«ФИНАНСКРЕДИТБАНК» МЕНЕН «ЮНИСТРИМ» БЕЛЕК БЕРҮҮСҮН УЛАНТУУДА!

«ФинансКредитБанк» менен «Юнистрим» системи кардарларын өзүнүн акциялары менен кубантууну улантууда. 18-октябрда «ФинансКредитБанк» өзүнүн кардарларын жакшы маанайда жана музыканын коштоосунда тосуп алып, ысык чай, түркүн таттуулар менен коноктоду. Салтанаттуу иш-чарада банк «Юнистрим» акча которуу системинин акциясынын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды.

«ФинансКредитБанк» көп убакыттан бери акча которуучу «Юнистрим» системи менен биргеликте ар кандай акцияларды уюштуруп келет. Салтка айланган акча которуулар быйыл да өткөрүлгөн. Шарттары эң жөнөкөй: ал үчүн сиз «ФинансКредитБанктан» «Юнистрим» системи аркылуу акча жөнөтүп же алып упай топтойсуз. Буга эч кандай катталуунун кереги жок, акча которуу же алуу аркылуу сиз автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болуп каласыз.
Октябрь айында банк акциянын алгачкы 2 бөлүгүнүн бактылуу жеңүүчүлөрүн аныктап, алар татыктуу белектерге ээ болушту. Айта кетсек, кардарлар жаңы үлгүдөгү сыналгыларга, Айфон S5 сыяктуу заманбап гаджеттерге жана күнүмдүк тиричиликке колдонулуучу техникаларга ээ болушту. Жеңүүчүлөр кубануу менен чогуу сүрөткө түшүшүп, куттуктоолорду кабыл алышып, өздөрүнүн сезимдери менен бөлүштү. Акциянын 2-бөлүгүнүн баш байгесин уткан Токмок шаарынын тургуну Исхар Мазов жылмаюу менен буларга токтолду:
– Мен көптөн бери «ФинансКредитБанктын» кардарымын. Былтыр да акцияга катышып, планшет утуп алгам. Бул жылы да «ФинансКредитБанк» акция өткөрүп жатканын угуп акча которууларды аталган банк аркылуу гана жүргүзүүнү, ошону менен катар башкы байгеге ээ болууну көздөгөм. Менин каалоом аткарылып, башкы байге – жаңы үлгүдөгү чоң сыналгыга ээ болуп отурам. Эми сыналгыны үй-бүлөбүз менен чогуу көрөбүз.
Айта кетсек, акция «ФинансКредитБанктын» бардык бөлүмдөрүндө өткөрүлгөндүктөн утуш ээлери да ар кайсы аймактардан болду. Ош шаарынын тургуну Мукарам Каратаева да чын дилден кубанып, банкка ыраазычылыгын билдирип өттү:
– Айфон тууралуу көптөн бери кыялданып, кымбат болгондуктан ала албай жүргөм. Эми минтип «ФинансКредитБанктын» аркасы менен кыялыма жетип отурам. Акция тууралуу мурун эле уккам, өзүм ушул жылдын июль айынан тарта бул банктын кардары болгом, бирок белек утам деп ойлогон эмесмин. Көрсө, акция 3 бөлүктөн экен, мен 2-бөлүгүнүн катышуучусу болуп калыптырмын. Кыялым орундалды жана заманбап уюлдук телефондуу да болдум. Бул үчүн «ФинансКредитБанкына» ыраазымын!
«ФинансКредитБанктын» жыл сайын жогорудагыдай акцияларды өткөрүүсү – кардарларга болгон жакшы мамилесинин көрсөткүчү, ошону менен катар кардарларды кубантууга жана аларга баалуу белектерди берүүгө болгон аракети.
«ФинансКредитБанк» өзүнүн кардарларын баалайт жана ар дайым убакыттан артта калбай жаңы кызматтарды сунуштайт. Мисалы, өкмөттүн талабы менен соода жана тейлөө мекемелеринде товар жана ар түркүн кызматтарды карта менен төлөө үчүн ПОС-терминалдар болушу шарт. Жогорудагыдай кызматтарды «ФинансКредитБанктан» алууга болот. Мындан тышкары банк ПОС-терминалдарды бекер берет. Ошондой эле "Социалдык карта", "Пенсионердин карта" сыяктуу карталык кызматтарды сунуш кылат. Банк жогорудагы карталык кызматтарды бекер камсыз кылат жана кардарлар картага которулган каражаттарды алууда банкоматтардан комиссиясыз, кезексиз ала алышат.
Ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү максатында «ФинансКредитБанк» насыялардын пайыздык ченин төмөндөттү. Алсак, бизнес үчүн алынган насыялардын сом менен алынгандары 21 пайызга, ал эми доллар менен алынгандары 13 пайызга чейин төмөндөдү. Ошондой эле банк төлөмдөрдүн өлчөмүнө таасир кылган көптөгөн кошумча комиссияларды жокко чыгарды.
«ФинансКредитБанктын» миссиясы – өзүнүн кардарларын жакшы сунуштар жана жогорку сапаттагы кызматтар менен камсыз кылуу. «ФинансКредитБанк» кардарларына жакшы мамиле кыларын күн сайын далилдеп келет.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан