Владислав Ушаков, фотограф: "КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕРЕМЕТ ЖЕРЛЕРИН МЕНДЕЙ БИЛГЕН АДАМ ЖОК"

"Тарткан сүрөттөрүмдү иретке келтирип жатып "чындап эле мен ушундай жерде болдумбу?" деп ишенбей кетем",- дейт фотограф, саякатчы Владислав Ушаков. Фотограф мырза Кыргызстанды түрө кыдырып кооз жерлерди фотоаппаратына түшүрүп, кайталангыс көз ирмемдерди тартуулаганга шыктуу.

– Влад, саламатсызбы? Кеп нугун канча жылдан бери фотограф болуп иштеп жүргөнүңүздөн баштасак?
– Саламатчылык. Мен 20 жылдан бери фотограф болуп иштеп келем. Бул жылдарда Кыргызстандын көптөгөн массалык маалымат каражаттары менен иштештим. Кезинде Мелис Эшимканов "Асаба" гезитин негиздеп жүргөндө чогуу иштешип калган жайым бар. 15 жылдай фотожурналист болуп тажрыйба топтогондон кийин өзүмдүн жеке долбоорлорумду ишке ашырууга өттүм. Өз чөнтөгүбүздөн социалдык сайттарды ачтык. 6 жыл мурун Кыргызстан фотожурналисттер союзун негиздегенбиз.

– Сиз фотограф, саякатчы, изилдөөчү, уюштуруучу экенсиз. Аталгандардын кайсынысы өзүңүзгө жакын?
– Мен жөн гана көп нерсеге кызыккан адаммын. Экология, туризм, тарых, мунун баарына көңүл кош карай албайм. Кыргызстан ушунчалык кызыктуу өлкө, кээде кызыктарды казып түбүнө жете албайсың. Мен учурда өлкөбүздөгү экологиялык проблеманы такай көтөргөн фотожурналисттердин биримин. Ысык-Көлдүн капчыгайларында кылым бою жашаган токойлор кыйылып жатканын көрүп жүрөгүң тилинет. Азыр ал капчыгайларды жаман жолдор гана сактап турат. Эгер жолдору жакшы болсо, эл токойдогу дарактарды кыйып эчак жок кылмак. Мисалы, түштүк жергесинде эл курулушка деп атайын теректерди отургузушат экен. Атасы отургузган теректер 10-20 жылда чоңоюп, ага баласы үй салат. Ал эми бизде, түндүктө, токойго барып кылымдан бери жашаган талдарды кыйышат.

– Саякатка кызыгууңуз да фотограф болуп жүрүп иштеп жүргөндө пайда болгонбу?
– Ооба, фотограф болуп жүрүп көп нерсеге кызыгуум артты.Туристтер келсе Ысык-Көл, Сары-Челек, Соң-Көл, Арсланбаптан башка көрсөтө турган жер жоктой сезилет. Бирок бизде андан да кызыктуу жерлер бар, болгону жакшылап кыдырып көрүш керек. Ал эми бишкектиктер эс алганы Ала-Арча капчыгайына, Ысык-Көлгө, анан чоң энесиникине жайлоого барышкан, болду. Мисалы, Ошто жашаган жаран Таласка караганда Москвага көбүрөөк барат. Ошентип бири-бирибиздин аймагыбыздагы өзгөчө жерлерди көрүүдөн алыстап кеттик. Мен Баткенде Сары-Тоо деген түстүү тоо бар экенин билген эмесмин. Жанынан көрсөң ушунчалык кооз, көз жоосун алат. Мен өзүм 9 жылдан бери Кыргызстанды кыдырып саякаттап жүрөм, бирок ушул аралыкта Кыргызстандын географиясын толук изилдеп бүтө элек болушум керек. Ушундай өлкөбүздүн эл көрө элек жерлерин кыдырып саякатка чыгып тааныштыруу үчүн Равиль Темиргалиев деген таанышым экөөбүз бир жыл мурун саякат клубун ачканбыз. Кээде жергиликтүү тургундар бизди турист экен деп кабыл алышат. Андай учурда "биз да кыргызстандыкпыз" деп айтам. Бишкекке келгенде тарткан сүрөттөрүмдү иретке келтирип жатып "чындап эле мен ушундай жерде болдумбу?" деп ишенбей кетем.

– Келечегиңизди кайсы өлкөдөн көрөсүз?
– Өзүмдү Кыргызстандан башка жерде көрө албайм. Мен ушунчалык кыргыз болуп кеттим, жадакалса башка өлкөгө барсам өзүмдү чоочундай сезем. Мен тоо, суу, капчыгайдын баласымын.

"Акыркы жылдары Кыргызстанда сейрек кездешүүчү илбирс менин сүйүктүү жаныбарым. Бул сүрөттү атайын илбирстер багылчу тоодон тарткам".


"Күз айындагы Суусамырдын жолдору".


"Жаш балдар менен чал-кемпирлерди сүрөткө тарткан абдан жагат. Анткени аларда жасалмалуулук жок, кандай болсо ошондой сүрөткө түшүп беришет. Жаш балдар аруу, ою тунук. Ал эми чал-кемпирлер жашачу доорун жашап "бет кабын" сыйрып таштап коюшкан болот".


"Талас облусундагы Беш-Таш капчыгайында жайгашкан тоо үстүндөгү көл. Биринчи жолу экспедицияга чыкканда бул жактан 2 эле көлдү көргөнбүз, кийинки барганыбызда 8 көл бар экенин билдик. Эмки жолу барганда 8 көлдү тең кыдырып чыгам деп жатам".


"Түркүн түстүү "Сары-Тоо" деп аталган тоо. Аны жанынан көрсөң кадимки күн желесин элестетет. Мындай тоо Кытайда да бар, ал жакка миллиондогон туристтер келишет. Ал эми Баткенде ушундай тоо бар экенин баткендиктер өздөрү да билишпейт экен".


"Баткен облусундагы "Суу башы" деп аталган ыйык дарак".


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
vangolu
2016-10-31 11:28:59
соз жок.сонун экен.дагы толтура сурот коргум келип жатат.
+5
i-bilim
2016-10-31 11:38:13
Суроттору козду ачат го
+2
gulzar_gulu
2016-10-31 13:50:31
Кичинекей кыз өзгөчө таасир калтырды ))
+1
batkendik.18
2016-10-31 16:05:51
Бул дуйнонун бейиши Кыргызстаным.Ушундай жерлерди саткан коргой албаган жепчычаттарды окмотту ойлосон эээх ойлоно берип журок оору болуп калдыкко.
+3
Sara06
2016-10-31 18:46:06
Ушул байкенин коргозмосу болсо барып келет элем, аябай сонун жерлерди тартыптыр.
+3
nura.177
2016-11-01 03:56:48
Чоон рахмат биздин мекендешибизге кыргыз болбосода биздин жерди элди муйуп кыргызстандык болуп калганына . Озубуздун жегичтер журот бир тыйын пайда келтирбей зыянын кылымдар бою тартчуудайбыз журок ооруйт келечегибизди ойлосок
+2
surgeon777
2016-11-04 01:16:29
Коргозмосу болсо маалымат берип кетиниздерчи админ.
Абдан кызыктуу болсо керек деп ойлойм.
0
kyialreal
2016-11-16 16:26:55
Менда жаратылышты суротко тартканы кызыга.
0
kanykei95
2016-11-26 15:53:23
чындыгында билбейбиз Кыргызстан кандай кооз жер екенин рахмат Аллах раазы болсун
0
Aidai85
2018-08-06 16:00:17
Колдо бар алтындын баркы жокккк......
0
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан