МОТИВАЦИЯ – МАКСАТЫҢА ЖЕТЧҮ ЖОЛ

Көпчүлүгүбүз барган сайын "жашыбыз өтүп баратат" деп өзүбүздү таштап коёбуз же "убагы келет" деп отура беребиз. Эгер мындай шылтоолорубуз болбогондо, балким, илимий ачылыш жасамакпыз, тил үйрөнүп чет өлкөгө чыгып келмекпиз, мүмкүн миллионер болмокпуз. Максатым ишке ашпай калабы деп күмөн санап отурганыбызда башкалар ийгиликке жетип жатышат. Эмесе, өзүбүзгө мотивация берип, максатыбызга тезирээк жетели!

 

1. Алыңызга жараша иш тизмегин түзүп, ашыкчасын алып салыңыз. Анткени башыңызга көп жумуш үйүп алсаңыз, стресске учурайсыз. Ал эми иш тизмегиңиз толугу менен аткарылса, сизге ушул мотивация болуп берет.

2. Ар дайым адамдарга жардам бериңиз. Анткени башкаларга көмөк көрсөтүү менен бизде жагымдуу эмоциялар пайда болот. Ал эми сиздин аракетиңизге алар ыраазычылык билдиришет. Башкаларды бактылуу кылсаңыз, өзүңүз бакытка туш болосуз.

3. Өзүңүздү ар бир жасаган ийгилигиңиз үчүн мактаңыз. Бирок процесс эмес, прогресс болгондо мактанганга көнүңүз. Анткени өзүңүздү өтө мактап жиберсеңиз мээңизге ийгилик жаралды деген белги берилет. Жыйынтыгында максатка жетүү үчүн сиз баштагыдай аракет көрбөй каласыз.

4. Бардык кырдаалдардын жакшы жактарын гана көрүүгө аракет кылыңыз. Ал эми башыңыздан өтүп жаткан кыйынчылыктарды келечекке болгон тажрыйба деп билиңиз. Эсиңизде болсун, азыр адамдардын көйгөйлөрү өзүнө жетиштүү. Сиздин көйгөйлөрүңүз башкаларды кызыктырбайт. Андыктан позитивдүү болуп, айланаңыздагыларга энергия бериңиз.

5. Жашоо бир күнү бүтөрүн эске алыңыз. Кызыктай угулушу мүмкүн, бирок элестетиңиз, эртең сизге ажал келет. Албетте, сиз маанилүү деген иштерди аткарып, жакындарыңыздын жүрөгүндө жакшы адам катарында калгыңыз келет. Оңой сезилгени менен элестете келгенде кыйын эле. Андыктан күн сайын машыгууга туура келет. Эгер күнүгө ушундай элестетип жашасаңыз ийгиликке тез жетесиз.

6. Өзүңүзгө жакшы мамиле кылыңыз! Ар бир адам уникалдуу, андыктан өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Анткени баарыбызга бирдей мүмкүнчүлүк, бирок ар башка шык-жөндөм берилген.

7. "Убакыт кантип өткөнүн билбей калам" деген сөз сизге таанышпы? Себеби сиз жумушка келер замат социалдык тармактардагы баракчаңызды ачып, аны менен алаксып отурасыз. Ошону менен таңкы, анын ичинде бир күндүк энергияңызды болбогон бир "лайктарга" коротосуз. Мындай кайталанбасын десеңиз иш тизмегин түзүп, биринчи сапка энергия көбүрөөк кете турган жумушуңузду жайгаштырыңыз.

8. Күн сайын эс алыңыз. Кантип десеңиз! Жумуш учурунда 5 мүнөттөй көзүңүздү жумуп чалкалап отуруңуз же жатыңыз. Бул ыкма чачыранды ойлорду чогултуп, сизге кошумча энергия тартуулайт.

Жогорудагы эрежелерди эске алып, ийгиликке багыт алыңыз. Аракет кылсаңыз баары оюңуздагыдай болот.

"Убакыт бардык баалуулуктардан жогору турат".
(Акын Софокл)

"Кудай болгону эскертет, ал эми кандай чечим чыгарыш өзүбүздөн".
(Жазуучу Чыңгыз Айтматов)

"Даанышман ката кетиргенине муңканып чөкпөстөн алардан сабак алат. Ал ушул сапаты менен акылсыздан айырмаланып турат".
(Индия элиники)

"Куш учуш үчүн жаралса, адам окуш үчүн жаралат".
(Публицист Салижан Жигитов)

"Ким дүйнөнү өзгөрткүсү келсе, ал өзүн өзгөртсүн".
(Философ Сократ)

"Адамдар өзүндөгү жеңилүү коркунучун кетирүү үчүн жеңилишет".
("Бай атам, кедей атам" аттуу мотивациялык китебинин автору Роберт Кийосаки)

"Сенин беш жылдан кийин кандай адам болоруңду аныктоочу эки фактор бар: биринчиси – сен баарлашкан адамдар, экинчиси – сен окуган китептер".
(Мотивация боюнча дүйнөлүк бестселлерлердин автору Робин Шарма)

"Башкаларды уга билиңиз. Анткени алар сизге өзү жөнүндө керектүү маалымат бериши мүмкүн".
(Оратор, мотиватор Дейл Карнеги)

"Өзүн өзү өстүрбөгөн адамдар башкалардын ийгилигине ичи күйүп, аларды жамандагандан башканы билишпейт".
(Британиянын экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер)

"Ойлоп көрсөк жашоо оңой эле, бирок аны биз майда-барат нерселер менен татаалдаштырып алабыз".
(Ойчул жана философ Конфуций)

Жазгүл Кенжеева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Siren.ms
2016-10-31 10:11:23
жакшы кенеш экен рахмат Супер.
0
nzamir
2016-10-31 11:42:04
ушу соц тармактар балээ болдуго, убакыттын кобун алып коюп
-3
Mir_84
2016-11-02 10:42:52
Замир, Сиз да мотивация кылыныз да, соц тармактарга да убакыт таап
+1
momuntay
2016-11-02 19:56:17
Margret Techerdin pikirine kowulam
+4
egemberdievagulbara
2016-11-02 22:14:53
ен жакшы рахмат супер инФо
0
Frezia
2016-11-03 08:54:32
Конфуцийдин айтканы да туура
+2
ekaterinburg
2016-11-03 09:50:35
Рахмат Суперчилер!Жакшы кенеш!
0
ainur78007
2016-11-03 22:10:26
Азаматсын,Жазгул.
0
rayana2015
2016-11-03 22:16:25
Жакшы кенеш экен рахмат
0
Elvanu
2016-11-05 15:13:38
Эн соонун пайдалуу кенештер экен!!!
0
belka
2016-11-05 20:44:19
Интернетсиз жашоону элестетуу кыйын го.
+2
aiba.8327
2017-09-30 00:40:51
магада жакты
0
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан