“Супердин” тандоосу
Өткөн сандарыбыздын биринде сексуалдуу мырзалардын көч башындагыларын сунуштаган элек. Баарыбыз баамдагандай, алдыңкы орунду саясатчы-бизнесмен Өмүрбек Бабанов ээлеген. Бул жолу www.super.kg сайтында сексуалдууларды аныктоо боюнча добуш берүүдө эмнегедир саясатчы айымдарыбыз артта калып, ырчылар алдыга озуп кетишти.
1. АНЖЕЛИКА ырчы, 21 жашта.
Колуңа лупа алып издесең да, бул кыздын келбетинен кемчилик таппайсың. Төгөрөгү төп келген Анжелика айым былтыркы добуш берүүдө да алдыңкы орунду эч кимге берген эмес. Турмушка чыгып, бир кыздын энеси болгонуна карабай “масло” бойдон. Бул да болсо Анжеликанын жаштыгын, табият берген сулуулугун туура пайдаланып, күйөрмандарынын жүрөгүн багындыра билгенинде болушу керек.
2. КУНДУЗ КАНАТБЕК кызы ырчы, 23 жашта.
Мырзалардын шилекейин агызган Кундузду баары билсе керек. Өзүн “Шахзодадан да сулуумун” деп эсептеген ырчынын машинадан машина алмаштырып тээп, ити чөп жеп турган кези. Кундуздун сулуулугуна арбалган күйөрмандар үчүн анын чыгармачылыкта жараткан ийгилиги эмес, сулуу жүзү кубандырат окшойт. Эмнеси болсо да Кундуздун кериле, шашпай сүйлөгөнүнө чыдай алган мырзалар бул селкибиздин жан шериги боло аларын айта кетели.
3. ЭЛИНА АБАЙ кызы актриса, бийчи, 19 жашта.
“Боз салкында” оозуна тамеки тиштеген секелек кыз бир жылдан соң эле солкулдаган селкиге айланып, жигиттерди суктандырып чыга келди. Таланттуу кызыбызды бир топ эле кинолордон көрүп жүрөбүз. Мурда “Жаш кыял” элдик бий ансамблинде бийлесе, учурда “Версус” бий тобунун мүчөсү. Мындай сулуу кыздарга көз арткандар көп болот эмеспи. Ылайым эле сулуулуктун курманы болбой, чыгармачылыкта да, жеке жашоодо да өз ордун тапкан айым болсо экен деп тилейбиз.
4. АЙПЕРИ КУБИК кызы ырчы, 18 жашта.
Узун бойлуу, терең ойлуу, айдай сулуу Айпери бул сынакта Жаным Айзат менен бирдей болуп калды. Быйыл “Супердин” “Сахна ажары” наамын жеңип алган Айперини сексуалдуу деп санаган жигиттер арбын. Калык атанын небересине узун көйнөк кийсе да, шым кийип шымаланып алса да жарашат.
5. ЖАНЫМ АЙЗАТ ырчы, 18 жашта.
Жаным Айзаттын жаны болууну каалаган мырзалар тынбай добуш берип жатып, ырчыны 5-орунга жеткизишти көрүнөт. Айзаттын кара кашы, кундуз чачы, жарашыктуу кийими, орду менен сүйлөгөнү “илибой” жигитке сексуалдуу көрүнөт да.
6. БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА ырчы, 25 жашта.
Бир кезде таш ыргытсаң эле Бактыгүлдү сүйгөн жигиттин башына тийчү. Айтайын дегеним, Бактыгүл үчүн жанын берчү жигиттер көп эле. Ырчы кыз жигит тапканынан уламбы же чет жакка көп чыкканында бир мандем бар дедиби, айтор, мырзалардын саны солгундай түшкөнсүдү. Эмнеси болсо да Бактыгүлдүн сулуу, анан да сексуалдуу экендигинде шек жок.
7. АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА ырчы, 28 жашта.
Учурда кызы Жыпардын жытына мас болуп турган Айжамал жакын арада экинчи наристесинин жытын искөө алдында турат. Буга карабай бопбойдок Элизадан озуп кеткенине жол болсун. Сыягы, Айжамалдын шаңшыган үнү, шыңгыр күлкүсү дагы деле жигиттердин жүрөгүндө сакталуу окшойт. “Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт” деген ушул да.
8. ЭЛИЗА КЕНЕНБАЕВА ди-джей, 23 жашта.
Радиодо сексуалдуу үнү менен белгилүү болгон Элизаны угармандар мыкты билсе керек. Кесиби боюнча Германияга чейин барып тажрыйба топтоп келген бул кызыбыз кыйын. Радиону дайыма тыңдаган мырзалар Элиза эфирге чыкканда абайлабаса ди-джейдин үнүнө эрип кетип ит болбосо болгону. Андыктан жүрөгү бош Элизкабыздын өңүн көрбөй туруп үнүнө арбалгандар четтен табылат.
9. ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА ырчы, 32 жашта.
Кыргыз жигиттерин куру калтырып, азербайжан жигиттин ашыгы болгон Гүлзинаттын жашы бир топту чапчыганы менен 18 жаштагыдай мөлтүрөйт. Анан кантип мырзалардын көңүлү бул кызыбызга бурулбасын? Гүлзинаттын сулуулугуна, карагаттай көздөрүнө жигиттер эле эмес, мырзалар да чөгүп кетчүдөй. Анан, албетте, ырчы кызыбыз сексуалдуулардын катарын толуктайт да.
10. ДИНАРА МОЛДОШЕВА ЖКнын депутаты, 31 жашта.
Жаштыгына карабай Жогорку Кеңештин депутаты аталган Динара айымга көз арткан мырзалар көп. Олуттуу кийинип, олуттуу сүйлөгөн депутат кызыбыз бир топ эле сексуалдуу. Андай болбосо ачык-чачык кийинип, мырзаларды өзүнө тарткан кыздарды артка таштап, сексуалдуу айымдардын алдыңкы катарын толуктоо оңой эместир.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg