Анжелика, ырчы: "ЖОЛДОШУМА УУЛ ТӨРӨП БЕРГИМ КЕЛЕТ"

"Баары мага эрте келет" деген ырчы Анжелика бардык нерсенин даамын эрте татып, жаш болсо да өзүн көп жакта сынап келет. Анын жыйынтыгы кандай болуп жатканына окурмандар өздөрү күбө. Кезектеги баарлашуубузга ырчы кыз жолдошу жана жардамчысы менен келди.

– Кандайсың, Анжелика? Үчүнчү ирет да кыз төрөгөндө айрым эжелердин жеригенин өздөрүнөн укканым бар, сенде ушундай сезим болгон жокпу?
– Баланы эмес, иштеп жаткан ишиме, ийгилигиме кичине эле нааразы болуп койсом "сага кереги жок турбайбы" деп Кудай алып койчудай кызгана берем. Негизи эле жаман ойлорго жетеленүүдөн корком. Үчүнчүсү да кыз болуп калды деп такыр оюма алган жокмун. Бул наристени мен аябай күткөм. Айлин туулгандан кийин жолдошумдан "3-кыздуу болдук, сезимдер кандай?" деп акырын сурап жатпаймынбы. "Кандай болушу мүмкүн, албетте бактылуумун" деп жооп берди. "Кыз башка үйдүн бүлөсү" деп коёт эмеспизби, ошондуктан жолдошума уул төрөп бергим келет.

– Мектепти бүтө элегиңде турмушка чыкпадың беле. Азыр 3 кыздын энеси катары ошол учурга кандай баа бересиң? Кыздарыңдын бири ошондой кадамга барам десе макул болосуңбу?
– Мектепти бүтө элек болгонум менен, чынында жыл менен санаганда 18ге чыккам, бирок туулган күнүм келе элек болчу. Турмуш жолуна мындан он жыл мурун, 28-декабрда аттангам. Ойлоп көрсөм, турмушка чыгарымды олуттуу маселе катары карабаптырмын деле. Бул менин караңгылыгымбы же жаштыгымбы билбейм. Чоочун жигитке турмушка чыкканы жатсам, балким, коркуу сезими болмок. Бирок Урматты жакындан тааныгандыктан ойлонгон жок окшойм. Анын үстүнө тууганбыз. Мага туугандардыкына 1-2 айга каникулга бара жаткандай сезилген. Эгер менин кызым 17 жашында турмушка чыгам деп калса, анын себебин карап көрмөкмүн. Меникиндей жагдай болсо, анда макул болсом керек.

– Жолдошуң дайыма сени коштоп жүрөт. Мурун "Орусияда бизнеси бар, ошону менен алек" дечү элең. Азыр ал киши сенин жардамчыңдай, кыздарын карап үйдө отургандай сезилет же андай эмеспи?
– Эртең менен мени уктап алсын деп аяп, кыздарды окууга жеткирип, кайра окуудан алып келгени болбосо, Урмат кыздарды үйдө отуруп карабайт. Өзүнүн жумушу бар. Кечкисин саат жетиден тогузга чейин менин жанымда болгонго аракет кылат. Анткени бул убакытта көбүнчө тойлордо, студияда болуп калам. Тойго бара жатканда "артист көйнөк" менен машина айдаган ыңгайсыз. Анан "бул жакка алып барып келчи" деп суранам. Чыгармачылыктын аркасы менен жакшы акча табыларын экөөбүз тең түшүнөбүз. Адам канча акча таппасын дагы көп болсо деп ойлонот турбайбызбы. Үй-бүлөнүн бюджетине мен да чоң салымымды кошуп жатам деп эсептейм. Ачык эле айтам, кээде ырчылар, анын ичинде мен айрымдардын бир айда тапкан акчасын жарым саатта таап коём. Ушундай жөндөм, тагдыр берген Кудайга ыраазымын.

– Үй-бүлөдө акчаны ким кармайт?
– Жаңы үйлөнгөндө акчаны 2 жылдай жолдошум кармады. Кызым менен үйдө отурганда нанга деп күнүнө күзгүнүн үстүнө 100 сомдой таштап кетчү. Кийин мен иштеп баштагандан тарта өзүмдүн капчыгым пайда болду. Өзүм иштеп тапкан акчама шуба аламбы, алтын аламбы, жолдошум алып берди деп эсептейм. Анткени кандай иш кылбайын аны Урмат колдоп, иштегенге шарт түзүп берип жатпайбы.

– Ишиңдин көптүгүн билебиз, баарына жетишкенге убакытты, энергияны кайдан аласың?
– Мисалы, адам 1 саатта бир орундан жылбай телефонун чукулап же телевизор көрүп деле убакытты өткөрүп койсо болот. Мен эч качан жетишпей калам го деп алдын ала кабатырланбайм. Кааладымбы, кылгым келеби, болду, ал нерсени жасайм жана жетишем деп ойлоном.

– "Анжеликанын "түш көрүп, көйнөктөргө оймо түшүрүп калгам" деген интервьюлары калп, оймолорун биз чийип берчүбүз" деген аял чыкты, сенин жообуң кандай?
– "Супер-Инфо" гезитине, Super.kg порталына дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирем. Анткени качантан бери дизайнерлик менен алектенем, бул кыялым качан пайда болгон, аны силерге берген интервьюларыма таянып далилдей алам жана ушул темада сүйлөгөндөрдүн оозун жаба алам. Бишкекте мода үйүн ачкандан кийин мага көптөгөн тикмечилер, саймачылар келип, "чогуу иштешели" дешти. Бир күнү "таластык эжең болом" деп улгайып калган бир эже келип, оймо түшүрүлгөн жаздыктарын, жер төшөктөрүн көрсөттү. Эмгектери жагып, чогуу иштешип калдык. Эже-сиңди катары катташып да калдык. Ал эже эки кызы менен иштечү. "Банкка насыя төлөйт элек, болбосо үй-жайыбыздан ажырап калганы турабыз" дешкенде да жардам бергем. Ал акчаны кайтарарда "акчалай бере албайбыз, сайма сайып берип кутулабыз" дешти, ага да макул болдум. Чынында алар сайманы өтө сапаттуу сайышат. Кийин "сайма биздики экенин айтпайсың" деп нааразы болуп чыгышты. Сайманы "Кыял" соода борборуна алып барып сайдырамбы, Айжангабы, Гүлжангабы, аны өзүм билем. "Сайманын идеясы биздики" деп эч ким талаша албайт. Анткени оюм-чийимдер бүтүндөй кыргызга таандык.

"Кичүү кызым Айлин 1 жашта. Баарыбыз эле эркелетип, анын көзүн карай беребиз. Ошондо улууларына мээрим жетпей жаткандай өзүмдү күнөөлүү сезип кетем".




"Жашоодогу тирегим, аска-зоом – балдарымдын атасы".


Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (115)
kaktus.vn
2016-11-04 00:52:33
Эмнеге бирөөнү билип билбей сөз кыла бересиңер... Ал адам жакпаса ал адамга көңүл бөлбөгүлө... Ал адамды сөз кылып жатасыңарбы демек ал силерден алдыда. Эмне кыласыңар бирөөнүн күнөөсүн алып, акыретте өзүбүздүн күнөөбүз да көптүк кылат.
+3
Bak.taalai
2016-11-04 01:59:01
Ушул айымга чынында суктанам биз айым катары коро албай жаман кором деп жаза беребиз да чын чынына келсе Анжеликага жетишпейт
-2
Elnur4ik
2016-11-04 18:30:32
Bak.taalai,
Ооба, Анжеликага жетишпейт...
0
gulkar
2016-11-04 15:00:29
Жолдошу жанынан чыкпайт го уйдо болсо-уйдо,чуйдо болсо-чуйдо,тойдо болсо-тойдо болуп.Эркек адам озунчо киреше таап,табышмак болгону эле жакшы го.Баласындай ээрчип жанынан калбайт экен.
+3
marbetai92
2016-11-04 15:11:01
Azamatsyn anjelika iwine iigilik ui bulono baktyluuluk kaalaiym!ar kim ozu bilet otugunu torgo ilet jamandavai ele iigilik kaalap koigula.
+1
Ananai
2016-11-04 16:07:18
Анжелика мага мурда жакчу.А азыр Батыгул Бадыеванын ырлары оз жагат.Анжелика мактанчаак анан оз жашоосун бут элге жарыя кылып пиярлай бергени жакпай калды.
-2
Ctul08
2016-11-04 17:10:38
Сыймык Бейшекеев туулган жылы жонундо билгендер болмо так маалымат берип койгулачы,сураныч зарыл керек болуп жатат
0
misster88
2016-11-04 19:00:43
Коментарияларды окууп олтуруп мен да комен калтырганды тууура кордум. Кээ бир адамдарга тан калам озу кылалбай кылган адамды коралбайт. Молодец дейм Анжеликага!!! ото аракетчил айым экен.
-2
Mekush87
2016-11-04 21:59:09
Чынында бироонун жашоосун тапкан акчасын сындап кереги жок,колунардан келсе Анжеликадай ар тараптуу келишкен айым болуп алгыла.
+1
Akshoola90
2016-11-04 23:46:17
Аябай жакшы кором Анжеликаны жетишкен ийгиликтерине аябай суктанам мен дагы сиздей кучтуу айым болгум келет,бактылуу болосуз эжеке уулдуу болосуз Ин шаа Ааллах.
+2
Maalymat
2016-11-05 16:00:35
Анжелика, жумуштарына чон ийгиликтерди каалап кетет элем!Чынында эмгекчил инсансын! Ким иштесе ал тиштейт! канча адам окуса интервьюнду, ошончо адамдын оюу, сунушу бар, ошондуктан терс жазылган комментарийлерге конул бурбай эле кой!Демек сен жонундо окуп, маалымат алуу баарына кызыктуу деп ойлом мен!
+1
NES1380
2016-11-05 18:27:01
"ЖОЛДОШУМА УУЛ ТӨРӨП БЕРГИМ КЕЛЕТ" - аракет кылсан эле торолот.
0
BebeU
2016-11-05 22:06:47
Jasalma adamdardan tajadym!Ar bir adam oz ordun bilse:(Talant jok yrdabai ele koisochuuu,"bulbul unu bulbul da"yrchyga dagy tiesheluu soz.
0
taoni
2016-11-06 15:23:58
Жолдошунар слабый ошон учун жалан кыз торотуп атат... жакшылап дарыланып даярданып чыгынсанар эркек бала торолот буюрса...
0
Arlenchik
2016-11-06 18:35:53
Азаматсын Анжелика коро албагандар жаза берет маани бербейле гой.
+1
zhyldyzbek88
2016-11-06 18:49:56
Силер баарынар бироонун жаман жагын емес жакшы жагын да билишти уйронгуло.Ар кимдин созун ондогучанар озунордун минусунарды ондоп силерде меенеткеч болгонго аракет кылгыла.Мен сыймыктанам кыргызымдын кыздарыда ушундай бактылуу айымдардын катарына кошулганына
+1
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан