өзү тележылдыз болсо, аялы порножылдыз. Экөө үч баланын ата-энеси. Жеймс ажырашканда балдары аялында эмес, өзүндө калган. Учурда Буллок жолдошунун үч баласына өз баласындай тарбия берүүгө аракеттенип келет. Бирок "Жеймстин улуу балдары Сандрага начар мамиле кылышат" дешет. Ошого карабай атактуу актриса жан шеригин сүйгөндүктөнбү, айтор, баарына чыдап жашап келет. Ал эми “өзүң эмне үчүн балалуу болбойсуң?” деген суроого ал: “Мен 17 жашымда деле балалуу боло алмакмын. Бирок анда бүгүнкүдөй ийгиликке жетишмек эмесмин. Анан да баланы сүйүктүү адамыңдан төрөш керек. Мен сүйүктүүмө эми кезиктим. Эми бүлөбүз чептей бекем болуп турганда сөзсүз эне болууга жетишем”,- деп өзүн жубатат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ЛИМОН
2010-03-20 08:15:00
Кыскасы таксистти куйом дебе,артистти аялым дебе дегендей да.
0
Margosha
2010-03-23 20:59:05
Ona ochen talantlivaya aktrisa, k tomu je ochen krasivaya!!!
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан