ТУЗ МЕНЕН РОМАШКА ГАЙМОРИТТИН ЖАНА РИНИТТИН АЛДЫН АЛАТ

Ириң чимкиртип кыйнаган гаймориттин жана мурундан суу агызган риниттин алдын алууга, ал тургай жаңы башталганын үй шартында токтотууга болот. Бул үчүн эмнелер керектигин Бишкектеги №19-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун отоларинголог врачы Динара Узакбаева баяндайт.

ГАЙМОРИТ (СИНУСИТ)

Гайморит – бул мурун жанындагы гаймор көңдөйлөрүнүн биринин же экөөнүн тең сезгениши. Сезгенгенде мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет да, былжыр сыртка чыкпай, гаймор көңдөйчөсүнө топтолот. Топтолгон массада бактериялар же вирустар көбөйүп, сезгенүүнү жаратып, ириңдейт.
Келип чыгуу себептери. Үстүнкү азуу тиштердин түптөрүнүн оорушу, сасык тумоо, ринит, суукка урунуу.
Дарылабаса... Менингит, кызыл жүгүрүк, ангина, бронхит сыяктуу оорулар жаралат.

РИНИТ

Ринит (насморк) – мурундун былжыр кабыкчасынын сезгенүүсү. Бир нече түрү бар.
Вирустуу ринит. Себепкери – вирус, бактерия, грибок. Организм катуу үшүп калганда анын коргоо механизми төмөндөйт да, мурундагы вирус, бактериялар көбөйүп, сезгенүүнү жаратат. Мурундан суу, чимкирик көп агат. Дарылабаса гайморит, ортоңку кулактын отити, фарингит, бронхит жаралат.
Аллергиялык ринит. Өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан, мурунга аллергендин кирип кетүүсүнөн (мисалы, жаныбардын жүнү) болот. Дарылабаса гайморит, бронхиалдык астмага өтөт.
Муздак абадан жаралчу ринит. Суукка чыкканыбызда мурдубуз биз дем алган муздак абаны жылытуу үчүн былжырды көп чыгара баштайт. Ошондуктан мурундан суу агат. Сууктан ысыкка киргенде да мурундан суу куюлат. Кыскасы, бул процесстер "суукка аллергия" деп эсептелет. Ысыкта бир топ отурганда өтүп кетет. Бирок суукта дамамат көп жүргөндө гайморитке, полипке айлануусу мүмкүн.

ГАЙМОРИТТИН ЖАНА РИНИТТИН АЛДЫН АЛУУ

1.Мурунду жууп, тазалап туруу
Төмөндөгү каражаттар оорулардын алдын алып жана гайморит менен ринитте сезгенүүдөн улам көөп кеткен мурун былжырын калыпка келтирип, тез айыгууга жардам берет.

  • Дарыканаларда сатылуучу деңиз тузунун даяр эритмелери: аква марис, салин, долфин, диоксидин, мирамистин
  • Туз (деңиз, аш тузу же кочкор тузу). 200 грамм жылуу сууга 1 чай кашык туздун үчтөн бир бөлүгүн салып.
  • Ашкана содасы. 200 грамм жылуу сууга жарым чай кашык сода салынат.
  • Дары чөптөр (бака жалбырак, шалфей, ромашка, кырк муун, эмен кабыгы, ит уйгак) кайнатмасы. Кайсынысы болсо да 1 чай кашык алып, аны 0,5 литр сууга кайнатып, сүзүп, жылуу кезинде мурунду жуу кажет.

Жуу ыкмасы

  • Дары чөптөрдүн кайнатмасын куюу үчүн керектелет: жала-нети (атайын чайнек) же шприц (ийнесин алып салып).
  • Башты оң жакка чалкалатып сол таноого дарыны куйсаңыз, дары оң таноодон агат (туура жасалганда). Анан чимкирип, берки танооңузду ушундай эле жол менен жууйсуз.
  • Аллергия жаратар же жаратпасын билүү үчүн кайсынысы болсо да алгач кичине гана колдонуп көрүңүз.
  • Дары чөптөр кайнатмасы
    1 күндө 2-3 маал колдонулат. Даяр эритмелерди көрсөтмөсүнө карап пайдаланыңыз.

2. Гайморит жаралбашы үчүн үстүнкү тиштер ооруганда сөзсүз дарылатуу


3. Бутту жылуулоо
Суукта бутка дары чөптүн (ромашка, ит уйгак жана башка) кайнатмасынан ванна жасап, жүн байпак кийүү зарыл.


4. Компресс
Риниттин жаңы башталышында мурун кайкысына (переносица) жылуу компресс (ысытылган туз, сууга бышкан жумуртка) басса болот.


5. Суукта башты жууп, сыртка чыкпоо


6. Иммунитетти көтөрүү
Бул үчүн витаминдүү тамак-ашты көп жеш (айрыкча сарымсак, бал, лимон, жашылча салаты), активдүү жашоо образы сунушталат.


7. Дарылык укалоо

Сөөмөйдүн учу менен беттеги көрсөтүлгөн чекиттерди басып, 1 күндө 3-5 ирет 5 мүнөттөн укалоо керек.

Эскертүү: укалоо дене табы көтөрүлгөндө колдонулбайт!

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
moldobaev.zamir
2016-11-14 09:19:14
Жакшы кенештер экен,чон рахмат
+4
kaya89
2016-11-14 12:31:25
жаш балдардын мурун агуусун кантип токтотсо болот жана кандай дары дармектерди колдонсо болот
0
Azita
2016-11-14 15:04:37
kaya89,жаш балдарга даары дармек колдон келсе колдонбой койгон он.Кунуно туздуу суу(кайнаган 1 литр сууга 1 чай кашык туз) менен 4-5 маал жууп,кайра кайра чимкиртип туруш керек,бала оозу менен емес мурду менен дем алуусуна конул буруу керек.Мурду бутолгондо гана ача турган спрей же тамчылатма классический преп куюп туруш керек озгочо тамак ичуу алдында
0
kaya89
2016-11-14 18:07:06
Azita,рахмат айткан кенешинерди аткарып короюнчу баламдын мурду агып токтобос болду жайы деле кузу кышы деле агып турат тынбай
0
Azita
2016-11-14 15:14:32
kaya89,уктаарда.Анан дагы суюктукту коп беруу керек(50-60 мл/кг/суткасына) ичбесе,тамчылатып кую керек оозуна.Уйду 18 градуска тушуруп,увлажнительди сайып.Боолду озу менен озу кетет 2 жума ичинде.
0
dindilin
2016-11-14 14:22:06
Жаш балдарга кам коруу боюнча жазсанар жакшы болмок. Чон киши андан мындан болуп айыгат. Чесноктук согун куйса дагы. Балдар айыкканча кыйналат дары ичпей ж.б.у.с.
0
lazygirl
2016-11-14 15:39:48
Аябай керек болуп аткан. Ыраазычылык.
+2
Azizbek010
2016-11-14 20:36:54
Мен куткон маалымат болду. Чоон рахмаат
0
Salman.eldar
2016-11-15 22:35:40
Биз мындай процедураларды жасагандан зээригебиз, эмне болсо сразу оной эле антибиотик иче калабыз
0
Birimdik5555
2016-11-19 23:40:52
Жакшы экен
0
Davlatov596
2016-11-20 17:31:33
Жакшы пайдалуу кенеш экен
0
Amanel
2016-11-20 22:24:03
Мен гайморит болгом анан дарыландым Бирок дагыле мурун бутот жатканда,башында сасык жытанып жургон азыр жытанбайт даарылагандан сон, ошол учун дагы эмне кылышым Керек же калдыктары калганбы
0
Amanel
2016-12-25 14:25:20
Азыр бак жалбырак деген чоптор жокда анда кантип дарылайбыз же туз жана соода экону салып деле чайкасак боло береби Динара эже анан дагы ушуларга тушунбодум ушуларды да даарыканадан алып кошобузбу Дарыканаларда сатылуучу деңиз тузунун даяр эритмелери: аква марис, салин, долфин, диоксидин, мирамистин кененирек кантип тушунсо болот бизге тушундуруп береласбы Динара эже биз чет жакта эмгектенебиз биздин Ватсап +7925 553 60 87 Аманель
0
Amanel
2016-12-25 14:28:48
Админ эмнеге Динара эже жооп бербейт
0
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан