БАЛДАРДЫН ЖУГУШТУУ ООРУЛАРЫ

Балдардын жугуштуу ооруларына кызамык, суу чечек да кирет. Аталган оорулар боюнча КММАнын Балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, жогорку категориядагы дарыгер Дамирахан Чыныева баяндайт.


КЫЗАМЫК

ООРУ ТУУРАЛУУ
Кызамык оорусун вирус козгойт. Оорулуу баладан соо балага аба аркылуу (чүчкүрүү, жөтөлүү, сүйлөшүү) жугат. Аталган ооруга кышында көп чалдыгышат. Буга суукта бөлмөлөрдүн көп желдетилбей, жылуу бойдон турушу себепкер. Анткени мындай абал вирустун жашап кетишине шарт түзүп берет.
Энесинен алган иммунитети болгондуктан, 6 айга чейинки ымыркайлар бул оору менен оорушпайт. 7-8 айдан тартып ооруга чалдыгуу коркунучу көбөйөт.
Кээ бир ата-энелердин кызамыкты жеңил оору катары кабыл алгандары туура эмес. Себеби кызамык баланын иммунитетин жок кылып салгандыктан, түрдүү ооруга чалдыгуу коркунучу туулат. Андыктан кызамык менен ооруп айыккан баланы 1 айга чейин башка балдарга кошпой, эл көп топтолгон жерлерге алпарбай, жакшылап кароо кажет.
Эгер адам кичинесинде кызамык менен оорубаса, анда чоңойгондо деле ооруга кабылышы мүмкүн.

БЕЛГИЛЕРИ
Вирус организмге киргенден тартып анын жашыруун көбөйүү мезгили 9-21 күндү түзөт.
Баланын дене табы 38,5 градуска чейин көтөрүлөт, жөтөл менен мурун бүтүү келип чыгат. Көзү чылпактап, күндү жана электр жарыгын карай албай калат. Көңүлү айнып, тамакка табити жоголот. Таңдайда кызыл тактар пайда болот. Бул оору белгилери 3-4 күнгө созулат. 3-4 күндөн соң дене табы түшүп, кайра көтөрүлөт. Андан кийинки 1-күнү кулактын артында, моюнда, бетте кызыл бүдүрчөлөр пайда болот.
2-күнү кызыл бүдүрчөлөр баланын денесине, колуна чыгат.
3-күнү бүдүрчөлөр буттарына тарайт. Бул 3 күнү тең баланын үнү бүтүп, жөтөлөт. Бүдүрчөлөр бири-бирине кошулуп, чоң аймакты ээлеп калышы да мүмкүн.
4-күндөн баштап тактардын өңү өчүп, бүдүрчөлөр кете баштап, баланын абалы жеңилдейт.

КАБЫЛДАП КЕТСЕ...
Бронхит, пневмония, конъюнктивит (көздүн сезгениши), менингоэнцефалит (баш мээнин жана жүлүндүн сырткы кабыгынын сезгениши), отит (кулактын сезгенүүсү), стоматит (оозул), лорингит (тамак оорусу) жана башка оорулар келип чыгышы мүмкүн.
Кокус кызамыктын вирусуна башка бактериялар келип кошулса, анда баланын тамагы шишип, дем ала албай муунуп, бала чарчап калуусу да мүмкүн.
Учурда 1 жана 6 жашка толгон балдарга атайын эмдөө жүргүзүлөт. 1 жашында кызамыкка, кызылча (краснуха) жана паротитке (тепме) каршы КПК вакцинасы сайылат.
6 жашында кызамыкка, кызылчага каршы эмдөө жүргүзүлөт.

БАЛА ООРУП КАЛСА...
Кызамыктын белгилери билинсе, баланы төшөккө жаткырып, “Тез жардамды” чакырыңыз. Эч качан балага антибиотик бербеңиз. Анткени алар кызамыктын вирусун өлтүрө албайт. Кокус оору кабылдап баратса, дарыгер гана антибиотик сунушташы мүмкүн. Дарыгердин диагнозду туура коюусу маанилүү. Себеби кээ бирөөлөр жаңылышып, аллергия деген диагноз коюп дарылашы мүмкүн. Мындай болгондо оору кабылдап, баланын абалы кыйындайт.
Эгер бала кызамыктын жеңил түрү менен ооруса, дарыгердин көрсөтмөсү менен үйдө кароого болот. Эгер оорусу кабылдап кетсе же баланы үйдө кароого шарт жок болсо, ооруканага жатуу зарыл.
Эгер бакчада кызамык катталса, анда калган балдарга (вакцина албагандарга) гамма-глобулин сайылат. Муну алган балдарда оору жеңил өтүп, денесинде бүдүрчөлөр аз чыгып, көңүлү да айныбайт. Демек, бат айыгып кетет.

ООРУЛУУ БАЛАНЫ КАРАП, БАГУУ
Бала жаткан бөлмөнү 3-4 маал жууп, шамалдатып туруу керек.
Бөлмөгө күндүн тийишинен коркуу туура эмес. Анткени күн нуру бөлмөдөгү микробдорду өлтүрөт. Болгону, күн нуру бала жаткан жерге түз тийбегидей болгону жакшы. Ал эми таза аба баланын организмин чыңдайт.
Ооруган балага диета чектелет. Ачуу, туздуу, ачкыл, ышталган азыктарды бербөө керек. Жеңил сиңе турган тамактарды берүү кажет. Эмчектеги балдарга эмчек сүтүнөн тышкары кычкыл эмес жемиштердин ширесин (банан, алмурут), компот берсе болот. Ал эми чоңураак балдарга сүт жана сүттөн жасалган азыктарды (быштак, йогурт, сүт ботко, айран ж.б.), сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз же алма пюресин, банан, компот берүү зарыл. Ал эми аллергия чакыра турган жашылча-жемиш, азыктарды таптакыр бербөө керек. Анткени булар ооруну күчөтүп жиберет. Аллергия чакыра тургандарга: жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштери, тоок эти, дан куурай (малина) кирет.


СУУ ЧЕЧЕК

КЫШТА КҮЧӨЙ ТУРГАН ООРУ
Суу чечек да аба аркылуу жугуучу оору. Варицелла-зостер аттуу вирус козгойт. Вирустун тышкы чөйрөгө туруктуулугу начар болгондуктан, күн нурунан өлөт. Суу чечек менен ымыркайлар төрөлгөндөн 1 айдан баштап ооруй башташат. Оору суук мезгилдерде күчөйт. Бул да кызамык сыяктуу бөлмөлөрдүн желдетилбей, жылуу кармалышы менен түшүндүрүлөт. Вирус мындай шартта жашап, көбөйөт.
Оорунун жашыруун өнүгүү мезгили 9 күндөн тартып 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Анан денеде оору белгилери билине баштайт.

ООРУНУ КАНТИП АНЫКТООГО БОЛОТ?
Дене табы 37-38,5 градуска дейре көтөрүлөт. Бир нече сааттан соң дененин ар кайсы жерлеринде кызыл тактар пайда болот. Убакыт өтүп, ал кызыл тактар барсылдактарга (ичинде суюктук бар ыйлаакча) айланат. Дене табы түшүп, кайра көтөрүлө берет. Дене табы көтөрүлгөн сайын барсылдактар көбөйөт. Эскертип кетчү нерсе, температураны түшүрүүгө аракет кылбоо зарыл. Анткени организм өзү суу чечекке каршы иммунитетти иштеп чыгарат. Дене табын түшүрүү иммунитеттин иштелип чыгышына жолтоо болот да, оору узакка созулат.
Барсылдактар чачтын арасына, жыныстык органдарга да чыгат. Бала алсырап, тамакка табити тартпай калат. Чыйрыгуу, калтыроо күтүлөт. Оору 5 күндөн 1-2 аптага дейре созулат.

ООРУГАН БАЛАНЫ КАРАП, БАГУУ
Ооруган баланы тө­шөккө жаткырып, “Тез жардам” чакыруу зарыл. Үйдөгү башка балдарга оору жукпашы үчүн ооруган баланы өзүнчө бөлмөгө бөлүү керек. Бөлүп кармоо оорудан толук айыккандан кийин да 5 күнгө созулат.
Ооруган баланы үйдөн караса болот. Ысыкта бүдүрчөлөр абдан кычыштырат. Андыктан баланы тердебей тургандай кармоо кажет. Бөлмөнүн салкын болуусу талапка ылайык. Баланын тырмагына да көз салуу кажет. Анткени бала кокус кир тырмагы менен тырманса, барсылдактардын бети сыйрылып, бактериялар кирип кетет. Барсылдактарга зелёнка сүйкөлөт. Ич кийимдерди күн сайын которуп туруу зарыл. Анткени эски сыйрылган карттардан барсылдактарга бактериялар кошулуп, айыгууну кечеңдетет.
Суу чечекте эмдөө жүргүзүлбөйт.

ООРУ ӨТҮШҮП КЕТСЕ...
Оору кабылдап кетсе, төмөнкү оорулар келип чыгышы мүмкүн: теринин ириңдеши, гангрена (ткандардын өлүшү), сепсис (кандын бузулушу), пневмония (өпкөнүн сезгениши), энцефалит (баш мээнин сезгениши). Оору өтүшүп кетсе, бала ооруканага жаткырылып, дары-дармектер чектелет.
Суу чечекте да ооруган балага диета чектелет. Ачуу, туздуу, ачкыл-кычкыл, ышталган тамак-ашты бербөө керек. Бат сиңе турган тамактарды берүү кажет. Балдар көп суусагандыктан, суусундуктар көп талап кылынат. Мисалы эмчек жашындагы балдарга жемиштердин ширесин, компот берсе болот. Ал эми чоңураак балдарга сүт жана сүттөн жасалган азыктарды, пюрелерди, компот, шире түрлөрүн берүүгө болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан