Кылмышка шектүү: «АТА-ЭНЕМДИН ӨЧҮН АЛУУ ҮЧҮН БЫЧАКТАДЫМ»

Өткөн айда Ош шаарында «коңшусун бычактаган» деп шектелген жаран кармалды. Кылмышка шектүү бул кадамга жол кырсыгынан улам көз жумган ата-энеси үчүн өч алуу максатында баргандыгын айтууда.

5 ИРЕТ БЫЧАК САЙЫЛГАН

Ушул жылдын 13-октябрында саат 16:00 чамасында милиция кызматкерлерине Ош шаарындагы Урицкий көчөсүндөгү «Береке» дүкөнүнүн жанында турган жаранды мас абалындагы белгисиз жаран келип бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, ага өз убагында жардам көрсөтүлүп, бактыга жараша аман калган. Жабырлануучу 1965-жылы Өзгөн районунда туулган Талантбек Азимбаев экендиги аныкталган. Анын ичине 3, далысына 2 жолу бычак сайылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну, 1990-жылы Өзгөн районунда туулган Урмат Шералиев аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

«АНЫН АЙЫНАН АТА-ЭНЕМДЕН АЖЫРАГАМ»

Кылмышка шектүү Урмат Шералиев тергөө учурунда мындай кадамга эмне себептен баргандыгын төмөнкүдөй түшүндүргөн:
– Мурда соттолгон эмесмин. Бойдокмун. Такай иштеген жумушум жок, күнүмдүк кара жумуштарда иштеп жанымды багып жүргөм. Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Ата-энем 2015-жылдын 20-декабрь күнү мен бычактаган кошунам Талантбектин Тико үлгүсүндөгү унаасында кетип баратышып Куршабдан жол кырсыгына кабылып каза табышкан. Талантбек жолдо унаасын айдап баратып КамАЗдан ашып өтөм деп каршы тилкеге чыгып, маңдайынан чыккан башка КамАЗ менен сүзүшкөн. Бирок Талантбек унаасынан секирип түшүп аман калган. Анын айынан ата-энемдин экөөнөн тең ажырап, 1 үйдөн 2 өлүк чыгардым. Бирок Талантбек татыктуу жаза алган жок. Ошол себептен мен ага өчөшүп калгам. Ата-энем өлгөндөн кийин өзүмдү таштап, ичкиликке берилип кеттим. Окуя болгондо да мас болчумун. Көчөдөн ата-энемдин өлүмүнө күнөөлүү Талантбек менен уруша кетип, ошондо өч алуу максатында, бир чети масчылык менен аны бычактап салдым.

«МУРДА ДА БЫЧАК КӨТӨРҮП КЕЛЕ БЕРЧҮ»

Ал эми жабырлануучу Талантбек Азимбаев окуя тууралуу тергөө учурунда буларды билдирген:
– Өзүмдүн 2 балам бар. Таксистмин, өз унаам менен эл ташып үй-бүлөмдү багам. Мени бычактаган Урмат менен бир жатаканада кошуна турабыз. Былтыр Урматтын ата-энеси «тойго алып барып кел» деп суранышканынан аларды Кара-Кулжага алып баратып жол кырсыгына кабылгам. Унаада үчөөбүз элек. Урматтын ата-энеси ал кырсыктын кесепетинен каза болуп калышкан. Ал окуя боюнча мен сот тарабынан өз жазамды алгам. Ошондон кийин Урмат ичип алса эле колуна бычак көтөрүп «ата-энемдин өлүмүнө сен күнөөлүүсүң! Сени минтем, тигинтем» деп коркутуп биздин үйгө келе берчү.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АЯЛЫН ДА САБАГАН»

Окуянын күбөсү да суракка алынып, көргөнүн айтып берген:
– Ошол күнү Талантбек байке көчөдө турса Урмат чуркап келип «сен менин ата-энемди өлтүргөнсүң» деп кыйкырып, аны бычактап баштады. Талантбек байкенин аялы экөөнү ажыратмакчы болду эле, Урмат аны да ур-тепкиге алып баштаганда Талантбек байке качып кетүүгө аракет кылды, бирок Урмат артынан кууп жетип аны дагы бычактады. Анан ошол тегеректе жүргөн эркек кишилер келип экөөнү ажыратышып, Урматтын колунан бычакты алып, милиция кызматкерлерин, «Тез жардам» кызматын чакырышты.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АБАЛЫ ЖАКШЫ»

Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыковго байланышып, окуя тууралуу уктук:
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү жабырлануучудан ата-энесинин өлүмү үчүн өч алуу максатында ушул кадамга барганын билдирүүдө. 2015-жылы кылмышка шектүүнүн ата-энеси жабырлануучунун унаасында кетип баратышканда жол кырсыгына кабылышып, көз жумган экен. Ал боюнча өз убагында тергөө жүрүп, жыйынтыгында айдоочусу сот тарабынан 3 жылга жатак абакка кесилиптир. Азыркы тапта жабырлануучунун абалы жакшы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
nurikkg1
2016-11-15 10:05:31
Бул балага да тушунуш керек Ата Энеси гордо бала турмодо соттун адилеттуулук чечимин кутобуз
+8
kozuwka
2016-11-15 16:31:36
кудайым сабыр берсин)))) балага боорум ооруду.. камабагыла !
+4
Turadi
2016-11-15 18:27:32
2015-жылы 3 жылга жатак абакка кесилсе 1 жыл отпой тайрактап эркин жургонуно жол болсун, дагы эле эл ташып.
+5
danik0101
2016-11-15 18:56:12
Ошончо баргандан кийин ХХХ ХХХ ХХХХ, ал олсо женилдеп калмак элен, баары бир камашат эми.
+2
admin_superstan
2016-11-16 09:19:14
danik0101, провокациялык билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуӊуз.
0
Santanna
2016-11-15 20:19:57
Бала куйутуно чыдабай ушул ишке барыптыр тим боле жалгыз болсо таянаар тоосу атаэнеси болсо 2нон тен айрылса,караса айыптуу адам ээн эркин журсо 2адамдын олумуно себепчи бп,албетте куйотта,камабагыла камаганга акынар Жок тиги бычак жегенге аз бн мынданда беттер коргулукту коро турган экен негизи.Балага айтаарым эгер окусан башынды бийик котор ичкилике берилбе Кудай сагада жакшы кундорду жазып к ойгондур,белинди бекем буу жамандык иштин артында 2жакшылык бар,сабыр кыл.
+5
TIMON_BERKOWITZ
2016-11-15 21:22:11
Ажал келсе айга барсан да олосун. Келбесе кунго кирсен да олбойсун.
Аллах ата энесине ажал буйруган болсо, айдоочуда не куно? Же не, ажал эмес, кудайдын кылганы эмес, айдоочунун кылганы дечулор барбы?
+2
Surena
2016-11-16 14:32:44
Аварияда аман калса,бычак жеп аман калса кудай деп журушун керек экен.
+4
nur007mir009kg
2016-11-16 16:51:11
Озу бул кишинин жаны темирденгоо аа эки кырсыктан тен аман калса. Эми соттор адилеттуу карап баланы бошотушса экен.
+4
Abutyan0
2016-11-16 20:05:57
ыйман берсин
0
Kethup1986
2016-11-17 16:54:33
Ай,ай куйуту кучтуу экен.Бирок бала жазасын алыш керек,аз болсо да.Ар бир адам кылган ишибизге жооп беришибиз керек.Тигил жабырлануучу да эмнеге боштондукта журот ?Аны да кайрадан жазалап,машина айдоого тыйуу салып (лешение )кылыш керек.Бирок бардыгыбыз Аллахтын колундабыз .Олум ожор омур жолун аралайт ,олум таш боор кары ,жашка карабайт дегендей.Аллах баарыбызга ыйман ,сабыр бер .
0
bagnur
2016-11-17 22:57:00
Менин ойумча таксист куноолуу дуйнодо эн кымбат ата эне да жаш бала ызаланат да ушул маалга чейин жазасын албай журсо бизде биринчи орунда акча ойнойт адилеттуулук эбак унутта калган. Бирок бычактаганы жаман болуптур сабырды сактап журсо аллах жазалайт эле таксистти
+1
Baku123
2016-11-17 23:24:30
Туптуура кылыптыр мен колдойм
0
jusupova
2016-11-18 23:28:13
Эми бул жерде кырсык болуптур, айдоочунун кесепетинен,ошон учун айдоочуулар обгон кылбай абайлап айдагыла! Адамдын омуру силердин колунарда, особенно таксиситер! Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей, ойлонгула!
0
MARINA78
2016-11-18 23:32:38
Ай байкуш балага боорум ооруп ыйлап жатамын.Бул жерде таксист куноолуу.Таксис болуп баргандан кийин жоопкерчилик болуш керек да.Ата энесин олтуруп койгону аз келгенсип эми арызданып каматкысы келип олтурат.Керек болсо ошол балага жардам берип уйлоп жайлап ата энесинин ордуна кылып бериш керек.
+2
aitmat
2016-11-19 10:27:41
Туугандар жатак абагы деген бул камалат деген эмес ал адам уйундо эле жашайт просто эч жака чыкпайт жана ай сайын учетко барып турат ошол эле
0
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан