Эрмек Нурбаев деген ысым 10 жылдан бери кулакка сиңип, айрымдар ага «Тамашоунун» атасы» деген лакап ат коюп алышкан. Кыргызча күлкү тартуулап, элди мыкты маанай менен камсыздаган бул жигит бүгүн биз менен жашоодогу принциптери, туура максат коё билүү ыкмалары менен бөлүшөт.
ЧОГУУ ИШ ЖАСООДО. – Адамдар менен мамиле түзүп жатканда «менден кетпесин» деген принципти көп колдоном. Мейли чыгармачылыкта же катардагы жумушту бүтүрүүдө дайыма сылык, маданияттуу түшүндүргөнгө аракет кылам. Ашыкча эмоция адамды туура эмес жолго салып коюшу мүмкүн. Өзүмдүн тажрыйбама таянып айтсам, мен биринчи мамиле түзүүдө жээктен сүйлөшүп алам, анткени кеме көлдүн ортосуна барганда чөгүп кетиши мүмкүн.
МАКСАТТЫ ТУУРА КОЁ БИЛҮҮ. – Кыргызча КВН ачуу өзүнчө жаңычылдык эле. Мен «Тамашоу» долбоорун ачам дегенде ишенбегендер көп болгон. Бирок «Тамашоунун» тил редактору Арслан байке (ред. Ибрагимов) экөөбүз акыл-эсти жыйып, оюбузду чогултуп долбоорду баштадык. Баары оюбуздагыдай кетти. Көрсө, максатты туура коё билип эмгектенсең оюңдагыдай жыйынтыкка ээ болот экенсиң.
АТА-ЭНЕ. – 2008-жылы АКШга кетсемби, кетпесемби деген тандоонун алдында турганда биринчи ата-энемди ойлогом. Мен үчүн 4-5 жыл аларды көрбөй АКШда жашоо кыйын болмок. Кудайга шүгүр, бул сыноону башымдан өткөргөн жокмун. Ата-энем менен баарлашууга такыр тойбойм. Алар менен өткөргөн ар бир мүнөтүм баалуу, барктуу. Аларга менин коомдогу ордум, жараткан ийгиликтеримден мурун амандыгым маанилүү. Ата-энемдин бактылуу карылыгы менин көз алдымда өтсө дейм.
БАЛДАРГА ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ. – Улуу эки балам «Тамашоуну» көрүп кайсы номердин артынан кандай интермедия болорун билишет. Атайын оюндарды туурап мага көрсөтүп калышат. Кээде мен өткөрүп жиберген оюндарда аталап чакырып мага көрсөтүшөт. Эркек баланы катуу кармаш керек деп коюшат, бирок менин балдарым андай тарбия берүүгө кичинелик кылат.
САЯСАТТА. – Эгер бул чөйрөгө келип калсам, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн саясатчы болом. Көбү "саясатка келгенден кийин бузуласың" деп айтышат. Андай болсо кайра эле кетем го дейм. Элдин байлыгына кол салгым келбейт. Ошон үчүн саясатка келгенче туруктуу чакан бизнес ачып алуу максатым бар. Ким билет, саясатчынын айлыгына үй-бүлө бага аласыңбы-жокпу.
ИШЕНИМ. – Ишенимге кирүү, аны актоо татаал нерсе. Мен башка чөйрөдө ордумду таап калсам, «Тамашоу» экөөнү чогуу алып кетем деп ойлойм. Анткени «Тамашоуну» азыр эч кимге ишенип тапшырып бере албайм, андай адам жок. Бардыр, бирок мен байкай элекмин.
БАРЧЫЛЫКТЫ, ЖОКЧУЛУКТУ КӨРГӨН ЖАКШЫ. – Мен барчылыкты да, жокчулукту да көргөн орто үй-бүлөдө өстүм. Бир жолу "Супер-Инфонун" кеңсесине келип машинамды токтотуп жатсам, жаныма 10 жаштардагы бала келип «байке гезит аласызбы?» деп калды. Ошол баладан мен өзүмдүн кичинекей кезимди көрдүм. Эсимде, 6 жашымда апам, байкем болуп жайында базарда гезит сатып иштешчү. «Мен да иштейм» десем, апам «уят, байкеңдин иштеп жатканы жетишет» деп болбой койгон. Атама даттанып, ыйлап жатып базарга гезит сатканы чыккам. Ошондо байкем менен апама караганда мен көбүрөөк гезит сатчумун. Ойлосом, ошондо элдер мени аяганы үчүн гезитимди сатып алышчу экен да. Жаныма келип гезит саткан балага «сен азаматсың, тапкан акчаңды компьютер ойноп, майда-чүйдө албай, ата-энеңе алып барып бер» деп мактап койгом. Ал бала сүйүнгөн бойдон кетти.
Лунара Бекиева
Алишер Алиев
star@super.kg