BEELINE`ДЫН «БАКТЫЛУУ МИЛЛИОН» ЛОТЕРЕЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Куттуктайбыз!!! Beeline`дын «Бактылуу миллион» лотереясынын үчүнчү миллионери болуп Баткен облусунун тургуну аныкталды. Ал эми байгеге коюлган акчалай сыйлыктар жана Beeline Pro 4 смартфондоруна аталган уюлдук оператордун өлкө аймагындагы жүздөгөн абоненттери ээ болушту.
Миллион сомго сертификат тапшыруу аземи «Sky Mobile» (Beeline) ЖЧКсынын Баткендеги атайын бөлүмүндө болуп өттү. Лотереянын баш байгесинин, миллион сомдун ээси болуп Кадамжай шаарынын тургуну Мамыт Маданов аныкталды. «Аябай кубанычтамын! Аз убакыттын ичинде минтип миллионер болуп отурам. Бул үчүн Beeline уюлдук операторуна үй-бүлөмдүн атынан чоң ыраазычылык билдирем. Үй-бүлөм чоң. Башында баарыбыз лотереяга көп ишенбедик. Ошентсе да уулум экөөбүз 40 билет топтоп, акциянын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жаттык. Өзүм кароолчу болуп иштейм. Буюрса, бул акчага мал сатып алам, чарбамды кеңейтем. Ал эми калган акчага аялым жана 6 балам көптөн бери кыялданып келе жаткан үйдү салам»,- дейт кубанычы коюнуна батпаган жеңүүчү Мамыт Маданов.
13 жума аралыгында лотереяда 6000ден ашык акчалай сыйлык, 500 Beeline Pro 4 смартфондору, 100 000 сомдук 3 сыйлык жана 1 000 000 сомдук 3 сыйлык ойнотулду. Жеңүүчүлөр күтүүсүз тандоо ыкмасы менен аныкталды. Байгелерди ойнотуу онлайн режиминде өтүп, каалаган адам процесске байкоо сала алды. 100 000 жана 1 000 000 сом байгелерин ойнотууда көз карандысыз байкоочулар жана социалдык тармактардагы Beeline`дын окурмандары катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси лотереянын расмий сайтында (million.beeline.kg.) жарыяланды.
«Sky Mobile» (Beeline) ЖЧКсынын Баткен облусундагы бөлүмүнүн директору Айсулуу Батирова мындай дейт: «Жеңүүчүлөрдү чын дилимден куттуктайм! Сертификатты жеңүүчүнүн өз колуна тапшыруу мен үчүн сыймык болду. Анткени телекоммуникация рыногунун лидери болуп саналган Билайн элди сапаттуу байланыш, интернет жана инновациялык digital-кызматтары менен гана камсыз кылбастан, минтип ар кандай ири масштабдагы акцияларды уюштуруп келет. Алардын бири «Бактылуу миллион» лотереясы кыргызстандыктарды акчалай сыйлыктарга жана смартфондорго ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүп берүүдө. Ал үчүн абоненттер Beeline`дын кызматтарын колдонуп, чалып, билдирүү жөнөтүп, интернетти колдонуп билеттерди чогулта алышат».
Beeline акыркы, төртүнчү миллион сомду жана бир нече байгелерди 2016-жылдын 17-ноябрына чейин ойнотот.
«Sky Mobile» (Beeline) ишканасынын коммерциялык директору: «Биз лотерея ойнотууну 2016-жылдын 17-ноябрына чейин узартууну чечтик. Бул уюлдук байланыштын активдүү абоненттери 1800 акчалай сыйлыкка, 80 Beeline Pro 4 смартфондоруна жана дагы бир 1 000 000 сомду утат дегендик. Катышыңыздар, баарыңыздардын миллионер болууга жана акчалай сыйлыктарга, смартфондорго ээ болууңуздарга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар»,- дейт.
Лотереяга катышуу үчүн *777# командасын терүү жана Beeline кызматтарын колдонуп, билет топтоо керек.
– Байланыш кызматын («Мо­билдик которуу», «Автоплатёж», «Ишеним төлөмү» кызматтарынан тышкаркы) колдонгон ар бир 30 сомго катышуучуларга виртуалдуу түрдө 1ден лотереялык билет эсептелет.
– Beeline жаңы SIM-картасын колдоно баштаганы, «Сүйлө» тарифине өткөнү жана 50 SMS пакетин активдештиргени үчүн 3 виртуалдуу лотерея билет эсептелет.
– Билеттердин санын көбөйтүү менен катышуучулар жеңишке мүмкүнчүлүктөрүн арттыра алышат. Лотереянын шарттары жана катышуу эрежелери боюнча маалыматты million.beeline.kg сайтынан, 7777 кыска номери жана +(996) 772 011 777 номери аркылуу билсеңиздер болот.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Durdana
2016-10-31 12:48:24
демек билеттер 40тан ашыш керек экенда
0
1.asel.
2016-10-31 15:15:46
Эхх мага да ушундай белек насип этсин
0
marya91
2016-10-31 15:15:48
Бул лотерея кантип ойнотулат кантип билсек болот менде 60 тай билет бар
0
leilekstan_1987
2016-10-31 15:24:03
Менде билеттин саны 40тан эмес 60 тан ашсада эч нерсе уткан жокмунго
0
Kanzada97
2016-10-31 18:55:02
кызыкпадым ушуга. менин билеттерим канча билбейм
0
Nestana95
2016-10-31 19:00:00
Менин эжеме кундо 4 5 тен билет тушот.....деле илинбей койду го...жок дегенде 500 сомуна:-))....башында карап койчубуз...азыр эжем э койчу келе берет булардан ушинтип деп калды...
+1
marya91
2016-10-31 20:03:37
Бул да бактан да 1000билет болсо да
+1
ss90
2016-11-02 23:36:34
Омуру уткан эмесмин...тобооо кандай кишилер утат?чын эле ойнотушабы???
+1
asel987
2016-11-03 18:22:09
Менин тайнеме да кундо 5 6 дан билет берилет такыр утпай жатат,белене да эмнеси болсо да
0
Antoshka2016
2016-11-05 20:47:08
Насип кылсын миллион
0
malika79
2016-11-05 21:42:49
Бул калп жонле реклама
0
elmurat.kg
2016-11-06 13:51:43
менднда бар 50чамасы билет Бирок бир жолуда утпадым
0
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан