"Бул чыгарма меники, менин энекемдики, угармандыкы, сеники..." Ушул эки сапты кыңылдап ырдап койсоңуз, калган сабын улап кетчү адам сөзсүз табылат. Бир кезде "ырларынын мааниси жок, жөн эле бир нерселерди айта беришет" деп сындагандар азыр ал оюнан кайтышса керек. Себеби Бегиш, Баястан азыркы кыргыз рэп маданиятын өнүктүрүп келе жаткан жигиттер. Аларды мурун жалаң өспүрүмдөр укса, азыр улуу муун да колдоп, жадакалса клиптерине тартылып жатышпайбы. Эми кепти созо бербей, учурдагы белгилүү рэп аткаруучулардын бири 24 жашка чыкса да уялчаак, кара тору Бегишке кезек берели.
– Салам, Бегиш! Кара тору Бегиштин чыгармачылыктагы тушоосу качан, кайсы ыр менен кесилди эле?
- Салам! Алгачкы ырым "Жашоомдо ырахат" деп аталып, 2009-жылы колледжде окуп жүргөндө жазгам. Эч кимге көрсөтпөй үстүнөн көпкө иштеп жүрдүм. Качан гана ырдап чыкканда колледждегилер, райондогу балдар "жакшы ырдайт турбайсыңбы" деп кызыктырып коюшту. Ошентип рэп айта баштагам.
– Ар бир чыгармачыл адам кумири менен иштешсем деп кыялданса керек. Сенде да ошондой тилектер барбы?
-Ооба, мен Drake, Future аттуу рэперлер менен дуэт жаздырсам дейм. Америкада музыка бат-баттан жаңыланып турат, атаандаштык күч, ошондуктан популярдуулугун кармап калгандар саналуу гана. Мурунку жылдыздар 50 CENT, Snoop Dogg азыр деле ырдайт, бирок актуалдуу эмес. Алар жаңы чыгарма жаратса эл угуп коюшу мүмкүн, ал эми мурунку популярдуулукту ашып өтүш кыйын. Мен дуэт жаздыргым келген Drake 2010-жылы чыккан. 6 жыл болсо да актуалдуулугун жогото элек.
– Бизде кандай? Азыр 7ген, Ага-ини деген рэперлерди жаштар сүйүп угуп жатат. Алар силерди басып кетет деп чочулабайсыңбы?
- Негизи, мен мындайга каршы эмесмин. Алар мени менен чогуу чоңойгон эле балдар. 7гендин чыкканына 2-3 жыл болду, аны бир баттлдан көрүп жактырып, өзүм барып таанышкам. Ага-инини болсо 5 жылдан бери билем. Азыр баарыбыз чогуу "Курултай" деген долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса, жакында күбө болосуздар.
– Акыркы кезде сүйүү эмес, патриоттук темага көп басым жасап калдыңар...
Жаңы чыгып жатканда элге уккулуктуу болуп, жакшы алынышы үчүн сүйүү жөнүндө жазыш керек болчу. Атың таанылбай жатып патриоттук темада рэп аткарып жатсаң "могу жаш балдар эмнени эле ырдап жатышат?" деп көбү көңүл бурбай коймок. Мына эми атыбыз таанылып калгандан кийин акырындап патриоттук темага өтүп жатабыз. Биздин максат – бизге көз салып турган жаштарга туура жол көрсөтүү, үлгү болуу.
– Чыгармаларыңдын арасынан "ставка" коюп, бирок элге алынбай калганы же, тескерисинче, күтүлбөгөн ийгилик алып келгени болдубу?
- "Ким жетсин?" деген ырыбызды 2013-жылы жазганбыз. Ал интернетте деле бар, бирок көп кызыгууну жараткан эмес. Былтыр альбом чыгарар алдында клип тартсак элге жакшы алынып кетти. Ошол ырга "ставка" койгон эмеспиз. Өзүбүз ишенген – "Эне тил" болду, ал ишеничти актады. Анан да мурунку сүйлөшкөн кызыма арнаган "Жалгызым" деген ырымдын окуясы да кызык. 2010-жылы жаздырып, ошол боюнча калып калган эле. Бир жылдан кийин гана Мирлан (ред. Саткымбаев) "ушул ырды кайра жаздырып көрбөйлүбү?" дегенинен жаңыдан иштеп чыкканбыз. Мирлан ошол ырга ишенген болчу. Ал да элге жакшы алынды.
– Интернет баракчаңарга силерди туурап рэп окуган жеткинчектерди жүктөп каласыңар. Кичинекей күйөрмандарыңар көп окшойт?
- Көбүнчө ата-энелер "балабыз силерди жакшы көрөт, туурайт" деп видеолорун жиберишет. Айрымдары менен жакындан таанышып, достошуп да калганбыз. Мисалы, 4 жаштагы Имангазы деген күйөрманыбыз бар. Биздин бардык ырыбызды жатка билет. Жалал-Абадга гастролго барганда атасы үйүндө коноктоп, баласы менен тааныштырды. "Келечекте силердей ырчы болгусу келет, жардам берип койгулачы" деп калды. Андай күйөрмандар үчүн кубанабыз жана дайым колдойбуз.
– Бир жолу эфирде журналист Баястан экөөңөрдү адаштырып алганда аябай ачууң келди эле. Ошондон улам ачуусу чукул окшойт деген ойго келгем...
- Негизи менин ачуум өтө деле чукул эмес, оор басырыктуу, жөнөкөй, уялчаак эле жигитмин (күлүп). Ал учур башка болчу. Эгер карапайым адамдар атыбызды алмаштырып алса ага капа деле болбойм. Анткени ал алардын жумушу эмес. Бизди конок катары чакырып жаткандан кийин кимдин ким экенин билип, бир сыйра кабар алып коюш керек болчу. Аны мен профессионалдуулук эмес деп эсептейм. Жашоодо толтура учурлар болот. Баястан экөөбүз жүрсөк мага келишет, "байке, сүрөткө түшүп алсак болобу?" деп. Ары жактан Баястанды көрүп калышса, "оо, Бегиш байке" деп ага чуркап кетишет. Аларга күлүп гана коёбуз.
– Эми жеке жашоого келсек. Байкашымча, жалгызыңды тапкан окшойсуң?
- Балким. Чынында, эч ким менен сүйлөшпөй жүргөнүмө 5 жыл болуптур. Чыгармачылык деп жүрө берип кыз менен жигиттин ортосундагы мамилелерди деле унутуп баратыпмын. Ал кызды интернет аркылуу тапкам. Кесибим тергөөчү-криминалист болгондуктан жакшылап сураштырып, бир жыл бою байкаштырып жүрдүм. Акыры жакшы кыз экенине көзүм жетип, тааныштым. Буюрса, эгер экөөбүздө баары жакшы болуп кетсе, эмдиги жылы үйлөнөм. Апам да "сүйлөшкөн кызың барбы, болбосо өзүм эле алып берем" деп калат. Акыркы убакта бат эле табышкандар ажырашып кетип жатышпайбы. Ошого терең ойлонуп, анан үйлөнүш керек деп ойлойм.
– Маегиңе рахмат. Рэп маданиятын мындан ары да өстүрө бергиле!
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg