БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эрлан таң атканча кирпик кага албай койду. Ал буга чейин сууга мынчалык зар болгон эмес. Тамагы кургап, дүйнөсү тарыды. А тигилер 4-5 саат бою тынбай улуп-уңшуп, акыры чарчаганда гана уйкуга кетишти. Эмне үчүн бул жай жиндикана аталарын Эрлан эми түшүнгөндөй болду.
– А сен эмне уктабайсың?!- чап жаак киши ага көз салып турган экен. Жигит селт этти.
– Биз сени соо койбойбуз. Сен менин аялымды, балдарымды, итимди өлтүрдүң. Шашпа-а!- керебетинде ары жулкунуп, бери жулкунуп бошонууга аракет кылып жатты. "Мына" деди анан бир убакта бир колун бошотуп өйдө көтөрө...
Эрлан жан талашып жатты. Бирок майнап чыккан жок. Чап жаак киши бир убакта бошонуп турду да, Эрланды муунта баштады. Дал ушул учурда сырттан эңгезердей эки санитар кирди да, чап жаак кишини басып жыгылышты. Жигит эсин жоготуп бараткан. Санитарлар аны бошотуп алып чыгып кетишти.

ххх

Элиза агайынын эмнеден улам жумушка келбей жатканына башы маң. Ал Эрланды сагынып жүрөт. Мугалимдер агайынын ооруп калганын айтышкан. Эмне оору экенин ачыкташкан эмес. Бирок ал сураштырып жүрүп Эрландын жиндиканага жатып калганын билип алды.
Бүгүн ал агайына барат. Атайын даамдуу кылып тамак жасап, жасанып кийинип жүрөгү элеп-желеп боло ооруканага жөнөдү. Кыз бардык ооруканалардагыдай эле аны оорулуу адамдын үстүнө киргизүүгө уруксат беришет деп ойлогон. Бирок аны оорукананын босогосунан ары өткөрүшкөн жок.
– Жок дегенде аны көрө аламбы?- деди кыз аны киргизбей жаткан орто жаштардагы аялга.
– Чоң кыз, бул жер психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасы. Туугандарын гана кээде киргизебиз. А сен ага таптакыр эле чоочун киши турбайсыңбы?
– Мен ага чоочун эмесмин.
– Кимге келиптир?- Рита Мадиевна коридордо өтүп бара жатып суроо салды.
– Эркиновго.
– А сиз анын кимиси болосуз?
– Мен студентимин. Суранам, аны менен көрүшүп алайынчы.
Рита Мадиевна саамга ойлонуп туруп калды. "Жүр" деди анан кол жаңсап.

ххх

– Азыр аны алып келишет. Сен бул жерге отура тур.
– Рахмат,- Элиза отургучтан орун алды.
– Силер менен чогуу Айдай аттуу кыз окубайбы?
– Жок. А эмнеге сурап жатасыз?
– Эрлан белгисиз бир Айдай аттуу кызга ашык, аны менен эртели-кеч сүйлөшө берет. Бирок кыз Эрланга гана көрүнөт. Балким, ал Айдай аттуу студентине ашык болуп жетпей калганда ошентип өзүн-өзү алдап баштаганбы деп азыр ойлоп кеттим. Ал ойлоп таап алган кыздын жадакалса фамилиясы бар экен...
– Ким фамилиясы?
– Садырова. Австралияда жашап келиптир. Бишкекке келгенине аз эле болуптур. Муну Эрлан айтты.
– Балким, ал чын эле жашоодо бар кыз болуп жүрбөсүн?
– Балким... Мен ошондуктан сурап жатам.
Эшик тыкылдады. Рита Мадиевнанын бөлмөсүнө уйкудан калып көзү кызарган, 8-палатанын оорулуулары менен алышып моюну тытылган, ар кайсы жери көк ала болгон Эрлан кирип келди.
– Чакыртыпсыз...- деди ал маанайы жок.
– Сага киши келиптир.
Эрлан эми гана аны таң калган көздөрү менен тиктеп турган Элизаны көрдү. Агайын мындай абалга келип калды деп ойлогон эмес. Эрлан арыктап, жүдөп кетиптир.
– Оо, Элиза? Сен кайдан?
Кыз жооп бергендин ордуна көздөрүн жашылданта саамга турду да, анан агайынын моюнуна асылып кучактап калды. Ошол калыбында бир топко ыйлап турду. А Эрлан болсо кыздын чачтарынан сылагандан башка арга тапкан жок.
– Болду эми ыйлаба. Баары жакшы. Абалымды сурап келдиңби?
– Ооба. Сиз эмнеге бул жактасыз?
– Аны шашпай түшүндүрүп берем. Өзүң кандайсың?
– Сиз бул жактан чыгышыңыз керек,- кыз ыйлаганын улантты.
– Жакында чыгам. Кам санаба!
Элиза агайы менен тыңгылыктуу сүйлөшө алган жок. Ыйын токтото албай койду. Бирок жолугушуунун убактысы чектелүү экенин айткан Рита Мадиевна кызды узатып койду.
Эрлан менен бетме-бет калган соң дарыгер:
– Чыныгы жашоодо сага ашыктар ушинтип ыйлап жүрүшөт. А сен кыялыңдагы Айдайыңды сүйөсүң. Таптакыр түшүнбөйм.
– Мен бүгүн да 8-палатага жатамбы?- жигиттин үнүндө коркунуч байкалды.
– Жок, ал бир күнгө эле болчу. Сен кай жерде экениңди түшүнсүн деген эле аракет болчу.
– Анда мен барайын, Айдай күтүп калды.
– Билесиңби, Айдай менен канчалык көп сүйлөшсөң, 8-палатага жатып калуу мүмкүнчүлүгүң көбөйөт...
– Сиз эмне, коркутуп жатасызбы?
– Жок. Муну жөн гана сени дарылоонун бир жолу деп түшүн. Бара берсең болот.

ххх

"Садырова Айдай" бул ысымды Элиза ичинен нечен ирет кайталап баратты. "Балким, ал жашоодо бар болуп жүрбөсүн?" бул суроо аны уктатчудай эмес. Үйүнө барды да, дароо компьютерин жандырды. Социалдык тармактардан кыздын ысымын киргизип издеп көрдү. Мындай ысым менен 5-6 адам жүрөт. Айрымдары жашы өтүп калган, айрымдары болсо үй-бүлөлүү. Эң өкүнүчтүүсү, аны жүзүнөн да тааныбайт. Ал Эрланга эле көрүнөт эмеспи. Муну түшүнгөн кыздын шаабайы сууй түштү. Жөн гана интернетке кыздын ысымын дагы бир ирет издетти. Каракол шаарындагы кайсы бир шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмеси деп Садыровдордун үй-бүлөсү тизмектелип жүрөт.
"Садырова Айдай" андан ары туулган жылы, дареги жазылган. Элиза эмнегедир бул жазууларды окуп, жүрөгү элеп-желеп болуп кетти. Балким, барып сурап көрүш керек деди ал өзүнө-өзү. Эртең эле жолго чыгууга даяр эле. Бирок эртең маанилүү экзамен бар. Анын үстүнө Караколго барып келгидей акчасы да жок. 1-2 күндүн ичинде экзаменин да бүтүрүп, акча да таап анан барып келмек болду. Айдай аттуу анын агайына жабышкан илдеттин жандырмагын Караколдон таап алчудай өзүнчө кудуңдап алды.
Элиза өзү мерчемдегендей эле 2 күндөн кийин Караколго жөнөп кетти. Ата-энесине курбусу чакырганын шылтоолоп койду...
Кечке жуук ал Караколго кирип келди. Өзүнчө толкунданып алган. Даректи дароо эле тапты. Шаардын чет жакасындагы жер там экен. Үйдүн эскилиги жетип калыптыр, кыязы, курулганына көп жыл болгон окшойт. Элиза бир топко тайсалдап турду да, анан эскилиги жеткен дарбазаны какты.
– Ким?- эркек кишинин добушу угулду.
– Бул үй Садыровдордукубу?
– А сага ким керек?- дарбазаны орто жаштагы мас адам ачты.
– Мага Садырова Айдай керек эле.
– Ал жок.
– Cиз кимиси болосуз?
– Мен атасымын. Өгөй атасымын...
– А Айдай кайсы жакта?
– Билбейм. Чет өлкөдө болуш керек.
– Мен Айдайдын апасы менен сүйлөшө аламбы?
– Ал өлүп калган. Энеси өлгөндөн кийин тиги Айдай деген неме кетип калган. Иниси болсо Орусияда болуш керек.
– Айдай кайсы мамлекетте экенин билесизби? Австралияда эмеспи?
– Австралия беле, Англия беле? Айтор, ушул сыяктуу жакта. Ошол жакка күйөөгө тийген деп уккам. Аны эмне кылат элең?
Элиза сөз таппай тайсалдап калды.
– Мен анын курбусу болом. Чогуу окуганбыз. Бул жакка келип, аны эстеп кире кетейин дегем.
– Аа... Анда анын кайда экенин билбейт экенмин. Мен 4-5 жылдан бери жалгыз эле жашайм.
– Эми аны кантип табам?- Элиза өзүнчө сүйлөнүп алды.
– Ушул көчөнүн этегинде чоң апасы жашайт. Ошого барып көр, былтыр ошонукуна келип кетти деп айтып жүрүшөт...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
dina-85
2016-11-14 10:51:51
Туйундун бир учу чыккансыйтко,Эрлан агайдын суйуусу балким жашоодо чын эле бардыр
+3
asefsa
2016-11-14 11:30:45
Мумкун козу отуп кеткендир, денеси комулбой калса да жаны журо берет дейт ко кете албай.
+5
glaz_almaz
2016-11-14 12:10:55
asefsa, комада жатса керек.
+3
meni_kut
2016-11-14 13:20:46
glaz_almaz,мен да ошентип ойлоп атам
+1
yakutiya-Mirnyi
2016-11-14 14:36:17
учунчу биринчи деп жазганынар эмнени тушундурот???
+4
DGS_87
2016-11-14 22:56:17
yakutiya-Mirnyi,ким биринчи кирип окуса биринчи анан ары экинчи учунчу окудук дегендей да.
+2
taiir000
2016-11-14 23:20:39
yakutiya-Mirnyi,Акыркы ))))
-2
beki2001
2016-11-14 15:13:16
Дагы 1 жума эми кызып баштаганда
+2
insap
2016-11-14 15:46:20
Чындап еле кызыгууну арттыра баштады..
0
taiir000
2016-11-14 23:20:09
Акыркы ))))
0
Kadyrbek09.10.2015
2016-11-14 23:25:49
32 чи
0
Nazikbaigazy
2016-11-15 07:23:32
Кызыгы эми башталат окшойт
+1
Baatur7777
2016-11-15 16:04:52
Айдайы чын эле жашоодо бар окшойт деп ойлоп калдым
0
Perii90
2016-11-16 08:57:35
Балким бар болушу да мумкун
+1
manap90
2016-11-16 11:48:45
Тиги жиндилер Эрланды өлтүрүп койбосо болгону.
0
crazy.monya
2016-11-16 19:36:13
игры разума деген кино бар ошону корсонор шизофрения эмне экенин тушуносунор.
0
dinadeka6
2016-11-17 22:42:33
Dagy bir juma kutush kerek jumush kylyp charchagandan da kutup charchagan jaman
0
gulzada...ruslanova
2016-11-18 16:23:37
Эх мынча сооонун чыгарма
0
golyak
2016-11-19 09:40:04
Murda okubait bolchum, bugunku chygaryshyn achyp okup alyp kyzygyp kettim. Anan bashynan okup chyktym bir dem menen. Kitebin kaidan satyp alsam bolot? bilsener aityp koigulachy?
+1
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан