«ТАМАШОУДО» ФИНАЛЧЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

13-14-март күндөрү Спорт Ордосунда “Тамашоунун” жарым финал оюндары болуп өттү. Анда күтүлгөндөй эле командалар арасында айыгышкан күрөш жүрүп, финалга мыктылардын мыктысы жолдомо алды. Албетте, оюндар сенсациясыз болгон жок.

СЕНСАЦИЯ ЖАРАТКАН ЭКИ КҮН
Бул жолку оюн күйөрмандар арасында да, катышуучулар арасында да күтүлбөгөн окуяларды жаратты. Албетте, күчтүү деп саналып келген “Юрский период”, “Не дай бох!”, “Достук” командаларын финалга чыкпай калат деп эч ким күткөн эмес эле. Калыстар тобунун мүчөлөрү: КРнын Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин директору Мелис Эшимканов, “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов, ырчылар Гүлнур Сатылганова, Тата Улан, Урмат Усенов, Ома, режиссёр Рысбек Жабиров, куудул Назира Жетигенова, стилист Замира Молдошева жана КВНчи Саламат Алиев болушту.
Эреже боюнча күнүнө бештен команда катышып, алардын мыкты экөө финалга чыкмак. Оюн, негизинен, 4 конкурстан турду: саламдашуу, «разминка», кыргыз тасмаларын сүйлөтүү (озвучка) жана музыкалык үй тапшырмасы.
Таймаштын 1-күнүндө “Юрский период”, “Достук”, “Саяктар”, “2-рота”, “Ак кеме” командалары оюн көрсөтүштү. Анда “2-рота” менен “Саяктар” жеңүүчү аталышты.
Ал эми 2-күнкү оюнда финалга 2 жолдомо үчүн таймаш “Юристтер”, “Жигиттер”, “Не дай бох!”, “Ак Өргө city”, “Чез” командаларынын ортосунда болду. Мында финалга жолдомону “Жигиттер” менен “Юристтер” илип кетишти.

“ТАМАШОУЧУЛАРДЫ” ЫРЧЫЛАР КОЛДОШУП...
Жарым финал оюндары кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өзгөчөлөндү. Микаэль “Достукка”, Расул кызы Айгерим “Жигиттерге”, Добр “2-ротага” түздөн-түз сахнадан туруп колдоо көрсөтүшсө, калыстар тобунун мүчөсү Урмат Усенов “Юрский периодго” отурган жеринен кошулуп ырдап берди. Жыйынтык сөздө калыстар тобунун мүчөсү, режиссёр Рысбек Жабиров “колумдан келсе, баарыңарды финалдан көргүм келген. Бирок оюндун шарты ушундай экен...” деп жеңилген оюнчуларды кыя албай сөз сүйлөдү.

ПЛАНДА ЖОК БЕЛЕКТЕР
Баарынан да кубандырганы, алгач “тамашоучулардын” күйөрмандары өздөрүнүн жакын адамдары болсо, эми алардын чыныгы фанаттары пайда боло баштаптыр. Мисалы, “Жигиттер” командасынын “красавчиги” Азаматтын жашыруун күйөрман кызы. Баарынан да анын белегин өзү бербей, Нурзат Токтосунова аркылуу тапшыртканы элге кызык болду. Ошондой эле калыстар тобунун симпатиясы менен “Юристтердин” ажарын ачкан Жибекке “Мыкты оюнчу” наамы пландалбаган жерден ыйгарылды.

ФИНАЛЧЫЛАРДАН ТАМАША

«Юристтер»

Кыргыздардын орто кылымдагы түнкү жарнамасынан үзүндү.
Сен мени менен сүйлөшкүң келеби? Сен керек болсо менин колума тийип алгың келеби? Ал эчтеке эмес, сен керек болсо бетимден өөп алгың келеби? Аа-ай-йй, уят да, уя-ят. Эгер ушунун баарын кааласаң, анда мага үйлөн. Ал үчүн 0869-боз үйгө келип, калыңга 40 кой бер...

Жаным, билесиңби? Мен сага баягыда эле келип таанышайын дегем. Бирок 8-Марттын өтүшүн күтүп жүргөм. Мына, майрам да өттү, «наконец-то». Сени 1 жолу көргөндө сүйүп калдым... А баса, жүрөгүмдү кармасаң, сезип жатасыңбы, сен деп гана согуп жатканын?.. Сен менин жүрөгүмдү кармадың, кел, эми мен сеникин кармайын... Баса, бүгүн үйгө келбейсиңби? Мен бүгүн жалгыз болом. Электриктер менен да сүйлөшүп койгомун, саат 12ден кийин светти өчүрсүн деп. Кел, ээ?..


«Жигиттер»

Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Кечкисин Кызыл-Аскерде жүрүү сиздин ден соолугуңузга зыян!

Тата Улан качан бет кабын алат? Урмат Усенов сакалын алганда...


«Саяктар» Кышка көрүлгөн камылга

Эки тал көрсөң кыя жүр,
Кышкыга отун жыя жүр.
Отун таппасаң,
Кошунаңдан уурдай жүр.

Орусиядагы туугандарга арноо
Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Косяк кылып паспорт алдырдым...


«2-рота» Тамаксоо кыздарга арналат

Мирбек Атабеков (“Ошондо жакшы болобу?”)
Мына бүгүн кафеге сенин тама­гыңды жегени келдим,
Арык болбой, тыржыйбай семиргени келдим.
Сенден калган сөөктөрдү кемиргени келдим,
Ошондо курсак тоёбу?

Ильяз Абдыразаков (“Табышмагым”)
Обжорамсыңбы?
Ылгабай тамактан урасыңбы?
Же мага бир порция сунасыңбы?..

«РАЗМИНКАДА» ЖАРАЛГАН ТАМАШАЛАРДАН
Мелис Эшимкановдон суроо: – Жакында койлорго паспорт берилди. Кийинки жашообуз кандай болот?
«Ак Өргө city»: (Койду туурап) Ма-аа, биздин сүрөт 3х4 болобу же 4х6 болобу?
«Жигиттер»:Анда паспорт столдо маймылдар отуруп калышат...

Ома: – Жарнамалык көрнөк-жарнактардан “Терми­натор-4тү” “Темир баатыр-4” деп которушуптур. “Аватардын” кыргызчасын кандай котормоксуңар?
«Жигиттер»:
– Ага сиз болбо кабатыр,
Ал сөз которулбай жатыр.

ЖЕҢИЛГЕНДЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айбек, “Юрский период”
– Биздин даярдыгыбыз жакшы эле болгон. Болгону, ошол күнү көңүлдү топтоп чогула албадык. Биздин “Тамашоудон” башка окуу, жумуштарыбыз бар. Ошондуктан чарчап калгандыгыбыз да таасирин тийгизди окшойт. Балким, атаандаштарды баалабай, өзүбүзгө абдан ишенип алдык. Эмнеси болсо да, «жеңишти билиш үчүн жеңилип да көрүш керек» деген сөз бар го. Финалга татыктуулар чыгышты. Баарына ийгилик, өзгөчө “2-ротага”!

Санжар, “Достук”
– Сценарий боюнча биз башында шаңдуу ыр менен чыгып, андан ары тамашаларыбыз жакшы эле кабыл алынып кетмек. Бирок биз жакшы ырдай албай койдук. Анан дагы музыкалык үй тапшырма конкурсуна чейин 2-орунда эле баратканбыз. Финалга татыктуулар чыкты деп эсептейбиз. Калыстарга нааразычылыгыбыз жок. Финалга чыккан командалардын баарына, өзгөчө “Жигиттерге” ийгилик!

Самат, “Ак Өргө сity”
– Биз, негизи, финалга чыгабыз деп катуу даярданганбыз. Калыстар тобуна нааразычылыгыбыз бар. Конкурстардан музыкалык үй тапшырмага келгенде начар чыкканыбызды моюнга алабыз. Бирок ага чейин “3” деген бааларды көрүп көңүл да чөгүп калган эле. Финалга чыккандардан “2-рота” менен “Жигиттерге” чын жүрөктөн ийгилик каалайбыз. Буюрса, эми жазгы фестивалда чемпион болобуз!

13-МАРТ
1. “Саяктар”
– 18,8 упай
2. “2-рота” – 18,2 упай
3. “Достук” – 17,5 упай
4. “Ак кеме” – 17 упай
5. “Юрский период” – 16,4 упай

14-МАРТ
1. “Жигиттер” – 18,7 упай
2. “Юристтер” – 17,3 упай
3. “Ак Өргө сity” – 16,5 упай
4. “Не дай бох!” – 15,9 упай
5. “Чез” – 15 упай

Гүлжамал Бөрүкулова, Адилет Бектуров
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Арык киши
2010-03-19 20:49:47
Саяктар алга, алга,алга!!!!!
0
akmat
2010-03-22 17:54:20
Sayaktar tol'ko vpered!!!
0
aizita
2010-03-24 08:17:03
“Жигиттер” IIGILIK SILEGE,,,,
0
alirun
2010-03-26 10:32:39
"Саяктар" командасын мен дагы колдойм. Азаматсынар! Ийгилик каалайм.
0
goodboy
2010-05-08 13:35:06
yuristter super!
ozgo4o
4oktalgyk Nurgazy baike
karakol liceyinin butuuu4usu Kubat baike
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан