БЕЙОНСЕ МЕНЕН ЖЕЙЗИНИН СҮЙҮҮ БАЯНЫ

Жер планетасынын эң бай жана таасирдүү түгөйлөрү ырчы Бейонсе менен рэп ырчысы Жей Зи 8 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Никесин бекем сактап келе жатышкан түгөйлөрдүн ынтымак сырын өздөрү "үй-бүлөлүк жашообузду коомго алып чыкпаганыбызда" деп түшүндүрүшөт.

ДАЛИЛСИЗ УШАКТАР ЧЫНДЫККА АЙЛАНЫП...

R`n`B ханышасы 35 жаштагы Бейонсе менен 47 жаштагы рэп-музыкант Жей Зинин мамилеси тууралуу ушактар 2003-жылы экөө "Bonnie & Clyde" дуэтин жаздырышкандан кийин чыга баштаган. Бирок мындай күмөн ойлорду "чыгармачылыктан башка мамилебиз жок" деп экөө тең четке кагышкан. Көп жыл папараццичилердин кылтагына илинбей жүргөн атактуулар акыры алардын торуна түшүп, түгөйлөрдүн баскетбол көргөнү чогуу баргандагы сүрөттөрү журнал беттерине жарыяланып кетет. 2008-жылы мамилеси бышып калганда Бейонсе: "Жей Зи экөөбүздүн ортобуздагы мамиле пиар жүрүш эмес. Биз чынында бири-бирибизди сүйөбүз",- деп маек берген. Ошол эле жылдын 4-апрель күнү түгөйлөр мыйзамдуу баш кошушат. Бул кечеден папараццичилер дагы куру калып, үлпөт той өткөнү тууралуу эки жумадан кийин билишкен.

БЕЙОНСЕ ОПРА УИНФРИГЕ СЫРЫН ТӨГӨТ

Түгөйлөр 2012-жылы кыздуу болуп, атын Блю Айви Картер коюшат. Бейонсе Опра Уинфринин "Түш сыяктуу жашоо" деген даректүү тасмасында Жей Зи экөөнүн жашоосундагы трагедиялуу окуяны айтып берген. Анда ырчы кызы Блю Айвиге чейин боюнан түшүп калганын билдирген. "Мындан эки жыл мурун биринчи жолу боюмда болгон. Баламдын кыймылы мен үчүн эң сонун музыка эле. Ага ысым тандап, келбетин элестетип да койгон элем. Бирок Нью-Йоркко келип текшерилсем баламдын жүрөгү сокпой калыптыр. Ошондо студияга келип жашоомдогу эң кайгылуу ырды жаздыргам. Ал кайгыдан мени чыгармачылык менен жолдошум Жей Зи куткарды",- деп болгон сырын төгүп алган.

САЯСАТТА...

Бейонсе Ноулз менен Жей Зи "Forbes" журналы тарабынан эң бай түгөйлөрдүн рейтингинде 2013-жылы 1-орунду алышкан. Алардын бир жыл ичинде чогуу тапкан каражаты 95 миллион долларды чапчыган. Түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк бюджетин чыгармачылыктан сырткары толтурчу бизнестери көп. Бейонсенин кийимдер линиясы, парфюм чыгарчу бренди болсо, Жей Зинин спорт агенттиги бар. Ырчылар Барак Обаманын инаугурациясында сыйлуу коноктордун катарында болуп, Бейонсе аталган иш-чарада мамлекеттик гимнди аткарган.
Атактуулар АКШда президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун үгүт иштеринде ырдап колдоо көрсөтүшкөн. Айрымдар дал ушул ырчылардын эсебинен Клинтон жаштардын добушуна ээ болуп жатканын айтышкан.

"ЖЕЙ ЗИ ЖАШООМДОГУ АЛГАЧКЫ МЫРЗА"

Шоу-бизнестин секс-символу Бейонсе Жей Зиге 21 жашында кыздык аруулугун арнаганын айтканы бар. "Бул нерсе көбүн таң калтырышы мүмкүн, мен Жей Зиге жолукканда тажрыйбасы жок кыз элем. 12 жаштан 19 жашка чейин сүйлөшүп жүргөн жигитим болгон. Бирок анда физикалык жакындык тууралуу ойлонбоптурбуз деле. Балким, мен ал кезде жаштыгымдан улам чыныгы сүйүүнүн даамын татууну артка жылдырып, чыгармачылык деп жүрүп алсам керек. Ал эми Жей Зи аял катары менин көзүмдү ачып, чоңдордун жашоосуна алып келген алгачкы адам. Мен бул нерсени айтуудан уялбайм",- деген.

ЖЕЙ ЗИ ЖУБАЙЫНЫН КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛГАНБЫ?

2014-жылдын май айында интернетке Бейонсенин сиңдиси Соланж Ноулздун муштуму менен Жей Зиге тап берген видеосу чыгып кеткен. Окуя болуп жатканда Бейонсе сиңдисинин жанында карап турган. Бул видеодон кийин таттуу түгөйлөрдүн үй-бүлөсүндө баары идеалдуу эмес экенин сезип калышкан папараццичилер Жей Зи жубайынын көзүнө бир нече жылдан бери чөп салып, ырчы айым ажырашуу тууралуу чечим чыгара албай жүргөнүн жазып чыгышкан. Рэп ырчысы Рита Ора, Рианна менен ысык мамиледе болушу мүмкүн деген божомолдор болгон. Көрсө, аталган күмөн ойлордун күнөөкөрү Жей Зинин кол алдында иштеген Рейчел Рой деген айым экен. Ушул аялдын айынан Бейонсенин сиңдиси Жей Зи менен мушташканы айтылат. Бейонсе менен Жей Зинин ажырашуусу тууралуу ушактардын аягы тыйылбай жатканына карабай учурда алар чогуу концерт берип жүрүшөт. Эксперттердин айтымында, эгер экөө ажырашса дүйнөлүк шоу-бизнестин эң кымбат ажырашуусу болот.

Жей Зи "Glory" деген чыгармасына 3 айлык кызынын үнүн жаздырган.


Хиллари Клинтондун атаандашы Дональд Трамп каршылашын Бейонсе менен Жей Зини пайдаланып эл чогултуп жатат деп күнөөлөгөн.


>

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
admin_superstan
2016-11-14 13:09:05
ainazik01, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Esra
2016-11-15 03:04:00
Жей зи.бейонсе.мадонна.рианна.леди гага. Кети пери баары сатанист масонлар.масондорго кошулгандын баарын атактуу бай кылып которушот. Клинтон да масон.
0
maksimus
2016-11-17 14:11:15
Esra,масон деген эмне? Диний кыймылбы? Же акчалай жардам кылат бекен?
+1
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан