ТАЙМ-МЕНЕДЖМЕНТ: УБАКТЫҢДЫ ТУУРА БӨЛҮШТҮРҮҮНҮ ҮЙРӨН

Сааттын жебеси бардык жерде бирдей айланат. Эч убакта күчтүүлөрдүн, байлардын убактысы карапайым элдикинен көп болбойт. Адистердин айтымында, шашып жүрүү, белгиленген убакытта ишин бүтпөй калуу адамды депрессияга алып келет. Ал эми убакытты туура пайдалануу ийгиликке жетелейт.

1. АТКАРА ТУРГАН ИШТЕРДИ АЛДЫН АЛА ПЛАНДА

Жумуштарды маанилүү, өтө деле маанилүү эмес деп топторго бөлүп ал. Мүмкүн болсо маанилүү иштерди түшкө чейинки убакытка жылдыр. Анткени эртең менен адамда энергия мол болот. Ар бир жасай турган ишиңе конкреттүү бир убакытты белгилөөнү унутпа.

2. УБАКЫТТЫ УТТУРА ТУРГАН НЕРСЕЛЕРДЕН КАЧ

Учурда көпчүлүктүн интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал жакта азгырма нерселер көп экени баарыбызга маалым. Андыктан бул нерсеге чек коё бил. Бир сайттан экинчисине өтүп "саякаттоодон" кач. Билинбегени менен бул нерсе көп убакытты алат.

3. КАЛЕНДАРЬ АР ДАЙЫМ ЖАНЫҢДА БОЛСУН

Календарга маанилүү даталарды белгилеп, көрүнүктүү жерге илип кой. Маселен, туулган күндөр, мааракелер. Белгиленген нерсени күн сайын көрүп турсаң, ага убакыт табууга аракет кыласың. Кийин убагы келгенде алапайыңды таппай шашып калбайсың.

4. БҮГҮНКҮНҮ ЭРТЕҢКИГЕ КАЛТЫРБА

Бүгүнкү 1 саатың эртеңки 2 саатыңа тете экенин эсиңе түй. Анткени күнүмдүк жашоодо бул өтө маанилүү. Бүгүн аткара турган ишти эртеңкиге калтырсаң, кийинки күнгө ашыкча жүк кошулат. Жумуштун көптүгүн билген мээ өзүнөн-өзү чарчайт.

5. ТЫКАН, ЖЫЙНАКТУУ БОЛ

Чынында бардык буюмдарың тыкан, өз-өз ордунда турса, издеп убакыт коротпойсуң, тынчсызданып бушайман болбойсуң. Колдон келсе алган нерсеңди дароо ордуна коюп, тыкан болууну адатка айлант. Бардык нерсеңди тыкан кармасаң, жашооң да бир топ жеңилдейт.

6. ДЕН СООЛУГУҢА КАМ КӨР

Өзүңдү жаман сезип, чарчап-чаалыгып турсаң сөзсүз эс ал. Буга маани бербей иштөөнү уланта берсең "уйдан же уй байлаган жиптен жок" абалга келип калышың ыктымал. Анткени чарчап турганда жасаган жумушуң талапка жооп бербейт. Ушинтип жүрө берсең чарчоо өнөкөткө айланат.

7. КӨҢҮЛҮҢӨ ЖАКПАГАН ЖУМУШТУ ЖАСАБАЙ ЭЛЕ КОЙ

Моюнунан байлаган иттей болуп өзүңө жакпаган жумушту ыкшоо тартып жасабай эле койгонуң туура. Биринчиден убактың текке кетет, экинчиден жагымсыз иштен нервиң чыңалат, үчүнчүдөн жумуш ойдогудай жасалбайт.

8. «ЖОК» ДЕП АЙТКАНДЫ ҮЙРӨН

Кыргызда эмне көп? Той, аш. Убакытты үнөмдөп, керектүү учурларга гана пайдалангың келсе, «жок» сөзүн айтканга үйрөн. Бул сөздү айтуу менен жакындардын, тааныштардын көңүлүн оорутуп алам десең, алгач «жок» деп айтып туруп, анан себептерин түшүндүр.

9. ЖАРДАМГА ЧАКЫР

Бир топ ишти бир убакта башыңа үйүп алба. "Бир баш жакшы, эки баш андан артык" дегендей, эгер өзүңдүн күчүң же убактың жетишпей бара жатса жакындарыңды жардамга чакыруудан тартынба. Өз убагында бүткөн иштин жемиши жакшы болорун эске ал.

10. ЭРТЕРЭЭК ЖАТУУГА АРАКЕТТЕН

Адам күч топтошу, эмоциялык абалынын жакшырышы, мээси жакшы иштеши үчүн уйкусун кандыруусу керек. Бул нерсе пландалган жумуштарды чарчабай бүтүрүүгө өбөлгө түзөт. Уйкуга жетиштүү убакыт бөлсөк, үйрөнүү жөндөмүбүз да жакшырат.


Кийинки сандарыбызда үй кожойкелерине убакытты туура бөлүштүрүүнүн жолдорун үйрөтөбүз.

Супердин сурак бурчу

Күнүмдүк убактыңызды кантип бөлүштүрөсүз?

Эмил Уметалиев, «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти:

– Мен үчүн коомдук милдет приоритет, коомдук иштерге катышканга аракет кылам. Ал эми экинчи орунда бизнес менен үй-бүлө орун алмашып турушат. Окуу, маалыматка сугарылуу, дүйнө таануу ошол эле алдыңкы орунда.

Уулай Токтобаева, студент:

– Студентмин, андыктан планымдын көпчүлүк бөлүгүн билим алуу түзөт. Мындан сырткары күнүнө эки саат убактымды эжеме кол кабыш кылууга, 1 саатты социалдык тармактарда отурууга жумшайм. Ал эми дем алыш күндөрүн шаар кыдырганга, достор менен убакыт өткөрүүгө арнайм.

Дайыр Исмадияров, ырчы:

– Дайыма жатарда эртеңкиге план түзөм. Жумушума байланыштуу убактымдын көпчүлүк бөлүгү той, концерт, интервью, эфир, съёмкаларга кетет. Ар бирин убакыт-саатына чейин календарга белгилейм. Ал эми ошолордон арткан бөлүктү, "окошканы" үй-бүлөмө, жакындарыма жана өзүмө арнайм.

Чынара Бурканова, ишкер:

– Мен буга чейин эки балам менен үйдө отурчумун. Чынында көп нерсеге жетишчү эмесмин. Жаңыдан ишкерликке аралашканыма байланыштуу атайын курстарга катышып, убакытты туура пайдалануу боюнча сабак алдым. Аны практикамда колдонуп жатам, жыйынтыгы жакшы болууда.

Жаныбек Туганбаев, фермер:

– Атайын өзүм үчүн иш тартибин түзбөйм. Анткен менен балдарымдын ар бирине күн тартибин түзүп бергем. Сабактан келгенде мынча саат ойнойсуңар, мынча убакыт үй иштерине жардам бересиңер деп. Ал тургай интернетке кирүүсүнө да чек коюлган.

Насипкан Жекшеналиева, социалдык кызматкер:

– Атайын график түзүп убактымды бөлүштүрбөйм деле. Жөн гана эртең бул иштерди жасашым керек дейм. Шартка жараша ал нерсе жасалса жасалат, жасалбаса калат. Күнүмдүк жашоо өз нугунда өтүп жатат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
gulzar_gulu
2016-11-14 10:19:19
Азыр баары бир күнүнүн жок эле дегенде 5 саатын соц.тармактарга жумшайт. Билинбегени менен соц.тармактардан утулабыз убакыт боюнча.
+10
elmurat.kg
2016-11-14 20:47:47
азыркы убакта 60жылдын 20мин жылын уктоого арнасак Ошондо интернетке 2-9жылын арнап коёт экенбиз.Бирок онуккон мамлекеттерде адамдар режим кылып алышкан
+2
Jumabek91
2016-11-14 23:06:45
Жакшы кенештер бар экен. Убакытты уномдоого аракет кылыш керек. Азыркы заманда коп эле убакытын интернетке кетип калат чындыгында
+3
Mirzohidjon
2016-11-16 15:06:41
Мен убактымды: Саат 6да туруп физзарядка жасап стадионду 2 круг айланып келем, 8.30га чейин тамактанып машинем менен жумушка жонойм. Жумушта кол алдымдагы кызматкерлерге кыла турган иштерин саат 11ге чейин дайындап, о.э. аткарган жумуштарынын ркзультатын карап чыгам. 13.00до тушку тамакка ишкананын жеке заманбап ашканасына барып ал жерде 1 саат тамактанам. Туштон кийин клиенттер менен ар кандай маселелер боюнча акылдашам. Жумушту саат 18.00 до бутуруп уйго барып эс алам. Бойдок болгондуктан кээд
-4
u.n.m
2016-11-18 01:28:35
Mirzohidjon,бойдокмун, кыз издейм деп эле айтпайсынбы
+3
Asalim-99
2016-11-20 16:23:32
Mirzohidjon,жаа мактаныптырсыз го;-)
0
Alinur.Jumagul
2016-11-19 21:32:32
Соонун кенеш экен.
0
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан