«НУР МЕНЕН КАКТООЧУ АППАРАТ ҮЧҮН ЭЛДЕН 2 МИЛЛИОН СОМ ЧОГУЛДУ»

Кыргызстанда рак менен ооруган чоңдорду жана балдарды сыртынан нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппарат (линейный ускоритель) үчүн эл өздөрү акча чогултууда. Ошондой эле балдардын онкологиялык оорулар бөлүмүндө дарыларды ата-энелер сатып алган учурлар көп. Эмне үчүн? Бул суроого жоопту керектүү адамдардан алдык.

«КАН АРКЫЛУУ ГЕПАТИТ ЖУКПАШЫ ҮЧҮН ГЕМОФИЛЬТР КЕРЕК»

Алгач Бишкектеги «Помогать легко» коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева менен маектештик.

– Онкологиялык ооруларды сыртынан кактап айыктыруучу аппарат үчүн элден акча чогултуу идеясы качан пайда болгон? Учурда канча каражат чогултулду?
– 2014-жылы Улуттук онкологиялык борбордун балдар бөлүмүнө гуманитардык жардам алып барып жүрүп, ал жааттагы көптөгөн жүрөк өйүткөн маселелерге күбө болдум. Андыктан ошол жылы «Помогать легко» фондун түздүм.
Аталган борбордогу радиотерапияда колдонулуучу аппараттын эскилиги жетип, ал ооруларды дарылабай эле, күйүккө, ашыкча нурданууга кабылтып жатканын угуп, иликтесек туура болуп чыкты. Муну фонддун чакыруусу менен келген беларустук онкологдор да далилдешти. Алар «рак өскөн жерди миллиметрине чейин бөлүп кактап, башка органдарды нурдантуудан зыян тарттырбай турган заманбап аппараттар бар. Алар 3,5 миллион доллардын (239 миллион сом) тегерегинде турат» деп айтышты. Көрсө, Улуттук онкологиядагы аппарат 1987-жылы алынып келиниптир. Аппараттын айынан нур менен дарылануу үчүн чоңдор да,балдар да чет өлкөгө барып жатышат. Алар үчүн 1 курс дарылануу 2000 доллардын тегерегин түзүүдө. 1-2 жолкуга акча тапкандары менен, кийинкилерине каражат жок каза тапкандар бир топ. Ошол себептен 2016-жылдын 7-майында биздин фонд аппарат сатып алуу үчүн улуттук кампания жарыялады. Учурда элден 2 миллион 300 миң сом чогулду. Ушундай темп менен жүрүп отурсак каражатты жүз жылда чогултат экенбиз.
Жакында эле көчмөндөр оюну өттү. Бир ипподром салганга эле көптөгөн миллион доллар жумшалды. Ал эми аппарат үчүн өкмөттөн 3,5 миллион доллар каражат табылбай жатат!
Биздин фонд рак менен ооруган балдарга болушунча жардам берүүгө аракеттенет. Мисалы, кекиртек рагы менен ооруган нарындык 2 жашар баланы врачтар «эми дарылоодон ылаажы жок» деп үйүнө чыгарып коюшат. Ал бала эч нерсе жей да, жута да албай калган экен. Биз ал бала үчүн 2000 доллар чогулткан элек. Бирок оорудан улам абалы абдан начарлап калгандыктан химия терапияны көтөрө албай каза болуп калды. Мындай окуялар көп жолугуп жатканы өкүнүчтүү.

– Оорулууларды арзан дарылатуу үчүн чет элдиктер менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыпсыздар.
– Ооба, биз Алматы шаарынын акими жана Кыргызстандагы Казакстандын элчилиги менен жаңы аппарат алгыча биздин рак оорулууларды дарылоо баасын арзаныраак кылып берүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өлкөдө заманбап лаборатория да жок, бул маселе качан чечилери белгисиз.
Рак менен ооругандарга донор кан да керек. Бирок өлкөдөгү пациенттердин донор кан аркылуу гепатитти жугузуп алып жаткандыгы актуалдуу бойдон калууда. Ал эми вирустуу гепатит онкологиялык оорулуулар үчүн өлүмгө ачык жол. Биз Москвадагы онкогематология борборуна барганыбызда андагы оорулууларга 1 жылда 30 миң литр кан куюларын уктук. Бирок кандан гепатитти жуктургандар жокко эсе. Көрсө, алар кандагы микроб, вирустарды өлтүрүп, тазалап берүүчү атайын аппаратты колдонушат экен. Онкологиялык борборго ошондой гемофильтр керек экендигин билип, 2016-жылдын башынан тартып ага да каражат топтой баштадык.

«БИЗГЕ БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТКА 6 АЙГА ЖЕТЧҮ ГАНА ДАРЫ-ДАРМЕК КЕЛЕТ»

Эми биз Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеванын кабинетине баш бактык.

– Билишибизче, бөлүмдө керектүү дары-дармектер жок болуп, ата-энелер өздөрү сатып алышат. Мунун себеби эмнеде жана 1 жылда сиздерде канча бала дарыланат?
– Бизде 1 жылда 500-600 бала боордун залалдуу шишиги, сөөк, баш мээнин жана жумшак ткандардын рагы, лейкемия, нейробластома, гистиоцитоз жана башка диагноздор менен жатып дарыланат. 1 жылда 200дөй жаңы оорулуу бала кошулат. Балдардын 60 пайызга жакыны түштүк жергесинен келишет. Ал жакта радиация жогорураак. Айыл аралап акчу дарыялардын, суулардын курамында ден соолукка зыянын тийгизчү заттар бар. Таза суу жок жерлердеги адамдардын ооруп жатышы да ушундан.
Бөлүм 35 орунга ылайыкталган. Дары-дармек кымбат болгондуктан өкмөттөн бизге бөлүнгөн каражатка келген дарылар 6-7 айга гана жетет. Мисалы, лейкоз менен ооруган 1 баланы 1 жыл дарылоого 8-10 миң долларлык дары кетет. Мындай диагноз менен бизде 2015-жылы 183 бала дарыланды. Анан дагы бөлүмгө керектүү 2-3 дары түрүн өлкөдөгү фармацевтикалык бир да фирма алып келбейт. Андыктан демөөрчүлөрдү издейбиз. Кээде кайсы бир дары-дармектин жок болуп, ата-эненин сатып алышы ушундан.

– Нур менен кактоочу аппарат таптакыр колдонулбай калганбы?
– Быйыл 3-жыл болот, эскилиги жеткендиктен радиацияны көп бөлүп чыгарып, оорулууларды күйүккө кабылтып жатат. Учурда ал аппарат баш мээнин рагы үчүн гана колдонулууда. Андыктан оорулуулар Орусия, Казакстан, Түркияга барып нур терапиясын алууга аргасыз.

Жаңы сатып алынуучу аппарат ушундай көрүнүштө.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jaskaaa
2016-11-07 10:02:58
ушуну Кудайым насып этсе экен. этерээк. Канчалаган кош жаштар тыйылар эле.
+4
oruktu_city
2016-11-07 10:22:35
Шайлоого кетиришкен акчадан беришсе болмок екен....сооп да болмок
+7
Rifle_I
2016-11-08 14:32:09
ШАйлоонун алдынан иштерди жасатып анан шайлайбыз эми. Калп эле тамакка, оюнга , 1000 сомго алданбайлы. Ансыз да көрүп жатабыз жепжутаттарды. Автобус менен барганына нааразы, же креслосу эскилигине арызданышты. Эми ар бир кабинетке душ коюш керек.
Ошол жепжутаттардын айлыгын биз төлөп жатабыз.
+4
PatriotKG01
2016-11-09 13:38:03
Rifle_I,барбай деле кое бер шайлоого,булардын заманда биздин добуш 1 тыйын.
-2
Alixan-Nookat.2015
2016-11-07 17:25:07
Шайлоого,кочмондор оюндарына кеткен акчаны ушул тармакка иштетсе болмок,той болду тойдун эртеси да болду эмне муйуз чыктыбы ооруканага заманбап аппаратураларды алып келип кой жакшы болот
+5
admin_superstan
2016-11-08 10:44:44
KyrgyzKagan, саламатсызбы! Быйыл үчүнчү жыл болот деп туура эле жазылып турат. Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
sveet
2016-11-09 13:36:41
el el el-chogultsun el toptosun degi mamlekettin emne geregi bar, baarin el ozu kylsa.
0
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан