ЮРИСТ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго «Арстанов жана Ко» юридикалык компаниясынын юристи АЙНУРА МАМАШОВА жооп берет.



"ЖОЛДОШУМ МЕНЕН КАНТИП АЖЫРАШСАМ БОЛОТ?"

– Жолдошумдун түбү кара-балталык казак, кийин казак жарандыгын алган. Экөөбүз Бишкектен үйлөнүп, Казакстанга иштегени кеткенбиз. Мыйзамдуу никеге Кара-Балтадан турдук. Ортодо 3 балабыз бар. Жолдошум ар кайсы шылтоо менен жумушума чейин келип, мээмди жей берет. Эки күндүн биринде көк ала кылып сабайт. Кыргызстанга жылына бир жолу бир жумага келсем келем, келбесем жок. Ажырашуу үчүн Кара-Балтага барышым керекпи?

Назгүл, Бишкек

– Эгер Казакстанда болсоңуз ажырашуу үчүн Кыргызстанга келүүнүн кереги жок. Казакстандагы жашаган жериңиз боюнча сотко арыз менен кайрылыңыз. Анткени өлкөлөр арасындагы конвенцияга ылайык, жарандык иштерге жардам берүү боюнча 2 мамлекет ортосунда кол коюлган. Арыз бир айдан кийин каралып, 81 күндүн ичинде чечим чыгарылышы керек. Балдарыңыз мыйзамга ылайык, 18 жашка чейин сиздин колуңузда болушу шарт. Башкача айтканда, эне менен бала мыйзам тарабынан корголот.

"КВАРТИРАНТ АКЧАНЫ ТӨЛӨБӨЙ КАЧЫП КЕТТИ"

– Үйүмдү ижарага берип, ошонун акчасы менен жан багам. Бир жарым жыл мурун бир квартирант акчасын кечиктирип жатканынан үйдөн чыгарууга аргасыз болгом. Ал ошол боюнча квартиранын бир айлык акчасын, 8000 сомду төлөбөй кетти. 2015-жылы 10-августка чейин берем деп тил кат жазып, аскердик билетин, дипломун таштап кеткен. Ошондон бери жок.

Айгүл, Бишкек шаары

– Эгерде сиз менен квартиранттын ортосунда айына мынча акча төлөйсүң, кечиктирбей төлөп турам деген келишимиңиз болсо 3 жыл ичинде сотко арыз менен кайрылыңыз. Келишим 3 жылга чейин күчүн жоготпойт.

"КҮЙӨӨМ МЕНЕН КАЙНЕНЕМ МЕНИ ҮЙДӨН КУУП ЧЫГЫШТЫ"

– Ар кандай чыр-чатактын айынан күйөөм менен ажырашайын деп жүргөм. Бирок кайра мамилебиз оңолуп, Орусияга иштегени кеткенбиз. Ал жактан иштеп акча таап келип үй салдык. Кайненем "силерге жер алып берем, үйдү мага каттатып тургула" деп өзүнө каттаткан соң мени күйөөм экөө кууп чыгышты. Эмне кылсам болот?

Акылай, Ысык-Көл

– Үйдүн курулушуна сиз канча каражат коштуңуз, ошону сот тартибинде өндүрүп алсаңыз болот. Акчаны Орусиядан банк аркылуу салган болсоңуз же курулуш материалдарын алгандагы төлөм дүмүрчөктөр менен далилдей аласыз. Эгер алар болбосо кеткен акчаңызды өндүрө албай калышыңыз мүмкүн.

"АКЫ СУРАБАГАН АДВОКАТТАРДЫ КАЙДАН ТАПСАМ БОЛОТ?"

– Жеке ишкермин. Бир жолу менин атымдан бирөө жасалма документ жасатыптыр. Аны менен ошондон бери соттошуп келе жатам. Акчамдын баары түгөндү. Акы сурабаган адвокаттар болот дешет, аларды кайдан тапсам болот?

Азиз, Нарын

– Эгерде кылмыш иши болсо мамлекет тарабынан кепилденген жактоочу алсаңыз болот. Ар бир райондо кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча координаторлор иш алып барат, сизге ошолор жол көрсөтүп берет.

"ВИЗАГА КЕТКЕН АКЧАНЫ КАЙРЫБАЙ ЖАТЫШАТ"

– Литвага иштегени барабыз деп досум экөөбүз виза жасатканбыз. Ортобузда кагаз жүзүндө келишим болгон эмес. Литвага учуп барганда эле "документтериңер туура эмес" деп кайра жөнөтүштү. Бишкекке келип баягы виза жасаткан жерге барсак, ал жак бек экен. Башка жакка көчүп кетишкен дешти. Досум экөөбүздүн 3000 доллар акчабыз кеткен эле. Бул акчабызды кайрып алсак болобу?

Урмат, Ош

– Акчаны кайсы жерден берсеңиз, ошол аймактык укук коргоо органына арыз менен кайрылыңыз. Сиз акчаны төлөп жатканда төлөм дүмүрчөк алсаңыз, ал арызга тиркелиши керек. Эгерде колуңузда эч нерсе жок болсо "алдамчылык жасады" деген күнөө менен тергөө органдарына кайрылууга укугуңуз бар.

"ЖЕРИМДИ КАНТИП КАЙТАРЫП АЛСАМ БОЛОТ"

– Мындан 8 жыл мурун Токтогул районунан май куюучу жай салам деп жер алгам. Ал жерге кызыл китеп алайын деп барсам "компьютерде каттоодо жок экен" деп бербей коюшкан. Кийин башка бирөө менин ошол жериме кызыл китеп алып менчиктеп алыптыр, эмне кылам?

Айгүл, Токтогул

– Адамдын үлүшкө тийген жеринен сырткаркы жердин баары мамлекетке тиешелүү. Ал талаш жерди айыл өкмөтү гана чечип бере алат. Эгер сиз айыл өкмөтүнүн чечимине нааразы болсоңуз райондор аралык экономикалык, административдик иштер боюнча сотко кайрылганга укугуңуз бар.

Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Siren.ms
2016-11-08 17:29:56
Мен сайтка кат жаздым бирок кат кабыл алынды деп жооп келбеди kenesh.super.kg ге кат жазганда жооп келиш керекпи
0
mamatmusakuzuraziya
2016-11-16 02:10:42
супер инфо менинда суроом бар эле кайда жазсам болот
0
admin_superstan
2016-11-16 09:22:25
mamatmusakuzuraziya, саламатсызбы! Сунуш-суроолоруӊузду gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөӊүз болот.
-2
mamatmusakuzuraziya
2016-12-05 01:19:45
admin_superstan, урматтуу админ мен суроо бердим эле силер берген дареке жибергем дайын жокко
0
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан