Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кесиптик майрамына карата президент Алмазбек Атамбаевден жаңы батирлердин ачкычтарын алышты. Аткаруучу директору Жолдошбек Жунушевдин жетекчилиги алдында "АЮ Курулуш" компаниясы КРнын ИИМ кызматкерлерине салынган көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерин моюнуна алган. "АЮ Курулуш" компаниясы тарабынан аз убакыттын аралыгында көп кабаттуу 3 үй курулуп бүтүп, 207 милиция кызматкерин үй менен камсыздады. Айта кетсек, бул үйлөрдө жашоого ыңгайлуу болгон бардык коммуникациялар, жашылдандырылган жана кеңейтилген аймак, балдар аянтчасы жана асфальт төшөлгөн жол сыяктуу бардык шарттар түзүлгөн.
"АЮ Курулуш" компаниясы көп кабаттуу турак жайларды жана коммерциялык багыттагы имараттарды куруу менен алектенет жана жер тилкесин каттоо, имараттын долбоорун бекитүүдөн баштап курулуп бүткөн имараттарды колдонууга бергенге чейинки иштерди толугу менен иштеп чыгат. Компания курулуш иштеринин ар бир этабында курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына катуу көзөмөл жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын курулуш мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш алып барат. Бул жолу да компания курулуш иштерин убагында жана курулуш нормаларына жооп бергидей бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшаган.