Тамашоучу, «No name» командасынын бир кездеги капитаны, актёр Эмил Токтошев экинчи ирет уулдуу болду. 7-ноябрда жарык дүйнөгө келген наристенин салмагы 3,5 килограмм. Учурда эне-баланын абалы жакшы экендигин кабарлаган Эмил: "Тун уулум 2 жашка чыгып калды, экинчи ирет балалуу болгондо башкача сезимдер болот экен. 10 чакты өзүмө жаккан аттарды иргеп койдум, эми ошолордун бирин тандап, ысымын өзүм коём",- дейт. Наристенин өмүрү узун, ден соолугу чың болсун!