Биоэнерготерапевт, психолог Илхам Исмаилов: "КАЙГЫРУУ, УШАК, КӨРӨ АЛБАСТЫК АДАМДЫН ЖАШООГО КЕРЕКТҮҮ КАНАЛДАРЫН БУЛГАП, ООРУНУ ЖАРАТАТ"

БЕЛАРУСЬ, УКРАИНА, ОРУСИЯ, ПОЛЬША, ИТАЛИЯ, ГЕРМАНИЯ, КАЗАКСТАН ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ ЖҮРГҮЗҮП КЕЛЕ ЖАТКАН, 20 ЖЫЛДАН АШУУН ТАЖРЫЙБАСЫ БАР БИОЭНЕРГОТЕРАПЕВТ, ПСИХОЛОГ ИЛХАМ ИСМАИЛОВ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНДА.

"ДАРЫКАНА БИЗДИН ӨЗҮБҮЗДҮН ИЧИБИЗДЕ"

– Учурда ар кайсы өлкөлөрдөн журналисттер мага "сиздин ийгилигиңиздин сыры эмнеде?" деген суроону дамамат беришет.
Эмне үчүн менин кабыл алуумда дайыма элдер көп болот? Эмне үчүн ондогон жылдар бою алкоголизмден жана түрдүү оорулардан айыга албагандар менден айыгып кетишүүдө?
Бул суроолорго мен так жоопторду айта алам. Биринчиден, бардык дарыкана биздин организмибиздин ичинде (өзүбүздө). Муну баарыбыз так билүүбүз зарыл. Башкача айтканда, биз дарыканалардан дарыларды сатып алып, ар кандай өлчөмдө кабыл алуу менен жалкоо болуп баратабыз. Ушуну менен биз ички дарыканабызды жаап коюп жатабыз.
Биз качан ички дарыканабызды жапканда органдарда түрдүү оорулар жарала баштайт, мисалы, ашказан, боор, бөйрөк, уйку бези, көз, тери, кан тамыр оорулары (экзема, псориаз), кант диабети, жогорку кан басым, баш оору, муундардын жана булчуңдардын оорусу, уйкусуздук, психоэмоционалдык бузулууга жеткирүүчү нервденүү, фобия, гинекологиялык жана урологиялык шишик оорулары жана башкалар. Мен ушуларга алып келчү себептерди жок кылууга жетишем.
Оорулардын жаралышы эмнеден? Бала чактан негативдүү эмоциялар: стресстер, кайгырып-капалануу, коркуу, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, ушактар, көңүл калуу, жакын адамыңды жоготуу, балдардын келечегин ойлоп сарсанаа болуу, күн сайын терс таасир этүүчү, көрө албастык кылып, ушактоочу адамдар менен кагылышуу... Бир сөз менен айтканда, биз губка сымал бүт негативдүү энергияларды өзүбүзгө сиңирип алуу менен жашоого керектүү бардык каналдарыбызды булгайбыз. Организм дамамат ушундай психоэмоционалдуу басым алдында жүрүүнү көтөрө албайт, организмде дисбаланс жаралып, бир органдан экинчи органга, бир клеткадан экинчи клеткага энергия өтпөй калат. Баш мээден тартып буттун манжаларына чейин "кычкылтек ачкачылыгы" жаралат.
Эми "СИЗ, Илхам, мындайда кандай жардам бересиз?" деп сурап көрүңүз. Мен мындайча жооп берем.

"НЕГАТИВДҮҮ ЭНЕРГИЯДАН АДАМ ООРУЙТ"

– Адам сулп эт эмес, а энергия. Болуп өткөн негативдер сиңирилип алынат. Мисал келтирейин: Бир стакан суу алып (суу "тирүү" экенин баарыбыз билебиз), анын бетине негативдүү энергиядагы демибизди бүрксөк, ал сууну ичүү менен ууланып калууга болот. Ушунун артында адамга негативдүү маалыматыбызды төгүү менен оорутарыбызды билдик, эми оорукчан адамдын булганган жашоого керектүү каналдарын тазалоо менен аны айыктырууга болорлугун билип жатасыз. Ошондой эле адамды жакшы маалыматтарга суугаруу жана өзүн жакшы жакка өзгөртүү менен жашоосун оңдой аларына ишендирүү керек.
Эми биз ооруганда врачтарга барганыбызды элестетиңиз. Алар өздөрүнүн аппараттары менен оорунун булагын таба алышпайт. Анткени аппарат организмде маалыматтык деңгээлде эмне жүрүп жатканын көрсөтө албайт, андыктан врачтар биздин айткандарыбызга, бизди эмнелер тынчсыздандырып жатканына карап гана диагноз коюшат. Биз башыбыз же ашказаныбыз ооруп жатат десек, алар ошого жараша дары-дармек жазып беришет. Болгондо да бизди врачка алып барган башкы себепти билбеген бойдон.
А биринчи себеп биздин ичибизде, алар агрессия, көңүл калуу, эртеңки күн кандай болот деп коркуу, бирөөлөрдүн бизге ичи тарлык кылуусу, ушакташы... Булар адамдын психикасынын бузулуусунан онкологиялык ооруларга чейин жеткирет.
Эми сизге баары түшүнүктүү болдубу, замандаш?

Муну окуган ар бир адамга жан дүйнө тынчтыгын жана өзүнө болгон ишенимди каалайм. Аягында сиздерге өзүмдүн афоризмимди тартуулайм: Эгер дене ооруса жан дүйнө оорубайт, эгер жан дүйнө ооруса дене кошо ооруйт.

"КЫЗЫМ ЭРКТЕН ТЫШКАРКЫ КЫЙМЫЛДАРЫН КАЛТЫРДЫ"

– Кызым невроздон жапа чекчү. Көзү өзүнөн өзү эле ирмелип, буттары да өз алдынча силкилдеп-диртилдеп турчу. Дарылаттык, укалоолорго алып бардык, эч бири жардам бербеди. Кызым чоңоё баштагандан тартып элден тартынып, ал тургай мектепке да барбайм дечү. Чет мамлекетке алып барып дарылатуу үчүн документтерди чогултуп жүрүп таанышымдан Илхам тууралуу угуп калдым. Ойлонбой туруп кызым экөөбүз ага жөнөдүк. Кызым Илхамдагы мээрим менен жылуулукту сезип, аны менен ачылып сүйлөштү. Ошентип анын бир канча сеансынан кийин чечкиндүү, өз алдынча болууну өздөштүрдү. Кызымдагы баягы эрктен тыш кыймылдар азайып барып жоголду. Азыр ал эл катары жакшынакай жүрөт. Илхамга рахмат!

Замира Баялиева, 49 жашта, Кара-Балта

"ЭМИ ЖАШООМО НЕГАТИВДИ ЖОЛОТПОЙМ"

– Жашоодо эмнелер гана болбойт?! Мен ал адамдан илгери өч алууну максат кылып келгем. Аны жок кылуунун түрдүү ыкмаларын да ойлочумун. Бирок турмуш өз мыйзамын кылып, жашоо агымы менен кете бердим. Ошентип үйлөнүп, бала-чакалуу болдум. Кек алуу унутулуп да калган. Бирок кийинки кезде эмнегедир балдарым көп ооручу болду. Ойлонуп отуруп алар менин өткөн жашоомдогу күнөөлөрүмдүн айынан азап тартып жатышканын түшүндүм. Илхам да менин күмөн саноом туура экенин айтты. Анын сеанстарына баргандан кийин мендеги жүк жоголгондой болду. Эми жашоомо негативди жолотпойм, балдарымдын, өзүмдүн да кыйналышымды каалабайм.

Замирбек Токойчиев, 38 жашта, Токмок

"ҮЙДӨ ЖАКШЫ МАМИЛЕ КАЛЫПТАНДЫ"

– Кийинки кезде үйдөгүлөрдүн эч нерседен жолу болбой калган. Күйөөм жумуштан бошоп, уулум менен кызым да биздин сөздү кулактарынын тышынан кетиришчү. Акча үйгө кандай келсе, ошондой көзгө көрүнбөй жок болчу. Мунун себебин таппай баш катырар элек. Илхамга бара баштагандан кийин мунун сыры бизге ачылды. Көрсө, баары каргыш, терс энергияда жаткан экен. Азыр бизде баары өз ордуна келе баштады. Күйөөм жумуш таап иштеп, үйдө жакшы мамиле калыптанды. Рахмат, Илхамга! Иштерине ийгилик каалайбыз.

Жээнбү Сапаралиева,
67 жашта, Бишкек

ИЛХАМ КУТУЛТАТ ЖАНА АЙЫКТЫРАТ:

  • Ичкилик, баңгилик, игромания, фобия, паника, нерв болуу, уйкусуздук, жаман түштөрдү көрүп кыйналуу;
  • Эндокриндик системдин бузулушу: шалдыроо, алсыроо, шишүү, баштын оорушу, арыктоо же семирүү;
  • Ичеги-карын оорулары (гастрит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, колит, панкреатит);
  • Зат алмашуудан жана нерв системинин ооруларынын айынан келип чыккан тери ооруларын;
  • Нерв, жүрөк-кан тамыр системдеринин оорулары: кан басым оорулары, баш айлануу, кулактагы шуулдоо, колу-буттун дайыма муздап турушу, чымырап уюшу;
  • Диагноз коюу (ооруларга).
  • Заара жолдорунун жана жыныстык системдин оорулары: простатит, аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу;

ЭСКИ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН:

  • Тукум кууган жана кийин пайда болгон каргышты аныктап, андан кутултат;
  • Терс энергиядан арылтат;
  • Көз тийүүнү, кара дубаны жок кылып, жол ачат;
  • Үй-бүлөлүк чыр-чатактан, агрессиядан арылтып, жакшы жашоого кайтарат;
  • Жубайлар арасындагы мамилени (оордугуна карабай) калыптандырат;
  • Адамдагы биоталааны калыптандырып, терс энергиялардан сактана ала тургандай кылат;
  • Ийгиликке, бизнеске жол ачат.

Бишкек шаарынын көптөгөн тургундарынын суранычы боюнча Илхам кайрадан кабыл алуусун баштады!
Каалоочулардын баарын 12-ноябрга чейин кабыл алат
Дем алыш: дүйшөмбү
Бишкектин Исанов көчөсү-18 дарегинде күтөбүз (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет).
Кабыл алуу убактысы: 11:00-15:00
Кабыл алуу алдын ала: +996 706 840 008, +996 558 840 008 телефон номерлери аркылуу жазылуу менен жүргүзүлөт.
Төлөм акысы – 3500 сом ilham.com.ua
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, лицензия № 256443


Эскертүү! Өз дарыгериңиз менен кеңешүүнү унутпаңыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aruuke9292
2016-11-03 08:32:17
суперден тушпос болду го бу Илхом дегени. Кыргыздардын кыйла акчасын кымырып кетет эми.
0
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан