2016-жылы өлкөдөгү орточо АЙЛЫК АКЫ 13 996 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова унаадан ТАШТАНДЫ ыргыткандарга жана таштандыны туш келди таштагандарга айып пулду 10 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо.
2016-2018-жылдар ичинде Кыргыз өлкөсүнүн калкынын 31 пайызы ЖАКЫРЧЫЛЫКТА жашайт. Мындай божомолду Дүйнөлүк банк маалымдады.
ТҮРКИЯДА кыргыз диаспорасы жабылды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги себептери такталып жатканын билдирди.
Экс-президент КУРМАНБЕК БАКИЕВ Беларуста 1 миллиард доллар турган өнөр жай заводун курганы жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын сурамжылоосуна ылайык, калктын 20 пайызы КОНСТИТУЦИЯ өзгөртүлүп жатканын билишет, 33 пайызы такыр кабарсыз, 47 пайызы бул тууралуу угушканы менен, так маалыматтары жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.