КРЕДИТ АЛУУДАГЫ КҮРӨӨ ЖАНА КЕПИЛДИК

Кредит алууда ага карата кепилдик же күрөө тууралуу ойлонуп, алар менен камсыздоону эске албай коюу мүмкүн эмес. Кредитти алуу жана аны кайра төлөп берүүдө акысын төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайра кайтаруу деген негизги принциптер бар. Кайра кайтаруу принциби дал ушул кепилдик менен күрөөгө түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан кепилдик менен күрөө эмнеси менен маанилүү жана аны кандай түшүнсө болот деген суроолорго жооп алуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков менен маектештик.

– Эмир мырза, алгач кредит алууда мүлктү күрөөгө коюу маселеси тууралуу айтып берсеңиз. Деги күрөө деген эмне?
– Күрөө – бул менчик укугун же мүлккө карата дагы башка буюмдук укукту күрөөгө коюу менен акчалай же акча формасында туюнтулган милдеттенмени камсыз кылуу ыкмасы. Көпчүлүк учурларда мындай ыкма кредиттик келишимдерде колдонулат. Себеби эгерде насыя алуучу өзүнүн милдеттенмесин өз учурунда аткарбаса анда финансы-кредиттик мекеме өзүнүн талаптарын күрөө аркылуу ыкчам түрдө канааттандырып алууга укуктуу болот.

– Күрөөнү кимдер коё алат, башкача айтканда, күрөө берүүчүгө карата кандай талаптар же эрежелер бар?
– Негизинен Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар күрөө мамилелеринин катышуучулары боло алат. Ал эми күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча насыя алуучу өзү же бул милдеттенмеге катышпаган үчүнчү жак күрөө берүүчү болушу мүмкүн. Күрөөгө кандайдыр бир укуктар коюлса, анда күрөөгө коюлуп жаткан укукка ээ болгон жак гана күрөө берүүчү боло алат. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, ижарага алуу укугун же башка бирөөнүн буюмуна болгон дагы башка укукту менчик ээсинин макулдугусуз күрөөгө коюуга жол берилбейт. Белгилей кетчү жагдай, айыл чарба багытындагы жерлерди күрөө катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын же күбөлүгүн алган банктарга жана финансы-кредиттик уюмдарына гана койсо болот. Күрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүп, кээ бир учурларда нотариалдык жактан ырасталууга жатат. Эгерде күрөө жүйөсү (предмети) болуп кыймылсыз мүлк коюлса, күрөө келишими мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирди деп эсептелет. Бул талаптар сакталбаса күрөө жөнүндө келишим жараксыз деп табылышына алып келип, мындай келишимдин бар-жогу эсепке алынбайт.

– Күрөөгө кандай буюмдарды же мүлктүн кандай түрүн койсо болот?
– Күрөөгө ар кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк болбосун, анын ичинде түрдүү товарлар, негизги фонддор жана жүгүртмө каражаттар, курулуштар, имараттар болушу мүмкүн. Айтсак:

  • курулуп бүтпөгөн жабдуу-шайман,
  • товардык-материалдык корлор (запастар),
  • даяр продукция,
  • чектөөсү жок баалуу металлдар,
  • бак-дарактар,
  • материалдык жана руханий маданият объекттери,
  • накталай акча (улуттук да, чет өлкө валютасы да),
  • кредиттик акча каражаттары жана алардын туундулары,
  • баалуу кагаздардын сертификаттары,
  • жарандык жүгүртүүдөн алына элек дагы башка мүлк жүйө болушу мүмкүн.

– Кредиторлор тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүү бүгүнкү көйгөйлүү маселелердин бири болуп турат. Ушунун тартиби тууралуу түшүндүрө кетсеңиз?
– Кредит алуучу милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, башкача айтканда, милдеттемелерди төлөөнүн мөөнөтү бузулса же милдеттемени мөөнөтүнөн мурда аткаруу жөнүндөгү учурларга ылайык аткарылбаса, анда күрөө кармоочу (кредитор) өз талаптарын канааттандыруу үчүн күрөө жүйөсүн өндүрүп алуусу мүмкүн.
Күрөө предметин өндүрүп алуу жол-жобосу эки түрдө болот: сот тартибинде же соттон тышкары. Өндүрүп алуу жол-жобосун козгоо үчүн күрөө кармоочу тийиштүү билдирүүнү түзүп, аны кредит алуучуга (күрөө берүүчүгө да) тапшырууга милдеттүү.
Күрөө предметин соттон тышкары өндүрүп алуу тартиби тийиштүү макулдашуунун же болбосо күрөө жөнүндө келишимдин атайын шартынын негизинде, ошондой эле нотариустун аткаруу жазмасынын негизинде ишке ашырылат.
Ал эми келишимдерде соттон тышкары тартипте өндүрүп алуу мүмкүндүгү каралбаса, күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу сот тартибинде жүргүзүлүшү керек.
Белгилеп кетчү нерсе, күрөө предмети жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, анда аны өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет. Мындай талап 2014-жылдын 26-февралынан тартып күчүнө кирип, ушул күндөн кийин түзүлгөн келишимдерге толугу менен киргизилет. Ал эми мыйзамга кошумчалар киргизилгенге чейин түзүлгөн келишимдерге бул талап жайылтылбай калган.
Эгерде күрөөгө кыймылсыз мүлк түрүндө коюлган болсо, анда мындай күрөөнүн түрү ачык сатыкта аукцион формасында сатылып, ишке ашырылат. Коомдук сатыкты соода-сатыктын көз карандысыз уюштуруучусу өткөрөт. Аны күрөө коюучу жана күрөө кармоочу биргелешип же сот аныктайт.

– Күрөө коюучу өндүрүп алууну токтотууну же болбосо өндүрүлгөн өз мүлкүн кайрадан кайтарып алууну кааласа, ал аракеттер кандайча ишке ашырылышы мүмкүн?
– Күрөө берүүчү жогоруда аталган билдирүүнү алган соң күрөө кармоочунун талаптарын канааттандырууга жана билдирүү үчүн негиз болуп саналган милдеттенмелерди тез арада аткарууга тийиш. Бул учурда козголгон өндүрүү жол-жобосу токтотулат.
Күрөө берүүчү күрөө кармоочуга тиешелүү бардык суммасынын, анын ичинде өндүрүп алууну айлантуу чыгымдарын, төлөп берүү жолу менен аукцион өткөнгө чейинки кайсы учурда болсо да өндүрүү жол-жобосун токтото алат. Ошондой эле аукциондо алынып коюлган күрөөнүн предметин сатып ала алат.
Эгерде күрөө предмети аукциондордо сатылбай, күрөө кармоочунун менчигине өтүп кетсе, күрөө берүүчү (мурунку ээси) ошол мүлктү кайра сатып алуу сунушу менен күрөө кармоочуга кайрылса болот.

– Ал эми кепилдик деген эмне? Ушул тууралуу да кененирээк айтып өтсөңүз.
– Кепилдик да кредиттик келишимдин өз убагында жана тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздайт. Кепилдик келишими боюнча кепил болуучу адам насыя алуучунун кредитору алдында ал жактын милдеттемелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткарылышынын милдетин алат. Ошондуктан кепил болуудан мурда өзүңүздүн каржы шарттарыңызды талдап, насыя алуучуга ишенимиңиздин деңгээлин эске алуу менен чечим кабыл алыңыз. Анткени, насыя алуучу алган насыясын төлөй албай калса, кредитор кепил болгон адамга кайрылып, насыяны төлөөнү талап кылууга укуктуу. Мыйзам боюнча кепил карызкордой эле көлөмдө жооп берет.

– Акыркы кезде кепилдик берүүчүлөр да, кепилдик алуучулар да алданып калгандыгы тууралуу айтылып жүрөт. Алдамчылардын тузагына чалынбаш үчүн кандай аракет кылуу керек?
– Башка адамдар үчүн өзүңүзгө эч качан кредитти тариздебеңиз! Алдамчылар көп учурда ишенчээк адамдарга кичине акча берип кредитти өзүнө тариздетип жана карызды өзүм төлөйм деп ишендирип акчаны (товарды) ага берүүнү сунушташат. Алар кийин төлөбөй жок болуп кеткенден кийин кредиттик уюм карызды кайтарылып берилишин расмий документте катталган негизги карыз алуучудан талап кылышат жана ага кредиттин бардык суммасын төлөөгө туура келет. Ошондой эле эгер сизди тааныштар, туугандар же башка адамдар алардын кредити боюнча кепилдик берүүчү болуп берүүнү жана кепилдик келишимине кол коюп берүүнү өтүнсө, сиз бул келишимге кол коюу менен карыз алуучу сыяктуу эле жоопкерчилик тарта турганыңызды билүүңүз зарыл. Бул, карыз алуучу тарабынан насыя төлөнбөгөн учурда, кредиттик мекеме карыз алуучунун милдеттемелеринин толук көлөмдө аткарылышын сизден талап кылат жана сиз кредитти башка адам үчүн төлөөгө тийиш болуп каласыз.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктар жана алардын кардарларынын жарандык-укуктук келишимдик мамилелерине аралашууга жана аларга кандайдыр бир администрациялык чечимди кабыл алууга жазма буйрук берүүгө эч кимдин укугу жок. Кредиттик келишим шарттарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу маселелер келип чыккан учурда, карыз алуучу катары сиз гана кредиторго түздөн-түз кайрылсаңыз болот. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алуусуна катталуу) кат жүзүндө келип түшүшү, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, финансы-кредиттик мекеменин электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүн. Улуттук банктын талаптарына ылайык, кредитор кат жүзүндөгү кайрылууга 10 жумуш күн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. Өтүнүч ээсинин жеке жана байланыш маалыматтары, ошондой эле жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу жашыруун деп эсептелет жана каралбайт экендигин билүү зарыл.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан