Бакыт Төрөбаев: "КЕМЧИЛИКТИ БИЗДЕН ЭМЕС, ИШТИ ЖӨНДӨЙ АЛБАГАН ӨЗҮҢӨРДӨН ИЗДЕГИЛЕ"

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 26-октябрда парламенттеги сүйлөгөн сөзүндө агынан жарылды. Ал «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», СДПК, «Ата Мекен» коалициясы эмне себептен эффективдүү болбой калганын билдирди. Төмөндө сүйлөгөн сөзүнөн кыскача келтирели: – Конституцияны өзгөр­түү боюнча демилге кө­тө­рүл­гөндөн кийин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы 15 беренеге эки жолу кагаз түрүндө сунуш бергенбиз. Андан эч кандай жооп болгон жок. Биздин оюбуз, тилектерибиз эч кимге кереги жок экен. Ага карабастан официалдуу түрдө 29 берененин 26сына макулбуз, 3 берене боюнча макул эмеспиз деп ачык айткам. 20-берене – мамлекеттик кызматкерлерге чектөө коюуда. Ошондой эле коалиция ыдыраганда ар бир депутат кол коюш керек деген норма жазылып жатат. Депутат добуш берди, депутат кнопканы басты деген бул документ. Ушул жетиштүү болот. Үчүнчү маселеде прокуратуранын тергөөсү боюнча бул жакта саясий маселелер болуп калышы мүмкүн деп айтканбыз. Иса Шейшенкулович "булар «срок давности» боюнча макул болбой жатышат" деп айтты. Биринчи вариантында ошол мөөнөттүн эскириши боюнча башкача болгон. Ал жерде толук бардык кылмыш иштери сот аркылуу мөөнөттүн эскиргенин аныктайт деп аталган. Биз ошондо айтканбыз: 240 миң оор кылмыштан сырткары ушул кылмыштар бар, аны сотко бербей эле тергөөчү өз укугунан пайдаланып бүтүрсүн деген ойдо болгонбуз. Акыркы вариантта ошол мөөнөттүн эскилиги боюнча «экоцид» менен «геноцид» дегендер кирип калды. Биз ошондо «оор кылмыштарга карата беренелер да бар, ошолорду да киргизип койбойлубу» дегенде, «экоцид» керек дешкен.
«Кумтөр» маселеси чечилеби деп сураганбыз. Чечилет дешкен. Биз макул болуп, кийин «срок давность» боюнча бир да маселе көтөрбөй калдык! Тактап айтканда, башка эч кандай шылтоо табылбай калды. Жөн гана «срок давность» боюнча кармап эле шылтоо кылышты. Бул бизди укпагандык.
Беренелер боюнча сунуш берип жатканыбызга көңүл бурулбады. Биз сунуштарды бергенбиз, ар бир берене боюнча референдумга алып чыгалы, эл өзү чечсин да, кайсыга макул, кайсыга макул эмес. Бул абдан жакшы, компромисстик вариант болчу. Ушуну да уккан эмессиңер. Конституциянын негизинде референдумга макул дейли, бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга статус берели, анан Референдумга алып чыгалы десек, аны да укпадыңар. Анан жөндөн-жөн эле бизди каралап, Конституцияга каршы деп айтуу туура эмес. Мына, сиздерге факт жана аргумент менен айтып бердим. Биз көчөгө чыгып, митинг кылган жерибиз жок, барып, жолдорду тосконубуз жок, Ак үйдү басып алганыбыз жок, биз конституциялык нормалардын негизинде өз добушубузду, сүйлөгөн сөзүбүздү парламенттин ичинен аткардык. Бул жактан бизден кемчилик издебегиле. Ар бир депутаттын ар кандай пикири болот. 72-беренеде так жазылып турат, депутаттын сүйлөгөн сөзүнө, берген добушуна эч ким баа бере албайт. Ошондуктан биз эч кандай норма бузган жокпуз, артка чегинбедик, ар дайым алдыга компромисстик вариант менен жүрүп келдик.
Биздин коалиция эмне үчүн эффективдүү иштебей калды? Анткени чечим кабыл алуу коалицияда болгон эмес, башка жакта болгон. Келечектеги коалицияга айтып койгум келет – чечим чыгаруу өзөгү коалициянын өзүндө болушу керек. Ошондо коалиция да, парламент да, өкмөт да күчтүү болот, мамлекет да өнүгөт. Ошондо президент, коалиция, оппозиция, премьер-министр ынтымакта жакшылап иштеп кетебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
airus879015
2016-10-31 13:11:15
Ишинизге ийгилик
+1
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан