ДОНАЛЬД ТРАМП – АКШНЫН 45-ПРЕЗИДЕНТИ

8-ноябрь күнү Америка Кошмо Штаттарында 58-ирет президенттик шайлоо болуп өттү. Өлкөнүн Конституциясына ылайык президент үчүнчү ирет кайра шайланышы мүмкүн эмес, андыктан Барак Обама бул жарышка катышкан жок. Республикалык партиянын атынан Дональд Трамп, Демократиялык партиянын атынан Хиллари Клинтон жана башка талапкерлер президенттикке ат салышып, шайлоо 70 жаштагы Трамптын жеңиши менен аяктады.

КЫЯЛЫН АСКЕР АКАДЕМИЯСЫ ОҢДОГОН

"Мексика менен АКШнын чек арасына дубал куруу керек", "АКШга мусулмандардын кирүүсүнө тыюу салуу зарыл" деген ураандары менен белгилүү болгон Дональд Трамптын жеңишин көпчүлүк күткөн эмес. Бирок ал шайлоонун жыйынтыгында 29 штатта жеңүүчү аталып, дээрлик 57 миллионго жакын шайлоочунун добушуна ээ болду.
Трамптар үй-бүлөсүнүн Америкага келиши чоң атасы менен чоң апасына байланыштуу. Алар 1885-жылы Германиядан АКШга иммигрант катары келишкен. Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорк штатынын Куинс шаарында төрөлгөн.
Келечектеги президент жаштайынан шок болгонуна байланыштуу ата-энеси аны 13 жашында Нью-Йорк аскер академиясына жиберишкен. Өткөөл курактагы Трампка аталган академия таасир берип, окууда жана спортто ийгилик жарата баштаган.

МИЛЛИОНДОРДУ КӨЗДӨЙ МАНХЭТТЕНГЕ

Студенттик күндөрүн өзүнүн китебинде Дональд Трамп минтип эскерет:
"1964-жылы аскер академиясын бүткөндөн кийин киномектепке тапшырууну көздөдүм. Ойлонуп көрсөм, кыймылсыз мүлк менен иштөө алда канча кирешелүү бизнес экен, андыктан колледжде окууну чечтим. Бирок 2 жыл колледжде окуганым текке кеткенин сезип, Пенсильвания университетинин Уортон бизнес мектебине тапшырдым. Ал мектепти бүткөнүмө абдан сүйүнүп, дароо атамдын курулуш тармагындагы бизнесинде иштеп баштагам".
Алгачкы миллиондорун келечектеги бизнесмен дал ушул атасынын кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү мекемесинде иштеп жүрүп табат. Ийгиликтин сырын билип алган Дональд 1971-жылдан тарта Манхэттенге көчүп келип, кыймылсыз мүлктөр менен иштөөсүн улантат.

КУРУУЧУ МАГНАТ

Тили менен буудай кууруган Дональд Трамп Манхэттендин "чаңын сапырат". Ал Нью-Йорктун эң беделдүү аймагындагы бош жерлерге инвесторлордун, насыялардын жардамы менен имараттарды куруп атагы чыгат.
"Trump Organization" мекемеси бир канча бийик имараттарды, казинолорду курат. Канында немистердин тактыгы бар Трампта ар бир долбоорду өзү дыкаттык менен иликтеп, өзү башкарып турган адаты калыптанган.
Ири суммалар менен иштеп көнгөн Дональдга 1989-жылкы өлкөдөгү финансылык каатчылык таасир тийгизбей койгон эмес. Мунун жыйынтыгында Трамп банктардан алган насыяларын төлөй албай, миллиарддап карызга батат. Дээрлик 10 жыл убакыт ичинде "жеңишке жетмейинче күрөшүү керек" деген стратегияны колдонгон куруучу магнат бардык карыздарынан кутулуу менен бирге өзүнүн миллиарддарын табууга үлгүргөн. Байлардын психологиясын мыкты билген ишкер АКШнын бир канча штаттарында жана Сеул, Дубай, Баку сыяктуу шаарларда "Trump" бренди менен бийик имараттарды курган. Ошондой эле медиа, казино, мейманкана, сулуулар сынагы, спорт жана башка тармактарда иш жүргүзүп келет. "Forbes" журналынын версиясы боюнча анын байлыгы 4,5 миллиард доллар. АКШдагы эң бай адамдардын катарында 113-орунда турса, дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 324-орунда.

ТИЛДИН УЗУНДУГУ МЕНЕН ӨЛЧӨНГӨН ЖЕҢИШ

2015-жылы 16-июнда мультимиллиардер Дональд Трамп президенттикке ат салыша тургандыгын билдирген. Ал Республикалык партиянын атынан "Американын улуулугун кайтарабыз" деген лозунг менен чыккан. Серепчилер АКШнын 45-президенти кызуу кандуулугуна алдырып ашыкча сүйлөп жибергени эле болбосо, мыкты менеджерлик сапатка ээ экендигин белгилешкен. Ал эми беделдүү басылмалар талапкер Дональд Трамптын мүмкүнчүлүгү тилинин узундугу менен өлчөнөт деп жазып чыгышкан.
Трамп канчалык мыкты ишкер экендигин көпчүлүк билишет. Коомчулукта Дональд Трамп ачык сүйлөгөн, экстраваганттуу жана өтө бай адам катары кабыл алынып калган. Эми андан кандай президент чыгарын жакынкы 4 жыл көргөзөт. Шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө 2016-жылдын 19-декабрында чыгат. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 2017-жылдын 20-январында өтөт.

"Мени шайласаңар, бардык президенттердин арасынан эң улуусу болом". (Шайлоо алдында сүйлөгөнүнөн).


Трамп 3 жолу үйлөнгөн. Ивана Зельничковадан 3 баласы, Марла Мейплздан 1 кызы жана учурдагы жубайы Меланье Кнавстан уулу бар. Ошондой эле анын 8 небереси бар экени белгилүү. (Сүрөттө учурдагы үй-бүлөсү).


Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан