(Башы өткөн сандарыбызда)
Агам кызуу сүйлөдү.
– Ушул жерде иштеп, жашасаң болбойбу?! Артыңдан эмне сөз укканымды мен айтпайын, сен укпай эле кой! Кыскасы, эми шаарга барбайсың!- деп кесе айтты. Анын чечиминен кайтар түрү жок.
– Мен шаардан келип, бул жакка иштей албаймын!- дедим коркуп. Агам менин аргасыздан шаарга байланып калганымды кайдан билсин. Шаарда кетирген каталарым, жаңылыш кадамдарым үчүн азаптанып жашап жатканымды билген жок. Бүт баарын жашырбай айтып берермин деп келген элем. Айта алган жокмун. Агам бул ачуусу менен мени түшүнмөк эмес. Анын Бактияр менен болгон мамилеме каршы экенин да билет болчумун. Анткени өткөндө өзүм айта албай, жеңем аркылуу угузганмын. “Бул жерден жигит табылбай калыптырбы?!” деп жооп бериптир эле. Бактиярга турмушка чыксам, агам баарын кечирет деп жүргөм. Бирок Бактияр экөөбүздүн сүйүүбүздү таптакыр тескери түшүндүргөндөр агам экөөбүздүн мамилебизди оорлотуп таштаган экен. Ал мени түшүнө алган жок. Мен да эч нерсе айта албай, ичимден сыздап турдум. Апам агам экөөбүздү элдештире албай чый-пыйы чыгып, чебелектейт. Кара өзгөйлөр эми бир тууганым экөөбүздүн ортобузга от жагып жатканына жаным кейип, агама катуу тийдим. Мени түшүнүүгө аракет кылбады деп күнөөлөдүм окшойт, биринчи жолу баш көтөрүп, каяша айттым. Агам мени уккан соң катуу талап койду.
– Биз деп айылда кал же ошол жигитиңе биротоло кеткин!
– Кетем!- дедим ниетимден кайтпай.
– Жогол, көзүмдөн!
Мындай жооп күтпөгөн агам ачуусун кармай албай, мага атырылды.
– Экинчи көзүмө көрүнбө! Бул үйдүн босогосу мындан ары сен үчүн жабык экенин унутпа!
Көзүмдөн салаалап аккан жашымды сүртүп, төшөктө алсыз жаткан апамды кучактап жыгылдым. Апам жардам бермек түгүл, өзү колтуктап тургузуп, суу ичире турган бирөөнүн жардамына муктаж эле. Мен апама канчалык керек экенимди, агамдын сөзүндө чындык бар экенин билсем да, чечимимден кайта албадым. Бактиярды кыя албай же бул абалымды жан адамга айта албай азап отуна күйгөнүм аз келгенсип, өз үйүмдөн куулуп, жалгыз калдым. Апам гана “кызым, колумдан эч нерсе келбейт. Бактиярды акылдуу жигит дедиң эле. Эгер чын эле сен айткандай болсо, анда ал сени бактылуу кылып алар. Силер бактылуу болсоңор, албетте, агаң кечирет. Кантсе да бир тууганың” деп ыйлап жатты. Эмне демекчимин, апама «баары жакшы болот. Бактияр мени бактылуу кылат» деп дагы бир жолу ишендиргенден башка айлам калбады. Ошентип, үйдөгүлөр менен дилим сыздап, жүрөгүм канап коштоштум. Көкүрөгүмдү бууган армандын, өкүнүчтүн, өксүүнүн жашы токтобой, аэропортко жеткенче ыйлап бардым. Эл байкабасын деп жүзүмдү муздак сууга чайкап, кара көз айнегимди тагып алдым. Учак өйдө көтөрүлгөн сайын туулган жериме көз чаптырып, сыздап барам. Кайра өз үйүмө келемби, келсем да кире аламбы? Агам кечиреби? Бактияр мени бактылуу кылып, дос-душмандын алдында жүзүмдү жаркыта алабы?.. Ушундай суроолордон башым катып, туулган жеримден узап бараттым.
Күтүп алган Бактиярга сыр бербей, күйүтүмдү ичке катып, жайдары болууга аракет кылдым. Ал маанайымды байкап, улам-улам “сага эмне болгон?” деп сурап жатты. “Баары жакшы, чарчап келдим” деген жообума баары бир ишенбеди.
Дем алыш күнү шаар четиндеги көл боюна бардык. Муну Бактияр уюштурду. Көңүлүм жок болсо да, сунушун четке кага албадым. Алып келген тамак-ашыбызды көл жээгине даярдап, сууга да түштүк.
– Эми айтарсың, эмне болгонун?- деди Бактияр ысык кумга оонаган калыбында.
– Эмнени?
– Мага айта турган сөзүң жокпу? Келгениңден бери кабагың ачылбайт, бир нерсе болгон окшойт, ээ? Биз бири-бирибизден сыр жашырган эмес элек го...- деди. Мен эч нерсе айта албай ыйлап баштадым.
– Токтот!
Бактияр катуу кыйкырды.
– Тажап кеттим! Көңүлүңдү көтөрөйүн деп келсем, дагы баштадыңбы?! Бул жерге сени кыйнаган ойлордон арылтып, дартың болсо угайын деп келдим!- деп айтса да, көпкө чейин токтоно албай ыйлай бердим. Бир топтон кийин гана бардык чындыкты айттым. Ал чачымдан сылап, көзүмдүн жашын аарчып:
– Жаным, биз бактылуу болобуз. Ошондо агаң сөзсүз кечирет. Мен агаңа өзүм барамын. Ушул күздө экөөбүз барып кечирим сурайбыз, уруксат алабыз. Ал бизди сөзсүз түшүнөт!
Бактияр бул сөзүн ишенимдүү айтты.
– Чынбы, Бактияр?!
– Чын!
– Чындаппы?!
– Чындап!
Азыр эле ыйлап жатканымды унутуп, көкүрөгүмдү бууган азаптарды Бактиярдын бир ооз сөзү жеңип, моюнуна асылдым. Ал башымды көкүрөгүнө коюп, чачымдан жыттады.
– Ошондо ушул көлгө дагы келебиз, ээ?- дедим эркелеп.
– Албетте, келебиз. Кийин балдарыбыз менен да тез-тез эс алууга келип турабыз. Тээтигилерди көрдүңбү, байкайсыңбы, ар дайым үй-бүлөсү менен келет,- деп кичинекей балдарына сүзүүнү үйрөтүп жүргөн жаш жубайларды көрсөттү.
– Биздин да балдарыбыз болот, машинабыз болот... Экөөбүз кыялдана баштадык.
– Эгиз балдарыбыз болот, ээ?- деди мага олуттуу карап.
– Макул, эгиз болот,- деп анын сөзүнө кошулдум.
Акыркы мезгилдерде Бактиярдын апасы бат-бат телефон чала турган болду. Бактияр апасы менен сүйлөшкөн сайын көпкө ойлонуп отуруп калчу. Анын бир чечимге келе албай арсар болуп жүргөнү байкалар эле. Апасы ар дайым жөнү жок жерден ыйлап, акыл-насаатын ыксыз айткандан тажачу эмес.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)