Жабырлануучу: "МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ТИЛКЕСИН САТКАНДАРГА АЛДАНЫП, СЕЛСАЯК БОЛУП КАЛДЫМ"

Борбор калаанын тегерегинде көпчүлүк жерлер мыйзамсыз басып алынганы жашыруун эмес. Так ошол жерлерде жашаган тургундар кыйын шартта күн кечиришүүдө. Себеби өкмөт мыйзамсыз там салып алган жерлерге шарт түзүп бербейт. Ал эми басып алынган жерлерде үй куруп жашап калгандардын айтымында, алар жер тилкесин өз убагында кызылдай акчага сатып алышкан. "Жакында бул жерлер трансформацияланат, суу, электр жарыгы, бардыгы болот" деп элди алдап, акчасын алып куйругун түйгөн шылуундардын көбү жазасыз калууда. Андай алдамчыларга ишенип, сызга отурган тургундардын турмуш-шарты менен таанышуу максатында Ак-Ордо-2 деп аталган жаңы конушту көздөй бет алдык.

Калк арасында аталышы
– Ак-Ордо-2 (расмий аталышы жок)
Жайгашкан аймагы – Чүй облусунун Сокулук району
Аянты – 886 гектар (жерлер чарбачылык үчүн бөлүнгөндүктөн үй курууга трансформацияланган эмес)
Калкынын саны – 976 адам (каттоодон өткөн)
Суунун баасы (1 тоннасы) – 250 сом

"4 ЖЫЛДАН БЕРИ СУУ, ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫ ЖОК ЖАШАП КЕЛЕБИЗ"

Аталган жаңы конуштун тургуну Нурбүбү Мусалиева бизге кандайча алданганын айтып агынан жарылды:
– Өзүм 2-топтогу майыпмын. 6 балам бар. Жолдошум дагы жумушсуздуктун айынан үйдө отурат. Балдарыбыз иштеп кол кабыш кылат, анан пенсия алам, ошону менен күн көрүп жатабыз. Бала-чака менен батирлеп жүрсөң деле кыйын. Үңкүр да болсо өз үйүмдө жашайын деп жерге муктаж болуп, мындан 4 жыл мурун бул жактан 5 сотых жер үлүшүн 5 миң долларга сатып алганбыз. Бирок кызыл китеби жок. Саткан адам "жакында трансформация болот, ошондо кызыл китеби берилет" деген эле. Андан азырынча дайын жок. 4 жылдан бери суу, электр жарыгы жок жашап келебиз.
Таза сууну тоннасын 250 сомдон сатып алып ичебиз. Балдар таза суу ичпесе ич келте, тамак оорулары менен ооруп калышы мүмкүн. Сууну аябай үнөмдөп колдонобуз. Кенен отуруп чай ичмей жок, баш жуусак да анын суусун төгүп салбай пол жууганга жаратабыз. Кирди болсо жамгыр жааганда толтуруп алып, ал суу тунган соң ошого жууйбуз. Ошондуктан жамгыр көп жаашын тилейбиз.
Биздин жаңы конуш Ак-Ордо-1 менен Ак-Ордо-3 жаңы конуштарынын ортосунда жайгашкан. Ак-Ордо-3 жаңы конушунда деле үйлөр биздикине окшоп басып алынган жерлерге салынган. Бирок аларга суу, электр жарыгы берилген. Эмнеге бизге тартып бербей жатышат түшүнбөйм. Электр жарыгын Ак-Ордо-1ден өзүбүз тарттырып алганбыз. Бирок трансформаторубуз жок. Ага акча чогулталы десек айрым кошуналардын каражаты жок болууда. Электр жарыгыбыз эптеп лампочка менен сыналгыга жарайт. Ал эми муздаткыч, электр меши сыяктууларга күчү жетпейт.
Балдарыбыз барганга бала бакча, мектеп, медициналык бөлүм да жок. 1 неберем, 1 уулум мектеп курагында. Алар Ак-Өргөө жаңы конушундагы мектепке барып окушат. Бирок ал жакта да орун аз болгондуктан каттоодо турган балдарды эле окутуп, биздин балдарды "кабыл албайбыз" деп жатышат. Жолдорубуз ысыкта чаң, жаанда балчык болуп чыга келет. Шамал болгондо чаңдан кирпигибиз ачылбай калат. Коңшулар акча чогултуп бир аз шагыл төктүрүп койгонбуз, бирок ага деле болбойт. Маршруттук таксилер мурун биз жакка чейин каттабай, бир топ жерге чейин жөө барып түшчүбүз. Жакындан тарта бир маршруттук такси каттап сүйүнүп жатабыз. Бирок ал деле аралыгы бир топ убакыт өткөн соң келет. Таштандыны да чогултуп коюп бир күнү шаарга чыкканда төгүп келебиз.
Ак-Ордо-2 жаңы конушунун тургундары өкмөттөн биздин жерлерди трансформация кылып, суу, свет менен камсыздап беришин суранат элек. Биз бул жерлерди басып алган эмеспиз, сатып алганбыз.

"МОНЧО ЖАКПАЙБЫЗ, БАКЧАБЫЗДА ЭЧ НЕРСЕ ӨСПӨЙТ"

Дагы бир тургун Самат Бейшенов буларды кошумчалай кетти:
– Жерди сатып алгам, бул жакта үй салып 3 жылдан бери жашайм. Жер үлүшүн ошол маалда 3400 долларга сатып алгам. Жер саткандар "жакында трансформация болот, суу, свет берилет" деген сыяктуу көп убадаларды беришкен эле. Көчөлөрүбүздүн аты жок. Кокус бирөө-жарым ооруп калып "Тез жардам" кызматын чакырсак келе албайт. Ооругандарды өзүбүз шаарга алып барабыз. Ушуга окшогон көйгөйлөрдү чечип берүүгө айыл өкмөт, квартальный жок.

"УРУША БЕРИП АЯЛЫМ КАЧЫП КЕТКЕН"

Мыйзамсыз жер тилкелерди сатуу менен шугулданган алдамчылардын тузагына илинип, жыйынтыгында үй-жайсыз калып, селсаяк болуп кеткендер да бар. Алсак, ушул жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунда 40 адамга эсептелген селсаяктар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Суукта ал жерде баш калкалаган селсаяктардын бири Казакбай (аты өзгөртүлдү) көзүнө жаш алып, Super.kg порталына бул тагдырга кандайча туш болгондугун баяндап берген:
– Өзүм 32 жаштамын. Оштогу ата-энемдин үйүн сатып, ал акчага кайненем Мира аттуу айымдан Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо-3 жаңы конушунан 2 жер тилкесин алып берген. 2300 доллардан 2 жер тилкеге 4600 доллар бергем. Ал жерлерди өзүмө эмес, кайненемдин атына каттаткан элем. Кийин ошол жерге үй салайын деп барсам, башка бирөө үй салып коюптур. Ошол боюнча акчадан да жок, жер тилкеден да жок, селсаяк болуп көчөдө калдым. Каралаша турган эч кимим жок. 2 эле бир тууганбыз, эжем турмушка чыгып кеткен. Ага баруудан тартынам.
Өзүм да туура эмес кылдым окшойт. Аялыма "жерди сенин апаң алып берди эле, ага айт, акчаны таап берсин" деп айта берип, анын айынан уруш чыгып, жыйынтыгында аялым качып кеткен, азыр кайда экенин билбейм. 2 кызым бар, аларды 1 жылдан бери көрбөй сагындым. Кайненеме чалсам аялымдын дарегин айтпайт же жер тилкесин алган аялдан акчамды кайтарып алып бербейт.

Мүлкүнөн ажыраган жабырлануучу.


"ЖЕР ТИЛКЕЛЕРДИ БАШКАЛАРГА ДА САТЫП ЖИБЕРИПТИР"

Ал эми анын кайненеси менен байланышканыбызда ал:
– Рахима деген бир таанышым "менин курбум арзан жер тилкелерин сатып жатат, алып албайсыңарбы" дегенинен күйөө балама 2 жер тилкесин сатып бергем. Күйөө баламдын документтери жок болгондуктан менин атыма катталган эле. Мира деген аял акчаны алган соң ал жерлерди кийин башкаларга дагы сатып жибериптир. Күйөө балам менен кызым үй салганы барышса, башкалар үй салып коюптур. Тиги аялга бир нече жолу барсак "акчаны ана берем, мына берем" деп жүрүп кайтарган жок. Ал ортодо күйөө балам менен кызым жердин айынан урушуп турмушу да бузулду. Эми тиги аялды сотко берейин десем бутум ооруп бара албай жүрөм.

"ЭЛ НААРАЗЫ БОЛСО, МЫЙЗАМДЫ БУЗБАШ КЕРЕК БОЛЧУ"

Жогорудагы жаңы конуштардын көйгөйлөрү качан чечилерин билүү үчүн Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаевге байланыштык:
– Ал жаңы конуштардын жашоочулары нааразы болсо, мыйзамды бузбаш керек болчу. Мыйзамсыз жер тилкелерин сатып албаш керек болчу. Алар үлүш жерлерди сатып алышкан да. Ошол аймакта жер үлүшү бар адамдар өзүнө тиешелүү жерлерди 4 сотыхтан бөлүп туруп сатып жиберишкен. Ал жерлерге үй салганга болбойт, документинде "чарбачылык үчүн" деп жазылып турат. Бүгүнкү күндө мен ал жерге суу жеткизип же трансформатор койсом, анда бизге биринчиден прокуратура кылмыш ишин козгойт. Экинчиден электр жарыгын орнотуу үчүн техникалык шарттарга жооп бербегендиктен "Түндүк электр" ишканасы уруксат бербейт. Себеби электр жарыгы трансформация болгон жерлерге гана коюлушу керек. Муну эл түшүнбөй жатпайбы. Жерди басып алып, там куруп, андан кийин "жолумду сал, жарык бер" дейт. Бул көйгөйдү чечүү өкмөттүк деңгээлде каралып жатат. Жер тилкелерин мыйзамсыз саткандар да жаза алышууда. 2015-жылы мыйзамсыз жер сатуу боюнча 219 кылмыш иши козголгон. Анын айрымдары жазасын алышса, кээ бирлери соттон акталып чыгып кетүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мүлкүн тарттырып жиберген ата: “Селсаяк болуп жалгыз калдым”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Meerman
2016-11-14 19:38:43
mira eje arky duinodo katuu okunosuz. akchanyz koboiup ele baktyluu bolup jashsp kaldynyzby.
+1
Targarien
2016-11-14 22:12:43
Кайненеси алдамчы окшойт азыр эч кимге деле ишенич жок Тиги балага айтарым жаныдан жашоо башта жумушка орнош ижарага батир ал турмушун оз колунда
0
leilek_suluktu
2016-11-14 23:45:39
бомж кобойуп баратат.ошолордун баары арактын кесепетинен болот.
0
kadam
2016-11-15 08:41:35
Карапайым адамдар мыйзамды билбегендиктен, маалыматтын жетишпестигинен, баёолугунан улам шылуундардын торуна түшүп жатышат. Булардын артында, уюшулган коррупцияланган адамдар турат.Болбосо, бийликтин укуругу узун, эбак колу жетмек. Баарынан да,бечара жигитке убал болду. Кайненеси күйөө баласынын убалынан, көз жашынан коркпойбу? Неберелеринин бетин кантип карап жашап жүрө?
+1
evra_kg
2016-11-15 22:01:54
Ичкилике берилип ушунтип калды деп жазбаптыр аялдын туугандарынада аялынада ишенбеш керек
+1
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан