СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

Жаңы сериал

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Кургурум, ай, сен эмнени билет экенсиң? Мен чын эле күнөөлүүмүн... Мени Кудай өзү жазалады... Баланын үнүнө зар кылды го, Жараткан... Чала мага!
– Жок, антип айтпачы, Иса! Мага эч нерсенин кереги жок. Сен болсоң болду мага!
Иман башын чайкады. Аялын муңая карап туруп күңгүрөнө кетти.
– Билесиңби, Гүлнар? Мен... Менин... Менин уулум бар... Уулум!
Иман Гүлнаранын өзөгүн куйкалаган бул сөздөр кантип оозунан чыгып кеткенин билбей калды. Бул сырын өмүр бою көңүлүнүн түпкүрүнө катып, эч бир адамга айтпай келбеди беле.
Гүлнара уккан кулагына ишенбей, катып калды.
– Кандай дедиң?! Уулум бар де­диңби?!
Анын үнү бирөө муунтуп бара жаткансып, үзүлүп-үзүлүп токтоду.
– Сен... Сенин... Уулуң... Жок, жок, мен жаңылыш уктум окшойт... Калп, ээ? Калп дечи!
Бүткөн бою калчылдап теңселе түшүп, столдун четин карманып калды да, Иманды телмире тиктеди. Ал болсо көзүн ала качып, тескери бурулду. Чындыгында эле эмне демек? Гүлнарага эмес, өзүнө жооп бере албайт болчу ушул тапта. Анткени оозу туюк жарадай өмүр бою көңүлүн оорутуп келген суроо эле бул.
– Чынбы?!
Иман башын ийкеди.
– Кантип?!
– Билбейм, Гүлнара, билбейм. Сурабачы, менден... Эч нерсе деп сурабачы... Кыйнабачы, бай болгур!
Гүлнаранын калчылдаган колдору бир нерсе издегенсип баратып шалдая түштү. Карегиндеги үмүт нуру өчүп бараткандай, ичинен бир нерсе кыйнап баратты. Далысы бүкүрөйө түшүп сокурларча эки жагын карманып, жыгылып кетчүдөй теңселип, өз бөлмөсүнө бет алды. Иман болсо турган ордунда кала берди. Ал азыр гана болгон ишти толук түшүнө койду. «Эмне кылдым, ыя, эмне кылып жибердим?!» Азыр аялынын артынан кирип, болгон сырын айтып же болбосо көз көргөн, башы оогон жакка басып кеткиси келди. Бирок ордунан жылбай, жерде чачылып жаткан розаларды максатсыз тиктеп тура берди. Розалар... Жайнаган розалардан башка көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды. Тагдырлар бирде кесилишет, бирде кайчылашат, бирде жанашат тура. Балким, жашоонун кызыгы ушундадыр.
Ушул эле күнү, ушул эле шаардын экинчи бурчунда бир аял да зарыгып, жалгыз уулун күтүп отурган. Ал жүн жоолук салынып, уулуна байпак токуп отурган Айша болчу. Кыштын узун түнүндө өзүнүн өмүрүнө шоола чачкан жападан жалгыз медерин күтүп отурду. Шартылдай баскан Рустам өздөрүнүн үйүнүн жарыгы али өчө электигин көрүп, кабатырлана түштү. «Алда байкуш апам, ай, адатынча мени күтүп отурган тура. Эмне санаасы тынбайт? Же бир кичине болсом экен». Көз алдында апасынын үйдө жалгыз үңкүйүп иштеп, окуп же түймө түйүп отурганы элестей түштү. Эки тепкичти бир аттап, тез эле үчүнчү кабатка көтөрүлдү. Эшикти абайлай ачып, сырт кийимин чечип жаткан уулун көрүп, эне жүрөгү чалкый түштү. «А-а, байкушум, мени ойготпоюн дегени го». Рустам апасынын кабагы чытылып турганын көрүп, жарк күлүп ийди.
– Күнөөлүүмүн, апаке, кечигип калдым.
Апасын кучактай калып сөз айтканга мүмкүндүк бербей, тегеретип жиберди.
– Экинчи институттан үйгө, үйдөн институтка гана каттап, кез-кезде машыгууга же кез-кезде келин балаңызга барып, көп убакытты сиз менен өткөргөнгө пионердик... Ой, жок, азыр пионер жок да, жөн эле жигиттик антымды берем.
– Түшүр дейм, шайтан! Ошентип койсоң эле апаң алданып калат бекен?- деп Айша кара күчкө ачууланымыш болуп калп эле урушуп калды.
– Түшүр деп жатам, Рустам!
Рустам апасын жерге түшүрүп, күнөөлүү боло башын жерге салып, ашканага жөнөдү.
– Апа, тамак барбы?
– Куру дегенде телефон чалып кой­соң боло, балам. Чырылдаган кургурду сен үчүн орноттум эле го, мен.
– Койчу, апа, жөн эле кабатырлана бересиңби?!
Айша казан-аягын калдыратып жатып сүйлөнө берди.
– Жөн эле деп! Күнү кечке институтка кеттим деп коюп жүрөсүң! Тиги Айнураң кечке чалып, репетиция болмок деп. Сенин болсо дайының жок! Каякта жүрөсүң, билбейм?! Айтчы, каякта жүрдүң?!
– Концертке бардым, апа.
Айшанын колунан табак түшүп кете жаздады. Сыр билгизбей колундагы табакка тамак куюп, уулуна жылдырды да, кайра тескери бурулуп, турган калыбында акырын үн катты.
– Сен... Анын концертине бардың­бы?!
– Ооба, апа.
Айша шалдая түштү. Бир топко отурду.
– Апа, койчу эми, ошого да капа болуп...- деп күнөөлүүдөй шыйпаңдап жанына келген Рустамды кичине кезиндегидей башынан сылап, муңайым жылмайып койду.
– Рустам, айтчы, балам, сага эмне кереги бар анын?! Экөөбүз ансыз эле буга чейин сопсонун жашап келбедик беле. Эмнеден кем болуп аны издеп калдың?! Ушул сени өксүбөсүн деп колумдан келгенинин баарын жасап отурам го... А сен...
Айша уулуна таарына түштү.
Рустам улутуна ордунан туруп, тескери карап калды.
– Рустам!
– Билесиңби, апа, мен ал адамдын жүзүн көрүп, көзүнө тике карагым келген болчу. Мен ага бир нерседен кем болгонум үчүн барганым жок. Ата сөрөйүмдүн көзүн көрүп...
Рустам ызалана токтоп калды.
– Көрүп көксөөң кангандыр?!
Айша дирилдеген үнүн жашыра албай, көз жашына муунуп баратты.
– Канды, апа. Бирок ошол учурда сахнада гүл кучактап, жасалма жылмайып, улам-улам жүгүнүп жаткан адам менен эч жакындыгым жок экенин сездим. Ал бактылуу адамдай көрүндү.
– Рустам, токтотчу, балам!
Рустам апасына жай бурулду да, аяй карады.
– Апам, ай, бүт өмүрүңдү ошого арнаганыңа арзыйт бекен ошол?! Өмүр бою үмүт үзбөй күтүп келгениң­ди билбейт дейсиңби?!
– Токтот, иттин баласы!
Айша ордунан тура калып, өзүн жогото кыйкырып жибергенин билбей калды.
– Жашоонун эмнесин билип коюп­суң сен! Арзыбайт деп! Сары ооз балапан десе! Муну кара!
Колундагы майлыгын ыргытып жиберип, тура жөнөдү.
– Тамагыңды ич, муздай электе!- деп кетип баратып күңк этип койду да, өз бөлмөсүнө кирип китепти колуна алды. Канча аракет кылса да эмне окуп жатканы башына кирбей, уулунун сөздөрү кулагына жаңыра берди. «Арзыбайт... Арзыбайт...» дейт тура. «Арзыбайт экен да». Баардыгынан да бул сөздү өзүнүн уулунан угуп жатканы жанын күйгүздү. Ызасына чыдабай, колундагы китепти катуу ачып жибергенде барагы айрылып кетти. Аны тиктейойлуу отуруп калды. Чындыгында эле өз жүрөгүнө үңүлсө, Иманды күтүп жашаган экен. Эмнегедир баары бир уулум экөөбүзгө кайрылат деген ишеним менен жашаптыр көрсө, ушуга чейин. Бирок ал кайрылбады. Айша эми гана артына кайрылып, өмүрүнүн бир чоң белин ашып койгонун туйду. «Кызык, ушинтип эле өмүрүм көз ачып-жумганча өтүп кеткен экен да. А мен байкабапмын, таптакыр байкабаган элем. Кана, бул жашоодо эмнеге жеттиң?! Эмнеге жетпей калдың, эстечи?! Хм, алды-артымды карагыча минтип... Эх, Иман, кайрылбадың мага. Мага эмес, уулуңа кайрылбадың. Мейли, өкүнбөйм, уулум бар. Бекер жашаган жокмун бул дүйнөдө. Ушуга да Кудайга тобо деш керек» деп жатты өзүн сооротуп.
Ушул учурда Рустамдын бөлмөсү­нөн кыл кыяктын үнү сыбызгый кетти. «А-а, байкушум, кыякта ойноп өзүн алаксытайын деген го... Кудайга тобо, бул жагынан да атасына окшоп калганын көр. Ал да бир нерсеге капа болсо, шак кыл кыягына жабышар эле». Эне байкуштун жүрөгү кайрадан түтпөй, «ай, ушул, катуу айтып койдумбу? Көңүлүнө алып калбады бекен, чунак бала?» деп санааркап жатты. Чындыгында эле Рустамдын мүнөзү өтө оор болчу. Ар дайым бир калыпта ойлуу басып, кабагын чытып жүргөнү-жүргөн. Өзүнөн башка эч бир адам менен чечилише сүйлөшүп, жаркырай күлгөнүн көрө элек.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kansuluu
2010-03-25 11:56:20
Эх....турмуш, турмуш!Турмуштан баарын-баарын кутсо болот экен.
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан