«Тату» тобунун мурунку продюсери Иван Шаповалов Каныкейди жаңы долбоорго чакырды. Аталган долбоордун костюмдар боюнча көркөм жетекчиси, белгилүү дизайнер Кирилл Минцев бул тууралуу кеңири маалымат камтыган видеоблог тартып, интернет булактарына жүктөдү. Каныкейге кайрылганыбызда: "Ооба, якутиялык өзгөчө талант Юлияна Кривошапкина экөөбүздү жаңы долбоор менен орусиялык белгилүү продюсер Иван Шаповалов чакырды. Сентябрь айында өткөн II дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында продюсер жергебизге келип, көп ырчыларды ырдатып көргөн экен. "Каныкей деген ырчы бар. Аны да угуп көрбөйсүңбү?" деп ырларымды угузушуптур. Жыйынтыгында продюсер менин үнүмдү жактырып, сунуш жөнөттү. Жакында эле алгачкы үн жаздыруу иштери боюнча Москва шаарына барып келдим. Буюрса, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, чыгармачылыгымды Орусиядан баштагым келет",- дейт.