«РОСИНБАНКТАН» БАЙГЕЛҮҮ АКЦИЯ

25-октябрда «Росинбанк» ААКсы өз кардарлары үчүн өнөктөшү Avia Travel Club авиакомпаниясы менен биргеликте уюштурган "Банктык кызматтарды колдонуп, упайларды топтоп, аралдарда эс ал!" акциясын жыйынтыктап, жеңүүчүнү аныктады. Баш байге Шри-Ланка аралына 7 күнгө эки кишилик жолдомо болду. Мындан тышкары оюндун катышуучуларына ар кандай баалуу белектер тапшырылды.

Акция «Росинбанктын» туулган күнүнө карата уюштурулган. Максаты – төмөнкү кызматтарды колдонуу менен жетиштүү упай топтоп, купонго ээ болуу:

  • банктык эсеп ачуу;
  • интернет-банкингге туташуу;
  • валюта алмаштыруу;
  • акча которуу (SWIFT, Клиринг, Гросс);
  • төлөм карталарын ачуу (Элкарт, Visa, Union Pay);
  • аккредитивдер, банктык кепилдиктер.

Акцияга Кыргызстандын бардык аймактарындагы физикалык жана юридикалык жактар катышкан. 85 катышуучу топтогон 300 упайын купонго алмаштырып, жалпы 200дөн ашуун купон ойнотулду. Оюндун жүрүшүндө Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары да банктын белектерине ээ болушту. Ал эми баш байгенин ээсин аныктоо үчүн Avia Travel Club авиакомпаниясынын башкы директору Тимур Бутов сөз сүйлөп, бактылуу кардарды аныктады. Чүй филиалынын кардары Айнура Ибраева Шри-Ланка аралына эки кишилик саякат жолдомосун утуп алды. Ал эми 300 упайдан төмөн топтогон кардарларга футболка, дубал сааттары, бизнес-класстагы жана VIP-класстагы кол сааттар тартууланган.

Бактылуу жеңүүчүнүн эжеси Элнура Орумбаева:

– Биринчиден, «Росинбанк» ААКсына ыраазычылык билдирем. Чынын айтсам, жеңүүчү болобуз деп күткөн эмесмин. Аябай толкунданып жатам. Үй-бүлөбүз жеке ишкерлик менен алектенет. Акцияга 5 киши катышканбыз. Банктын кызматтарын колдонгонубузга 2 жыл болду. Акча которуу аркылуу упай топтоп, купондорго алмаштырганбыз.
Жеңүүчү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу келе алган эмес. Анын ордуна эжеси Элнура Орумбаева келген. Алтын купондун жеңүүчүсү: "Бул күтүлбөгөн чоң белек болду. Ишене албай турам. "Росинбанк" дайыма акцияларды өткөрүп, өз кардарларын кубантып келет. Мындай кызматы үчүн банкка терең ыраазычылык билдирем",- деди.

ЖАҢЫ АКЦИЯГА КАТЫШЫП, БЕЛЕКТЕРГЕ ЭЭ БОЛУҢУЗ!

«Росинбанк» ААКсы ушул жылдын 17-октябрынан тартып жаңы "Аманат бизге – Samsung сизге!" акциясын уюштуруп баштады.
Акцияга катышуу үчүн «Росинбанк» ААКсында аманат ачып, пайыз топтоодон тышкары кымбат баалуу белектерди, кредит картасын, кол сааттарды жана акыркы үлгүдөгү Samsung S7 Edge моделиндеги смартфонун утуп алыңыз. Акция 2016-жылдын 31-декабрына чейин уланып, Кыргызстандын бардык аймактарындагы жеке ишкерлер жана юридикалык жактар катыша алат.

Оюндун жүрүшүндө катышуучулар байгелүү белектердин ээсин аныктап, лототрондон купондорду алып жатты.


Бактыгүл Момбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан