«SKY MOBILE» ЖЧКСЫ («BEELINE» СМ) ӨЛКӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ ИШ БЕРҮҮЧҮСҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ!

«Sky Мobile» ЖЧКсы («Beeline» СМ) персоналды башкаруу тармагындагы биринчи улуттук «HR-Excellence Awards 2016» сыйлыгынын «Мыкты HR-бренд», «Мыкты HR-директор» жана «Өзгөрүүлөр» номинацияларында жеңишке жетишти. Иш-чаранын уюштуруучусу – «WIND» кадр агенттиги.

BEELINE «HR-EXCELLENCE AWARDS 2016» СЫЙЛЫГЫНЫН ҮЧ НААМЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

Сынакка Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактары: финансы секторунан тартып телекоммуникация рыногуна чейин, соода, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү боюнча 20дан ашык компания катышты. Жеңүүчүлөрдү аныктоодо катышуучулардын персоналды башкаруу жаатында ишке киргизген долбоорлору жөнүндөгү презентациялары каралып, өлкө ЖОЖдорунун студенттери арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары эске алынды.
Кадрлар сыйлыгынын бир убакта үч номинациясында жеңишке жетишүү жөнүндө таасирлери менен бөлүшкөн «Sky Mobile» ЖЧКсынын («Beeline» СМ) персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси Айнура Кошоева компания үчүн мындай жогорку баа абдан маанилүү экенин белгиледи: «Эл аралык кесиптик жамааттын таануусуна гана эмес, ЖОЖдордун миңдеген студенттеринин «Sky Mobile» эң мыкты иш берүүчү катары эсептеген жакшы пикирлерине дагы ээ болуу эки эсе жагымдуу. Бул жалпы экономикалык кризис курчуп, телекоммуникация индустриясы туш болгон чакырыктардын фонундагы бизнестин курамдык өзгөрүшү мезгилинде болуп жатат».
Кошоеванын айтымында, бүгүнкү күнү персоналды башкаруу бардык деңгээлдеги жана ар кандай ишмердүүлүк жүргүзгөн компаниялардын негизги стратегиялык багыттарынын бири. HR айрым бир адамдын же кызматтын функционалы эмес. Азыр тенденция мындай болуп жатат – кызматкерлер менен өз ара аракеттешүүнү мыкты кесипкөйлөрдү тартуудан аларды ар дайым мотивациялоо жана компанияда өнүктүрүүгө чейин жетекчилик өзүнө алууда. «Өз бизнесин мыкты кадрлар менен өз алдынча камсыздай алган менеджер – жогорку деңгээлдеги кесипкөй. Адамдар менен иштөө – татаал процесс. Аны физикалык күч колдонгондо тамырдын кагышын дайыма текшерип туруу менен салыштырууга болот. Кымындай өзгөрүүлөрдү байкап, аларды башкаруу – HR милдеттеринин бири гана. Мифтерден арылуу убагы келди. Персоналды башкаруу – чыгармачыл жана жооптуу кесип. Бул бюрократия, кагаздар жана жабдуулар эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана зор перспективалар»,- дейт «Sky Мobile» ЖЧКсынын («Beeline» СМ) персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси.
Компанияда пайда болгон жана жакында ишке киргизиле турган жаңылыктар жөнүндө айтып жатып, «Sky Mobile» ЖЧКсынын («Beeline» СМ) башкы директору Ернар Накисбеков корпоративдик маданияттагы стратегиялык өзгөрүүлөрдү белгилеп кетти. Кеп команданын өз алдынча өнүгүүсү үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү, ошондой эле мекеменин өнүгүүсүндөгү баалуулуктарды өзгөртүү тууралуу болуп жатат. «Ички трансформациясыз рынокто инновациялуу болуу, кардарларга жаңы продуктуларды жана кызматтарды сунуштоо мүмкүн эмес экенин биз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан азыр биздин алдыбызда персоналды компаниянын жашоосуна тартуу максаты турат, биз кызматкерлерибизге көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү жана өзүн көрсөтүү эркиндигин берип, балким, өздөрү билбеген таланттарын ачууну каалайбыз. Бизде жаңы идеялар жана сунуштарга жол ачык. «ВымпелКом» компаниялар тобунда азыр активдүү түзүлүп жаткан инновациялык чөйрө биздин бренддин сапаттык өсүшүнө түрткү берет деп ишенем»,- дейт Накисбеков.
Ернар Накисбековдун айтымында, «HR-Excellence 2016» сыйлыктарына ээ болуу – «Beeline» СМ үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Компанияга сырткы чөйрөгө өз кесипкөйлүгү жана максатка умтулгандыгын көрсөтүү менен бул чекти сактап калуу гана эмес, өз кызматкерлерине алардын компания үчүн баалуу экенин далилдөө маанилүү. Ушундай жагдайда гана персоналды башкаруу жаатында алган сыйлыктар чыныгы жетишкендик болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан