ТОП-ЛИГАНЫН ЧЕМПИОНУ – «АЛАЙ»

Футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лига 18-турдук оюндар менен жыйынтыкталды. Анда Оштун "Алай" командасы жалпы 45 упай чогултуп, экинчи жыл удаасы менен, ал эми өз тарыхында үчүнчү ирет чемпион аталды.


"Алай" футболдук командасы 1967-жылы Ош шаарында түптөлгөн.
Машыктыруучулары – Айбек Татанов, Бакыт Маматов
Капитаны – Ильяз Алимов
Кыргызстандын чемпиону – 2013, 2015, 2016-жылдар
Кыргызстан кубогунун ээси – 2013-жыл
Легенда кубогунун ээси – 2012-жыл
Стадиону 12 миң көрүүчүгө ылайыкталган Оштогу Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадион

ЧАБУУЛЧУ АЛИА СИЛЛА. СЕЗОНДО КИРГИЗГЕН ГОЛДОРУНУН САНЫ – 21


– Физикалык даярдыгым мыкты болгондуктан кези келгенде 2-3 атаандашты жазгырып өтүү мага кыйынчылык туудурбайт. Чабуулчу болгондон кийин өз ишиңди аткаруу үчүн машыгуу да өз калыбында болуусу керек. Мунун жыйынтыгы чемпиондукта киргизген 21 голум болду. "Алай" командасы менен жарым жылга келишимди узарттым. Кийинки жылы "Алай" АФК кубогунда ойной баштайт, ошол оюндарга катышам. Калганын дагы көрө жатарбыз. Кыргызстандын улуттук курама командасына чакырылсам ойногонго даярмын. "Ак шумкарда" абдан ойногум келет.

"ЧЕМПИОНДУКТУ КОРГОО ТАПШЫРМАСЫ АТКАРЫЛДЫ"


"Алай" командасынын машыктыруучусу Айбек Татанов:
– Жылдын башында "Алай" командасы алдына өлкө кубогун жана чемпиондукту багындыруу максатын койгон эле. Чемпион болууга караганда аны коргоо алда канча татаал экенин көпчүлүк билет. Чемпиондукту жеңүү тапшырмасы аткарылды, ал эми кубокто финалда утулуп калдык. Ошондой эле "Алай-2" командасын түзүп, Биринчи Лигада ойноо максатын койгонбуз. Акыркы жылдары командага финансылык жактан колдоо жакшы болгондуктан мыкты жыйынтыктар болууда. Жеңиштин дагы бир сыры – команданын жетекчилеринен тарта футболчуларына чейин ынтымакташып, биримдикте иш алып барганында. Эсте калган оюндар тууралуу айтсам, Бишкекте "Алга" менен коноктогу оюн өзгөчө болгон. Анда оюндун акыркы убактысында гана жеңиш алып келген голду киргизгенбиз. Ошондой эле Оштогу "Дордой" менен оюнда акыркы мүнөттөрдө гана тең чыгуу болгон жана акыркы турдагы "Абдыш-Ата" менен болгон беттеш эсте каларлык болду.

АТААНДАШТАРГА БАЙ ЧЕМПИОНДУК

Өлкөбүздүн быйылкы чемпиондугу башка жылдарга салыштырмалуу күчтүү командаларга бай, кызыктуу беттештердин көптүгү менен өзгөчөлөндү. Жалпы 7 команданын арасынан бишкектик командалар "Дордой" менен "Алга", Канттын "Абдыш-Атасы" жана Оштун "Алайы" алтын медалдар үчүн катуу күрөшүштү.
Сезондун башында Андрей жана Владимир Власичев машыктыруучулар тандеминен ажырап, чемпиондукту коргоо милдети Айбек Татановго жүктөлдү. Ошондой эле Бакыт Маматов бир убакта оюнчу да, машыктыруучу да болуп эмгектенди. Чемпиондуктун алгачкы оюндарынан тарта эле кызыктуу беттештер орун алып, "Алай" лидерлер арасында келе жатты. "Дордой" менен "Алга" акыр аягына чейин күрөшкөнү менен, 18-турда Ош шаарында "Алай" "Абдыш-Атаны" 2:0 эсебинде утуу менен чемпиондугун коргой алды. Ал эми өлкө кубогу үчүн финалдык оюнда "Алай" "Дордойго" 1:0 эсебинде утулуп калган.

ФУТБОЛЧУЛАР ЧЕБЕРЧИЛИГИН АРТТЫРУУДА

"Алайдын" чемпион болушунун себеби футболчулардын ынтымагы болгондой. Оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин жеңиш үчүн ойногон команда максатына адилеттүү жетип отурат. Ошондой эле командадагы күчтүү легионер футболчулар калган оюнчуларды жеңишке шыктандырып жатты. "Кара жорго" атка конгон чабуулчу Алиа Силла ушул сезондо 21 гол киргизип, башкы бомбардир аталды. Команданын оюнчулары Александр Крестининдин көңүлүнө түшкөн Ильяз Алимов жана Одил Абдурахманов улуттук курамда ойноого мүмкүнчүлүк алышты.

Команданын жарым коргоочусу Максат Алимов мыкты сезон өткөрүп, 15 гол киргизди.


ТОП-ЛИГА-2016. ТУРНИРДИК ЖАДЫБАЛ

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан